Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:03

Жакынкы Чыгышта жаңы вирус кооптондурууда


Жакынкы Чыгышта каргашалуу жаңы вирустун эпидемиясы Мекеге ажылыкка бара тургандарга коркунуч келтирет деген кооптонуу пайда болду. Бирок азырынча эксперттер адаттагы алдын алуу чаралары жетиштүү экендигин айтышууда.

Мекеге ажылыкты уюштурган айрым топтордун арасында Жакынкы Чыгышта чыккан жаңы вирустун эпидемиясынан улам тынчсыздануу күч алууда.

Британиялык ажылардын биримдиги ажылыкка аттанчуларга түшүндүрмө берген уюм болуп саналат. Бермингем шаарында жайгашкан бул биримдик октябрга белгиленген Меке сапарына карата атайын чара көрүүгө чакырууда.

Уюмдун баш катчысы Халид Первез мындай дейт:

– Иммунитети төмөндөргө быйыл ажылыкка барбай эле койгула деп кеңеш беребиз. Калгандарга жолго чыгардан мурда дарыгерлерине барып жолугууну сунуш этебиз. Биз ошондой эле Сауд Арабияга баргандан кийин идиш-аягын эч кимге бербей, эл арасында жүргөндө жөтөлбөөгө кеңеш берип жатабыз.

Мерс-КоВ деп аталган вирус былтыр жыл этегинде пайда болгон эле. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эсебинде, вирус марттын аягына чейин 50дөн ашык кишинин өмүрүн алды. Апта соңунда маалымат каражаттары Италияда дагы жаңы оорулар катталгандыгын жазышты. Ал эми өлгөндөрдүн саны жарымынан ашты.

Бул мындан 10 жыл мурда Түштүк-Чыгыш Азияда чыккан САРС эпидемиясына салыштырмалуу жогорку көрсөткүч болуп саналат. 2003-жылы САРСтан 775тен ашык киши каза тапкан. Бул вирусту жуктургандардын 10 пайыздан азына туура келет.

Ал эми кишини муунтуп өлтүрүүчү МЕРС-КоВдун курмандыктары 50 пайыздан ашты. Ошого карабастан, адистер адаттагы эле алдын алуу чаралары керектигин айтышууда.

Британиядагы Рединг университетинин вирусология профессору Иан Жоунс түшүндүргөндөй, азыркы эпидемияда киши көп топтолгон жерде көрүлүүчү чаралар жетиштүү. Мисалы, тамак-ашты тандап жеп, тазалыкты сакташ зарыл.

Азырынча негизинен Сауд Арабияда гана оору жуктургандар аз санда катталды. Буга караганда азыркы вирус САРСка караганда адамга оңой менен өтпөйт.

Лондондогу Куин Мэри коллежинин профессору Жонн Оксфорд белгилегендей, бул вирус былтыр октябрдагы ажылыкка чейин эле пайда болгон, бирок ал жолу Мекеде көп деле киши вирусту жуктурган эмес.

Азырынча бул вирустун кайдан келип, адамга кандайча жугат, адамдар арасында кайсы жол менен тараары да белгисиз.

Адистердин болжолунда, МЕРС-КоВ Жакынкы Чыгышта кездешүүчү жарганатта кездешет. Жаныбарларда адатта вирустан зыян жок, бирок адамдарга коркунуч келтирет.

Вирус жарганат чаккан эчки, төөнүн этин жеген адамга өтүшү мүмкүн. Британия менен Францияда вирусту жуктурган эки адам азыр ооруканада. Германияда да бир киши катталды. Үчөө тең Жакынкы Чыгышка барып келгендер.

Эпидемиянын чордону Сауд Арабия деп саналат. Мындан тышкары Иордания, Катар, Тунис, Бириккен Араб Эмираттарында оорулар катталды. Италиянын Флоренция шаарындагы мейманканада иштеген иордан жарандын баласы жана бир кесиптеши азыр ооруканада.

Мекеге эки миллиондон ашык киши, анын ичинде беш миңдей кыргызстандык жыл сайын ажылыкка барат.

XS
SM
MD
LG