Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:41

Ош: мэрдин эки жылда өзгөрбөгөн программасы


Ош шаары
Ош шаары

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев калааны 2020-жылга чейин өнүктүрүү программасын жарыялады.

Мунун алкагында мэр алдынкы төрт жылда шаарга он бир миллиард сомдой акча керектелерин билдирди. Бирок адистер калаа башчысынын документи мындан эки жыл мурдагы программасы менен коендой окшош экендигин айтышууда.

Ош Азиядагы алдыңкы шаарга айланабы?

Калаа жетекчисинин келерки төрт жыл үчүн жазган программасында негизги приоритеттер катары ынтымактуу коомду түзүү, динамикалуу экономиканы жаратуу, тейлөө кызматтарын жакшыртуу жана инфраструктураны оңдоо иштери белгиленген. Анын алкагында шаар жетекчиси жолдорду, шаардыктарды таза суу менен камсыздоо, жол тыгындарын жоюу, көчөлөрдү жарыктандыруу боюнча да пландарды койгон. Мэр программасына Ош шаарына айланма жолду куруу жана эки көпүрө саларын да жазган.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев 2020-жылга чейин Ош калаасы Азия чөлкөмүндө таасирлүү шаарга айланарын убада кылууда:

- Шаардыктардын мындан аркы төрт жылдык жашоосу так ушул программа менен байланыштуу. 2020-жылга чейин биз Ош шаарын өнүгүүнүн регионалдык борборуна жана Борбордук Азиядагы байланыш түйүнүнө айлантабыз. Ал эле эмес Ош шаары алдыңкы төрт жылда Орто Азиядагы негизги өнүккөн жана заманбап шаарлардын катарын толуктайт.

Ош мэри Айтмамат Кадырбаев программасын коргоп жаткан учуру.
Ош мэри Айтмамат Кадырбаев программасын коргоп жаткан учуру.

Кадырбаев өзүнүн программасынын алкагында бала бакча, мектептерди, спорт аянтчаларын курарын билдирди. Мындан сырткары мэр калааны жашылдандыруу, тазалык жана эс алуу жайларын гүлдөтүү убадасын да берди. Буга жалпы 11,5 млрд сомдой акча керектелерин да калаа башчысы белгиледи. Мунун 8,5 млрд инвесторлордон, бир миллиарды жергиликтүү бюджеттен, бир жарым миллиардын республикалык бюджеттен жана калганын ар башка булактардан табуу мерчемделген.

Ош мэри өз программасы менен тааныштырып жаткан учуру
Ош мэри өз программасы менен тааныштырып жаткан учуру

Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов бул программа мыкты жазылганын, аны ишке ашыруу маселеси гана калганын жыйында айтып өттү:

- Бул программа кол жеткис программа эмес. Аны шаардын аткаруу бийлиги, биз депутаттар жана шаардыктар биргеликте ишке ашыруу колубуздан келет жана ашырабыз. Ошондуктан бул программада реалдуу финансылык мүмкүнчүлүктөрдү камтыган иш-чаралар бекитилиши керек. Ал эми анын аткарылышын биз эл өкүлдөрү тыкыр көзөмөлгө алып турабыз жана мэрияга көмөк көрсөтөбүз.

Мэрдин 2014-жылдагы жана 2016-жылдагы программасы.
Мэрдин 2014-жылдагы жана 2016-жылдагы программасы.

Ош мамлекеттик университетинде өткөн мэрдин программасын угууга 400дөй киши чогулган. Алардын арасында депутаттар, муниципалдык кызматкерлер, активдер жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү да бар. “Юз оф Ош” коомдук бирикмесинин жетекчиcи Акмарал Сатинбаева программада эске алынбай калган жагдайларга токтолду:

- Мэр өз программасында балдар бакчасына жана мектептерге басым жасаганы колдоого аларлык. Анткени бул азыр шаарда талылуу маселелердин бири болуп турат. Бирок жалпылап алсак, мэрдин программасы инфраструктуралык өнүктүрүү деп, жол оңдоо, көпүрө куруу, үй салуу сыяктуу нерселер гана жазылып калыптыр. Инфраструктуралык өнүктүрүү дегендин ичинде бул адамды өнүктүрүү да кошо кирет, алар эске алынган эмес. Адамдарды өнүктүрүү, жаштарды илгерилетүү иш-чараларын көрө албадым. Же болбосо азыр Ошто дин маселеси да курчуп бара жатат, радикализм, экстремизм сыяктуу маселелер абдан курчуп бара жатат. Аларды жоюу, азайтуу боюнча мэрдин пландары жок экен.

Эки жылда өзгөрбөгөн документ

Ошол эле кезде эки жыл мурдагы программасын гана кайталап, коомчулукка сунуштап жатат деп, мэрди сындагандар да болду. Анын үстүнө бул аралыкта биринчи программа эч кандай ишке ашпагандыгын да белгилешүүдө. Маселен, шаар жетекчиси эки жыл мурда 30 таштанды чыгаруучу автоунаа, 9 жолду жуучу унаа, 20 троллейбус жана 24 автобус сатып алаарын убада кылса, алардын дээрлик баары аткарылган эмес. Ушул эле убадаларды мэр жаңы программасына да киргизип алган.

Сол жакта 2014-жылдагы иш-чаралар, оң жакта ошол эле иш-чаралар 2016-жылдагы программада.
Сол жакта 2014-жылдагы иш-чаралар, оң жакта ошол эле иш-чаралар 2016-жылдагы программада.

2014-жылкы мэрдин программасы “Түштүк борбордун потенциалы – шаардыктардын жыргалчылыгы үчүн” деп аталса, бул жолку программа “Ош шаары – ордо калаа” деп аталган. “Бирок анын ичиндеги пункттар дээрлик өзгөрүлгөн эмес” дейт серепчи Айбек Таалайбек уулу:

- Калаа жетекчиси шаардын калкын эч нерсени түшүнбөгөн, эмнени сунуштаса деле аңдабаган бир маңыроо адамдар деп ойлоп жатат окшойт. Дегеним, 2014-2017-жылкы программа кандай жазылган болсо, ошонун аталышы менен жылдарын гана өзгөртүп “дагы программа жаздым” деп чыгыптыр. Бир-эки гана кошумча ойлорду киргизиптир, анда деле пунктардын гана ордун алмаштырып койгон. Бирок эки жыл мурдагы программанын ичи дээрлик өзгөрүлгөн эмес. Керек болсо үтүр, чекиттеринен бери коендой окшош. Бул эмнени билдирет? Бул Кадырбаев эки жыл мэр болуп турган учурда шаарда кандай көйгөйлөр бар экенин билбегенин түшүндүрөт. Жаңы идеяларды сунуштай албай турганын билдирет. Ош шаарынын тургундары дагы төрт жыл эптеп-септеп жашай турганын билдирет.

Эки жыл мурдагы программада мэр көп кабаттуу 165 үйдүн суу жана канализация системаларын капиталдык оңдоодон өткөрөөрүн, 165 үйдүн жылуулук системасын алмаштыраарын убада кылып, бирок ал дээрлик аткарылган эмес. Мэр бул сандарды азайтып, жаңы программасына да киргизген.

Эки жылда өзгөрбөгөн мэрдин программасы
Эки жылда өзгөрбөгөн мэрдин программасы

2014-2017-жылдары калаа башчысы ошондой эле Ошто “Электрондук шаар” долбоорун ишке ашырарын, электрондук китепкана түзөөрүн, Ош шаарынын өнүгүү фондун ачаарын, зоопарк уюштураарын, балдар ооруканасын кураарын, жаштар үйүн жана селсаяктар үйүн баштаарын айткан. Бирок мунун бири да ишке ашкан эмес. Кадырбаев буларды алдыңкы төрт жылда аткарууга дагы сөз берди.

Ош шаарынын статусу жөнүндөгү мыйзамга ылайык, мэр шайлангандан 100 күндүн ичинде өз программасын сунушташы керек. Экинчи жолу шайланган Айтмамат Кадырбаев 2020-жылга чейин калааны башкарат.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG