Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:08

Генералдардын үйүнөн террорчулар камакка алынган өлкөнүн армиясы тууралуу эмне айтууга болот? А эгер бул өлкө ядролук держава болсочу? Бир кезде Британиянын империялык куралдуу күчтөрүнүн үлгүсүндө куралган Пакистандын армиясы өзгөрүп отуруп, бүгүн кандайча исламчылардын таасиринде калды?

Мухаммад Акрам Африди пакистан армиясынын канчалык өзгөргөнүн дээрлик 30 жылдан бери армиянын өз ичинен байкоо салып келди. Азыр ардактуу эс алуудагы полковник армияда кадимки эле британ империалдык күчтөрүн туурап, Пакистан армиясында жел чанач оркестри, бий залдары болгонун, виски ичкен коомдун алдыңкы адамдарынын салты саналганын эскерет.

1970-жылдары жаш офицер болгон Афридини ал кезде кесиптештеринин алкоголдук ичимдикти ачык эле ичкени таң калтырат. Кийин алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыю салынат. Ал эми 1977-1988-жылдары бийликте турган генерал-диктатор Мохаммад Зия ул-Хактын тушунда мечиттердин таасири өсө баштайт:

- Зиянын мезгилинде бардык мечиттер активдеше баштаган. Ага чейин офицерлер мечитке баргандан уялышчу, артта калган адам болуп көрүнгүсү келчү эмес. Бирок Зия келгенден кийин алар мечитке барганына сыймыктана башташты.

Зиянын мезгилинде себилген диний жоболордун уругу андан кийинки жылдары түшүм бере баштаган, бүгүн Африди өңдөнгөн отставкадагы офицерлер радикал ислам коркунучу менен күрөшкө өкмөт даяр эмес экендигин эскертишүүдө.

Тыюу салынган исламчыл уюм менен коюн-колтук алышып кеткен деген кине менен жакында жогору мартабалуу офицердин камакка алынышын көп байкоочулар армия жетекчилигиндеги радикалдашуунун далили катары баалашууда.

Генерал Али Хандын адвокаттары анын исламчыл Хизб-ут Тахрир уюму менен байланышы жок деп ырастап жатышат. Бирок бул окуя ядролук куралы бар, армиясы саясий жана экономикалык маселелерде үстөмдүк кылган өлкөнүн келечеги тууралуу кооптонууну күч алдырды.

600 миң аскерлүү Пакистан армиясы тартипти камсыздоочу ырааттуу системасы бар секулярдык пайдубалга негизделген.

Зия ул-Хактын тушунда армиянын исламдашуусу офицерлердин бир бөлүгүнүн колдоосуна ээ болгон. Эс алуудагы генерал Ахиян Гүл Хаттак 1947-жылы Индиядан бөлүнгөндө Пакистан мусулмандардын мамлекети катары түзүлгөнүн эскерет.

Бирок ал аскер кызматына жаңы киргенде европалык кийим кийүүгө милдеттендирилет, саясат жана дин тууралуу сүйлөөгө тыю салынат. Мусулманчылыкты бекем карманган жаш офицерди бий бийлөө жана ичимдик ичүү айрыкча кыжаалат кылат.

Анын пикиринде, армияда бирин-серин экстремисттер болушу мүмкүн, бирок чындыгында сырт байкоочулар улам күч алып жаткан анти-америкалык сезимдерди армияда экстремизмдин күч алышы деп (туура эмес) түшүнүп жатышат:

- Анти-америкалык сезимдер албетте бар. Америка супердержава экени чын, бирок ал Ооганстандын, Ливиянын, Саударабстандын ички иштерине кийлигише бербеши керек. Пакистанда америкалыктар бизди каптаган отоо чөп болду.

Хаттактан айырмаланып, экс-генерал Саад Мухаммад армиянын радикалдашуусунун өзөгүндө АКШга каршы сезимдер жатат деп ойлобойт. Анын пикиринде, анти-америкалык сезимдердин өзү исламдын экстремисттик интерпретациясына негизделген. Анын сөзү боюнча, ал-Каиданын айрым ана башылары Пакистан армиясынын офицерлеринин же аларга жакын туушкандарынын үйүндө камакка алынгандыгын коопсуздук институттарынын канчалык радикалдашкандыгын көрсөтөт. Ал армиядагы кырдаалга карата коомдогу нааразылык куралдуу күчтөрдүн жарандык башкарууга өтүшүнө алып келет деп ишенет:

- Жарандык лидерлер да, армия башчылары да коомдук кысымды узакка көзгө илбей коё албайт. Эл азыр жооп талап кылып жатат.
XS
SM
MD
LG