Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:26

Бүгүн Ош шаардык кеңеши “Мыйзам жана ыйман” деп аталган көпчүлүк коалициясын түзүп, анын курамына КСДП, «Бир Бол» жана «Мекеним Кыргызстан» фракциялары кирди.

Шаардык кеңештин басма сөз катчысы Равшан Эргешов “Азаттыкка” билдиргендей, коалициянын лидери жана спикер болуп жалгыз талапкер, Социал-демократтар фракциясынан Жапарбек Ормонов шайланды. Ага 45 депутат добуш берди. Ош шаардык кеңешинде 45 депутат бар. Көпчүлүк коалицияга кирген үч фракция 27 депутаттан турат.

Шайлоодон утуп чыккан партиялардан КСДП 16, «Кыргызстан» 9, «Мекеним Кыргызстан» 6, «Республика – Ата-Журт» 5, «Бир Бол» 5, «Өнүгүү-Прогресс» партиясы 4 мандат алган.

Анткен менен депутат болгондордун катарына партиялардын алдыңкы тизмесинде турган бир топ талапкердин кирбей калышы айрым суроолорду жаратууда.

Ушул тема боюнча “Азаттык” "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясынын Оштогу өкүлү Руслан Ташановду кепке тартты.​

"Азаттык": Мына шаардык кеңешке аттанган партиялар катары боюнча мандат албай, тизмеде артта турган талапкерлер депутат болот экен. Сиздин көз карашыңызча, партиялар эмне үчүн ушундай кадамга барып жатышат?

Ташанов: Көпчүлүк партиялар шайлоого катышардын алдында тизмеге кирип жаткан талапкерлерге алдын ала шарт коюп жатат. Маселен, “Ош шаардык кеңешке аттанып жатабыз, сиз талапкер болсоңуз тийиштүү шайлоо участкасынан белгилүү бир добушту алышыңыз керек, ала албай калсаңыз тизмеден өз эркиңиз менен чыгып кетесиз” дегендей талап коюшат. Мындай көрүнүштөр бир гана жергиликтүү кеңештин шайлоолорунда эмес, Жогорку Кеңеште да орун алганын көрүп-билип жатабыз.

Ал эми мыйзам жагына токтоло турган болсок, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештерди шайлоо жөнүндөгү" конституциялык мыйзамдын 51-беренесинин 3-пунктуна ылайык, талапкерлер шайлоо бүткөндөн кийин арыз жазып, тизмедеги өзүнүн ордун жылдырууга укугу бар. Ошого таянып, партиялар өзүнө бөлүнгөн аймактарда жакшы добуш алган талапкер 30-35-тизмеде болсо деле, аны алдыга жылдырып, а тескерисинче добуш ала албаган талапкерлер тизмеде экинчи катарда турса деле мандат бербей коюуда.

Негизи эле талапкерлер шайлоодо жакшыраак иштеп, көбүрөөк добуш алуу үчүн жигердүү иштөөсүн камсыз кылуу максатында партиялар ушундай кадамга барып жатышат.

"Азаттык": Бирок эми шайлоо алдында партиялардын алдыңкы тизмесиндеги талапкерлер ошол партиялардын жүзү катары үгүт жасашкан да. Анан балким шайлоочулар ар башка шайлоо участокторунда ошол талапкерлер үчүн добуш беришкен. Бул эми партия шайлоочуларды алдады дегенди түшүндүрбөйбү?

Ташанов: Албетте, талапкерлердин ордун алмаштыруу менен партиялар шайлоочуларды кайсы бир деңгээлде алдап жатат деп саноого да негиз бар. Бирок буга, жогоруда айткандай, мыйзамдар жол берип жаткандан кийин, партиялар баары бир ушул кадамды жасай беришет. Анын алдын алуу үчүн мыйзамдарды өзгөртүү зарыл.

"Азаттык": Руслан мырза, негизи шаардык кеңеш калаа бийликтерин көзөмөлдөп, аларга сын, сунуш айтуучу милдетти аткарышы керек эмеспи. Бирок мурдагы чакырылышта депутаттар Оштун экс-мэри Мелис Мырзакматовго сын-пикирлерди айта албайт делчү. Кийин шаардык кеңеш азыркы мэр Айтмамат Кадырбаевдин “кол баласы” болуп калды, тескерисинче шаардык кеңеш мэрияга баш ийип калды дегендер көп болду. Сиздин оюңузча, жаңы келчү Ош шаардык кеңеши канчалык деңгээлде көз карандысыз боло алат?

Ташанов: Жалпы жонунан ала турган болсок, азыр Кыргызстан боюнча оппозиция кризиси жүрүп жатат деп айтар элем. Ош шаардык кеңешинде да оппозиция жок болгону буга чейин да байкалчу, эми да ошондой коркунуч бар. Жаңы келип жаткан шаардык кеңеште да оппозиция кризиси күтүлүүдө, көп депутаттар мэрияга сын айтпай олтура бериши мүмкүн. Эгер оппозиция болбосо бул өлкөнүн же шаардын өнүүгүсүнө терс таасирин тийгизет.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG