Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:59

Пакистан: Абактагы кыз акчага бошотулат


Кызды күнөөлөйм деп өзү күнөөлөнгөн молдо Халид Чишти

Кызды күнөөлөйм деп өзү күнөөлөнгөн молдо Халид Чишти

Пакистанда Аллага акарат келтирди деп айыпталган христиан дининдеги кызды сот 7-сентябрда күрөө акчага бошотууну буйруду. Ал кыз менен байланышкан окуя дүйнөдө чоң талаш-тартыштарды жараткан эле.

Римша Масих 16-августта Исламабаддын четиндеги жарды райондордун биринде кармалган. Аны “Куранды өрттөгөн” деп айыпташкан болчу. 7-сентябрда сот аны күрөө менен түрмөдөн бошотууну буйруду.

Масихтин адвокаты Тахир Навид Чодри “Азаттыкка” сүйлөп жатып: "Сот эки жолу 500 миң рупиден кепилдик катын сурады. Бул жалпысынан 10 миң 500 долларга барабар. Ошондон кийин күрөө менен бошотулсун деп чечим чыгарды", - деди.

Бирок айыпталган кыздын жарды жашаган үй-бүлөсү аны төлөгөнгө кудурети жетеби, жокпу – белгисиз.

Улуттук ынтымак министринин жардамчысы Робинсон Асгардын айтымында, эгер ошол талап кылынган күрөө акча төлөнсө, азыр 14 жаштагы Римша үй-бүлөсү менен эч кимге белгисиз коопсуз жайда бириге алат. “Азырынча кызды чет мамлекетке чыгарып жиберели деген план жок”, - деди ал “Рейтер” маалымат агенттигине.

Азыр камакта жаткан Римша Масихтин үйү жабык бойдон турат

Азыр камакта жаткан Римша Масихтин үйү жабык бойдон турат

Өткөн ишембиде полиция жергиликтүү мечиттин имамы Хафиз Халид Чиштини “Римшанын чөнтөгүнө Курандын өрттөлгөн барактарын салып койгон” деген айып менен кармаган. Ошондон тарта дүйнөдө адам укугун коргоочулар Римшанын бошотулушун, укугу корголушун талап кыла башташты.

Пакистандын Динге акарат жөнүндөгү мыйзамына ылайык, Мухаммад пайгамбарды каралагандар өлүмгө өкүм этилет, ыйык делген тексттерди өрттөгөндөр өмүр бою түрмөгө отургузулушу мүмкүн.

Ондогон жылдар бою адам укугун коргоочулар расмий Исламабадды ушул мыйзамын реформалоого чакырып келишкен. Анткени, алардын оюнда, мыйзам көбүнчө жеке жек көрүүчүлүктүн жана христиандарга каршы курал катары колдонулат.

Негизи эле, Аллага же исламга акарат келтирүү деген нерсе - 180 млн. калкынын 97% мусулмандар түзгөн Пакистанда өтө этияттыкты талап кылган маселе.

Масихтин адвокаты Чодри бул өлкөдө ушул айып менен соттолгон киши эле эмес, аны коргогондордун өмүрү да коркунучта калат дейт.

"Менимче, мындай ишке аралашкандын же, керек болсо, айыпталганды коргош үчүн үнүн көтөрүп койгондун баары коркунучка кептелет", - дейт адвокат.

Исламга же Мухаммад пайгамбарга акарат келтирген деген өңдүү кандай гана окуя болбосун, бул өлкөдө катуу каргышка калат. Ошол айып менен соттолуп, кийин акталган адамдарды көчөдө эле өлтүрүп кеткен учурлар да болгон.

Былтыр ушул мыйзамды реформалаш керек деген билдирүүлөрүнөн кийин белгилүү саясатчы Салман Тасирди жана христиан динин тутунган министр Шахбаз Баттини атып кетишкен эле.

Тасирди өлтүргөн деп соттолгон киши азыр сөз болуп жаткан христиан кызы Римша отурган түрмөдө кармалууда.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG