Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:22

Норвегия: Брейвиктин соттогу сөзү


Андерс Беринг Брейвик (солдо) Ослодогу сот отурумунан абакка алынып кетүүдө. Reuters. 2011-жылдын 25-июлу.

Андерс Беринг Брейвик (солдо) Ослодогу сот отурумунан абакка алынып кетүүдө. Reuters. 2011-жылдын 25-июлу.

Бүгүн (25-июлда) Норвегиянын ордо шаары Ослодо бери дегенде 76 кишини кыргынга учураткан террорчу деп шектелген киши сотто өз кылмышын мойнуна алды. Андерс Беринг Брейвик аттуу теги норвегиялык айыпталуучу 22-июлдагы ордо шаардагы жардыруу менен Утойа аралындагы кыргынды өзү жүзөгө ашырганын, бирок ага террорчу эки топтун өкүлдөрү да шерик болгонун сот отурумунда айтты. Эми көмөкчү топтор тууралуу бул маалымат полиция тарабынан иликтенип жатканын сот мүчөсү Ким Хегер кабарчыларга ачыктады.



Эң соңку маалыматка караганда, Осло полициясы ордо шаарда набыт болгондордун саны 7ден 8ге чыкканын, ал эми Утойа аралында набыт болгондордун расмий саны 86дан 68ге түшүрүлгөнүн, натыйжада Норвегияда өткөн жума күнкү террордук чабуулдарда өлгөндөрдүн жалпы саны 93 эмес, 76 киши экенин билдирди.

Дүйшөмбүдө такталган маалыматка караганда. 22-июлда түштөн кийин оболу Осло шаарындагы кубаттуу жардыруунун айынан 8 киши набыт кеткен. Андан соң Утойа аралына бийликтеги Лейбористтер (Эмгек) партиясынын жаштар канаты уюштурган жайкы лагердин өспүрүм катышуучуларына кол салынып, бери дегенде 68 кишинин өмүрү кыйылган.

Норвегия: Бери дегенде 91 киши набыт кетти

x
Бул эки кылмышты тең өзү жүзөгө ашырганын 32 жаштагы норвегиялык Андерс Беринг Брейвик (Anders Behring Breivik) дүйшөмбүдө (25-июлда) Ослодо коомчулук жана маалымат каражаттары үчүн жабык кырдаалда өткөн сот отурумунда мойнуна алды.


Бул тууралуу сот Ким Хегер (Kim Heger) 25-июлдагы маалымат жыйынында тастыктады.


Соттун айтымында, айыпталуучунун сурактагы кылмыш кылганын мойнуна алган сөздөрү тергөө маалында табылган башка далилдер аркылуу да тастыкталды.

Дүйшөмбүдөгү сот отурумунда Брейвик өзүнө террорчул уюмдун эки тобунун өкүлдөрү шерик болгонун да сотко маалымдаган, эми норвегиялык полиция айыпталуучунун бул сөзүн текшерүү ишин баштады.

Айыпталуучу бул кылмыштар үчүн өзүн күнөөлүү деп санабай тургандыгын, ал “маданий марксизмден” жана каптап кирген мусулмандардан Европаны сактап калуу үчүн “ушундай кадамга бардым” деп сотко айтканын Хегер мырза кабарчыларга маалымдады.

Брейвикке террорчулук аракети менен байланыштуу расмий айып тагылды.

Соттун өкүмүнө ылайык, Брейвик 22-августка чейин 8 апталык абакта (оболу – 4 апта бою жалгыз бөлмөдө, башкача айтканда, башка абактагылардан обочо) кармалмакчы.

Кийинчерээк,сот жүрүмү башталгыча, бул абак мөөнөтү андан ары узартылышы ыктымал экендиги айтылууда.

Сот отурумунун жабык кырдаалда өтүшү террорчу деп шектелген кишинин ашынган көз карашын ого бетер жайылтууга мүмкүндүк жаратпоо аракети менен байланыштырылууда.

Саал мурдараак, Брейвиктин жактоочусу, адвокат Гейр Липпестад (Geir Lippestad) өзү жактап жаткан киши жума күнкү кыргынды туура иш болду деп эсептээрин кабарчыларга билдирген:

- Брейвик бул кылган иши – мыкаачылык болгонун, бирок өз акылы менен калчап, бул ишти жүзөгө ашыруу зарыл деп аңдаганын жаңы эле айтып берди.

Эгерде сот Брейвикти кылмышкер деп тапса, анда ал эң жогорку жазага кириптер болушу ыктымал.


Норвегдер терррор курмандыктарын эскеришти. 25.7.11.

x
Бул падышалыкта өлүм жазасы жоюлган, ошон үчүн ал 21 жылга, же балким, атайын чечим менен, өмүр бою абакка кесилиши да ыктымал деп жоромолдонууда.

Дүйшөмбүдө чак түштө бүткүл Норвегияда калайык өткөн жума күнү жазыксыз набыт болгон мекендештердин арбагына багыштап, бир мүнөттүк тунжуроо жөрөлгөсүн жасады.



Брейвиктин душмандары – либерал норвегдер

Жергиликтүү маалымат каражаттары Брейвиктин бейнеси тууралуу ар кыл жаңы маалыматтарды үзгүлтүксүз жарыялоодо.

Жергиликтүү “Афтенпостен” ("Aftenposten") басылмасынын маалымдашынча, бийликтеги Лейбористтик партиянын өкүлү, 1981-1996-жылдардын аралыгында үч ирет өкмөт башчысы болгон Гру Харлем Брундтланд (Брунтланн, Gro Harlem Brundtland) айымды Брейвик зыяндуу иммиграциялык саясатты баштап берди жана “атажуртка мусулмандарды каптатып жиберди” деп айыптаарын билдирген.

Брейвик “улут энеси” атагына конгон Брундтланд айымды Утойа аралындагы жыйын маалында өлтүргүсү келген, бирок бул айым жаштар лагеринде сөз сүйлөп, кетип калган соң гана каргашалуу аралга кечигип келген.

Брейвик өзү камакка алынаардан бир нече саат мурда 1500 беттен турган манифестти жарыялагандыгы да норвег басылмаларында айтылууда.

Бул “манифестте” Европадагы мусулмандык көчкө каршы “ыйык согуш” жарыяланган.

Манифесттин авторунун оюнча, Европадагы жамандыктар үчүн мусулмандар менен “маданий марксисттер” айыптуу.

Брейвиктин атасы

“Ассошиейтед пресс” кабар агенттигинин маалымдашынча, камактагы Брейвиктин атасы, мурдагы дипломат Йенс Давид Брейвик (Jens David Breivik) мырза шведдердин “Экспрессен” (Expressen) гезити үчүн курган маегинде жазыксыз кишилердин канына забын болгон баласынын кылмышы үчүн өзүн шерменде болду деп санаарын айткан.

- Мындан көрө уулум өлүп тынса жакшы болмок, - деген ал.

Оболу ал өзүнүн уулунун кылмышы тууралуу кабарларды интернет барактарынан окуп, өз көзүнө өзү ишенбегенин айтат.

Эми мен өмүр бою жууса да кеткис уятта калып жашоого аргасызмын”.

Ушул тапта Францияда байырлаган Йенс Давид Брейвик өзүн бул баланын атасы катары санагысы келбей калганын да кошумчалаган.

Бул мурдагы дипломат тээ 1995-жылы эле, өз уулу он алтыда кезинде, тагдыр аны менен байланышын үзүп койгонун да алиги басылмага айткан.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG