Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:54

Ирандык режиссердун экинчи "Оскары"


Ануше Ансари режиссер Асгар Фархадинин атынан сыйлык алууда
Ануше Ансари режиссер Асгар Фархадинин атынан сыйлык алууда

27-февралга караган түнү Лос Анжелесте “Оскар” сыйлыгы тапшырылды.

Ирандык режиссер Асгар Фархадинин “Соодагер” фильми “чет тилиндеги мыкты тасма” деп табылды.

“Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземинде “мыкты тасма” номинациясы боюнча жеңүүчү деп Дэмьен Шазеллдин “Ла-Ла Ленд” тасмасы жарыяланган. Бирок фильмдин жаратуучулары сахнага көтөрүлүп, ыраазычылыгын билдире баштаганда уюштуруучулар аларды токтотуп, адашып калышканын, жеңүүчү «Айдын жарыгы» тасмасы экенин айтышты:

Jordan Horowitz сахнада жаңылыш болгонун айтып, кечирим сурап жатат.
Jordan Horowitz сахнада жаңылыш болгонун айтып, кечирим сурап жатат.

- Кечирим сурайбыз. Мыкты тасма деп “Айдын жарыгы” табылды. Бул тамаша эмес. “Айдын жарыгы” жеңди.

Жеңүүчүнү жарыялап жаткан актер Уоррен Битти анын колуна жаңылыш конверт тийгенин мындайча түшүндүрүп берди:

- Мен эмне болгонун айтып берейин. Мен конвертти ачканда эле “Эмма Стоун. Ла-Ла Ленд” деп жазылып туруптур. Мен ошон үчүн Фэйди көпкө карап калдым.

"Айдын жарыгы" тасмасын жаратуучулар сыйлыгы менен
"Айдын жарыгы" тасмасын жаратуучулар сыйлыгы менен

​Барри Женкинстин мыкты деп табылган «Айдын жарыгы» тасмасында Майаминин ынды каралар жашаган кембагал маалесинде чоңойгон өспүрүм баланын түрткүндү жашоосу баяндалат. Бул тасма баш байгеден сырткары “экинчи ролдогу мыкты актер” (Махершала Али) жана “мыкты ылайыкташтырылган сценарий” (Барри Женкинс, Тарелл Элвин МакКрейни) номинациялары боюнча да сыйлыктарды жеңип алды.

Сыйлык тапшыруу аземинде АКШ президенти Дональд Трампка сын сөздөр айтылды.

“Чет тилиндеги мыкты тасма” сыйлыгын жеңип алган иран режиссеру Асгар Фархади Трамптын иммиграциялык саясатына нааразылыгын билдирип, салтанатка келбегендиктен анын кайрылуусун сахнадан теги ирандык америкалык астронавт Ануше Ансари окуп берди:

"Бул кечте сиздер менен болбогонум үчүн кечирим сурайм. Мен салтанатка катышсам өз өлкөмдүн жана дагы алты мамлекеттин иммигранттарына АКШга кирүүгө чек койгон адамгерчиликсиз мыйзамына туш болгондорду сыйлабагандай болмокмун. Дүйнөнү “биздикилер” менен “душмандарга” бөлүү - коркунуч жаратуу, агрессия менен согушту жалган актоо.

Буга чейин аталган чектөөнү АКШ Федералдык соту токтоткону менен, Трамп жаңы мыйзам даярдап жатканын билдирген.

Асгар Фархадинин “Соодагер” тасмасында зомбулук көргөн аял жана анын күйөөсүнүн жашоосу сүрөттөлөт. Бул Фархадинин экинчи "Оскары". 2012-жылы анын "Надер жана Симиндин ажырашуусу" тасмасы да "мыкты чет элдик фильм" деп табылган.

Режиссерду жеңиши менен Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф куттуктап, аны колдой турганын Твиттердеги баракчасында билдирди. Ошондой эле “мыкты кыска даректүү тасма” наамын жеңип алган "Ак туулга" тасмасынын режиссеру Орландо фон Айнсидел сыйлыкты алып жатып, көрүүчүлөрдү Сириядагы согуштун токтошуна тилектештигин көрсөтүп, ордунан туруп коюуну өтүндү. Буга чейин маалымат каражаттары бул тасманын сириялык операторуна АКШга кирүүгө тыюу салынганын жазып чыгышкан.

Ошентип “Оскардын” 14 номинациясына талапкер болуп жаткан "Ла-Ла Ленд" алты сыйлык алды. Тасма “мыкты режиссер” (Дэмьен Шазелл), “мыкты актриса” (Эмма Стоун), “мыкты музыка” (Жастин Гурвиц), “мыкты оператор” (Линус Сандгрен), “мыкты ыр” (City of Stars) жана “мыкты коюучу-сүрөткер” (Дэвид Уоско, Сэнди Уоско) номинациялары боюнча жеңди.

Мыкты актер - Кейси Аффлек (“Деңиз жээгиндеги Манчестер”)

Мыкты экинчи пландагы актер - Махершала Али (“Айдын жарыгы”)

Мыкты экинчи пландагы актриса - Виола Дэвис (“Тоскоолдуктар”)

Мыкты сценарий - Кеннет Лонерган (“Деңиз жээгиндеги Манчестер”)

Мыкты монтаж - Жон Гилберт (“Абийирге карап”)

Мыкты анимациялык тасма - “Айбанатстан” (“Zootopia”)

Мыкты кийим дизайн - Коллин Этвуд (“Тирукмуш айбанаттар жана алардын жашаган жери”)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG