Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:43

Ошто ата-энелер мектеби ачылды


Ош. Ата-энелер. 14-ноябрь
Ош. Ата-энелер. 14-ноябрь

Калаадагы мектептердин базасында эми окуучулардын ата-энелери да сабак алып турушмакчы. Агартуучулар мында бала тарбиялоону билбеген үй-бүлөлөргө наристе багуунун жаңы ыкмаларын үйрөтүшөт. Миграцияга кеткен туугандарынын балдарын багып аткандар аларга кандай мамиле кылууну өздөштүрөт. Бул идеяны колдогондор да, сынга алгандар да бар.

Ата-энелер мектебинин алгачкы сабагы учурдагы өспүрүмдөрдүн кыял жоруктары, оң-терс тарбиянын таасирлери жана балдар менен ата-энелердин ортосундагы мамиле тууралуу роликтерди көрсөтүүдөн башталды. Ош шаарындагы №52 мектепте башталган семинарда андан кийин Жогорку Кеңештин депутаттары да бала багуудагы тажрыйбалары менен бөлүштү.

Вице-мэр Иличбек Эргешов өлкөдөгү балдар көйгөйүн ортого салып, ата-энелер мектеп менен кошо тарбия процессине көңүл бурушу шарт деди:

- Былтыркы жылы Кыргызстанда 24 миң 456 аборт болсо, анын 1900үн 12 жаштан 19 жашка чейинки кыздар жасаткан экен. Алар 5-класстан 9-класска чейин окуган окуучулар. Ачуу болсо да айтыш керек, булардын ичинде Оштогу окуучулар да бар. Кыргызстанда 13 миң бала жашоо-шарты оор акыбалда жашайт. Алардын сегиз миңи мыйзам менен чыр-чатакта. Бул санды айтып атканым, бизде билим берүү, тарбия аябай оор акыбалда турат. Ошол себептүү бүгүнтөн баштап ушул көйгөйгө көңүл буруп, аны чечүүнүн жолдорун табалы. Болбосо эртең кеч болуп калат. Ата-энелер балдарды тарбиялоого жакшылап аралашкыла.

Ата-Энелер жыйыны
Ата-Энелер жыйыны

Агартуучулар белгилегендей, ата-энелер мектеби Ош шаарындагы бардык 53 мектепте иш алып бара баштайт. Ал атайын курс сыяктуу бир ай же он күн катар же жыл бою ар кайсы күндөрү өтүшү мүмкүн. Учурда ата-энелерге арналган сабактардын жадыбалы иштелүүдө.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Куштарбек Кимсанов буларга токтолду:

- Коомдо түрдүү себептер менен ажырашып, же Орусияга, же Казакстанга кетип балдары менен бир болбогон үй-бүлөлөрдүн саны аябай арбыган. Бул мектептен билим алган ата-энелер так ошол балдарга тарбия берүүгө үйрөтүү болуп атат. Башкача айтканда, алар башкалардын балдарын да өз баласындай кабылдап, аларга дагы мээрим үлүшүн бөлүшсүн деген максатты көздөп бул ишти баштадык. Ата-энелер бул жерде окушат, бири-бирине кеңеш айтышат, балдар көйгөйлөрүн талкуулашат. Айталы, ата-энеси ажырашып, таежесинин үйүндө тарбияланып аткан окуучуга ата-энелер кандай моралдык көмөк көрсөтө алабыз деген маселени ошол жерде чечишет.

Түштүк борбор калаада учурда 55 миң окуучу бар. Төрт-беш баласы барларды жана жалгыз бой жашагандарды эске алганда, кайра эле ушунча ата-эненин эсеби чыгат. Ош шаардык билим берүү башкармалыгы бул ата-энелердин жок дегенде 50% балдарды тарбиялоонун жаңы усулуна окутабыз деп шымаланып турушат.

Төрт баланын энеси, Ош калаасынын тургуну Гүлзат Курбаналиева “Ата-энелер мектеби” жаш үй-бүлөлөргө керектүү нерселерди окутса деп үмүттөнөт:

- Турмушта ар кандай нерсе болот. Той-топур, жумуш деп жүрүп, кээде балдарга көңүл бурбай калган ата-энелер көп. Кээде биз өзүбүз деле ушинтип балдарды таштап койгон учурларыбыз болуп калат. Балдар чоңойгон сайын кээда башкача пейил күтүп, биз менен конфликтке барганда, адистин кеңешине муктаж болорубуз да чын. Ошол себептүү ата-энелер мектебинин таасири, пайдасы зор деп ойлойм. Өзгөчө үйдө жумушсуз олтурган энелерге зарыл нерселерди атайын программасына киргизсе жакшы болмок.

Бирок ошол эле кезде бул аракетти популисттик демилге катары баалагандар да бар. Ош шаарынын тургуну, пенсионер Полковник Үсөнов балдарга билим берүүгө каражат жетишпей атканда, ата-энелерди окутууга каражат табуу кыйын болорун белгилейт:

- Бийликтер мектептин мугалимдеринин айлыгын көтөрө албай атышат, анан эми ата-энелерди окутабыз дегени кандай? Акчаны ага кайдан табышат? Бул бир жагы. Экинчи жагы азыр ата-энелер мектепке чогулушка десең келбейт, анан окутабыз десе келмек беле? Башталгыч класста көп ата-энелер келет, бирок балдары чоңойгон сайын, көптөрү мектепке басып келбейт. Анткени алар тиричилик, жумуштан колдору бошобойт. Үчүнчүдөн, он баланы тарбиялап, 20 неберени чоңойтуп, эки диплом алган мендей ата-энелерди окутабыз дешсе уят го. Эгер жаш ата-энелерди окутабыз дешсе, бошу болсо, мажбурлабай, каалоочуларды окутабыз дешсе каршы эмесмин.

Ош шаарында башталып жаткан ата-энелер мектеби баткендик педагог Гапыр Мадаминовдун концепциясынын негизинде жүрмөкчү. Лейлек районунун Арка айылындагы №3 эксперименталдык гимназиясында да энелер мектеби 1997-жылы ачылган. Ушунча жылда аталган мектепте 500 энени бала тарбиялоого окутулган. Мектеп директору Мадаминов бул курс боюнча атайын окуу куралын да иштеп чыккан.

Педагог Гапыр Мадаминов буларга токтолду:

Гапыр Мадаминов
Гапыр Мадаминов

- Рыноктук шартта ата-энелер балдарын тарбиялоого колу бошобойт. Бул биринчи топ болсо, экинчиси бошосо да анын усулун билбейт. Үчүнчү топ балдар өзүнөн-өзү чоңое берет, жашап атканы тарбия алып атканы деп ойлойт. Мал багуу, үй салуу, машине алуу, турмушту түзөтүү негизги нерсе деп ойлойт дагы, бала тарбиясына көңүл койбой калды. Бирок азыр андай болбой калды. Баланын пейилин, тарбиясын буза турган нерселер аябай көбөйүп кетти. Ошону үчүн ата-энелер мектеби актуалдуу болуп турат. Баланы ыймандуу, тартиптүү кылып тарбиялоо үчүн мектептин күчү жетпей калды, жалгыздык кылып калды. Мында энелер жазганды, окуганды үйрөнбөйт, болгону бала тарбиялоонун жаңы усулдарын үйрөнүшөт.

Энелер мектебин ачкан Лейлек районунун Арка айылындагы №3 эксперименталдык гимназиянын окуучуларынын көпчүлүгү жалпы республикалык тестирлөөдө жыл сайын 200 упай топтойт. 180 окуучу билим алган ушул мектептен, маселен, быйылкы жылы эле 14 окуучу медициналык окуу жайга өткөн. Ушундай ийгиликтери менен өлкөгө таанылган мектептин тажрыйбасын эми Ош шаар бийлиги ишке ашырууну көздөөдө.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG