Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:33

Депутаттар үч күндүк айлыктарын жабыркагандарга беришет


Жогорку Кеңештин депутаттары үч күндүк айлык акыларын авиакырсыкта жабыркагандарга беришет. Мындай чечим бүгүн парламенттин жыйынында кабыл алынды.

Мурдараак спикердин фондунан жапа чеккен ар бир үй-бүлөгө 80 миң сомдон берилери маалымдалган.

Апааттан отуз сегиз кишинин өмүрү кыйылды, 16 адам жабыркады.

16-январда Бишкектеги “Манас” эл аралык аэропортуна жакын Дача айылына Гонконг-Стамбул багытындагы “Боинг-747-400” жүк учагы кулаган. Учак Түркиянын АСТ Airlines компаниясына таандык экени айтылган. Аталган ишкана тез арада кенемте төлөп берүүнү убада кылган.

Президент 100 миң сомдон, өкмөт 70 миң сомдон берери айтылган. Андан тышкары, мекеме-ишканалар да бир күндүк айлык акыларын которуп жатышат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги банктан атайын эсеп ачкан. (SE)

XS
SM
MD
LG