Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:58

Пакистандын Жогорку Соту Асия Бибини өлүмдөн куткарып калышы мүмкүн. Дини тарса аял Мухаммед пайгамбарга акарат келтирген деп айыпталып, 2010-жылы өлүм жазасына тартылган болчу.

22-июлда Пакистандын Жогорку Соту жакында Асия Бибинин доо арызы караларын жарыя кылды. Доогердин арызы каралып бүткөнчө өкүм аткарылбай турат.

Эгер Жогорку Сот мурдагы чечимин күчүндө калтырса, Асия Биби исламга шек келтирди деп өлүм жазасына тартылган пакистандык биринчи тарса болот.

Беш баланын энеси Асия Биби 2009-жылы июнда камакка алынып, бир жылдан кийин райондук сот тарабынан өлүм жазасына тартылган. Христиан аялды катаал жазага тартууга мусулман аялдардын аны Мухаммед пайгамбарга акарат тийгизди деген сөзү негиз болгон. Ошондо эле адам укугун коргоочулар тарса аял бир гана айыптоочулар берген көрсөтмөнүн курмандыгы болгонун айтып чыгышкан.

Асия Бибини өлүм жазасына тартуу боюнча райондук соттун өкүмүн 2014-жылы 16-октябрда Жогорку Соттун Лахор шаардык бөлүмү бекиткен. Бирок Биби айым доо арыз менен кайрылганга байланыштуу катаал жазаны аткаруу убактылуу токтотулган.

Эл аралык Мунапыс уюмунун Пакистан боюнча изилдөөчүсү Мустафа Кадри Жогорку Соттун мүчөлөрү саясый кысымдан жана өз жанынан корккондон улам өлүм жазасына тартуу боюнча өкүмдү колдошту деген оюн билдирген. Ал “Азаттык” радиосуна курган маегинде Жогорку Сот Асия Бибини абакта өлтүрүп коюшат деп кооптонуп, жалгыз адамдык камерага отургузганына да көңүл бурган.

- Бул чындыгында эле шумдуктай жана тескери чечим. Азия Биби күн сайын өлүм коркунучу алдында жашоодо. Ал жалгыз адамдык камерада жазаланып эмес, чогуу отургандар же түрмөнүн кээ бир кароолчулары өлтүрүп коюшу мүмкүн болгондуктан отурат.

Пакистанда жаңылып Аллага жана пайгамбарга, же илам динине шек келтирүү өтө кооптуу иш. Пенжаб провинциясынын губернатору Салман Тасир бир нече жолу шордуу тарса аял менен кездешип, “өкүмдү калпыс” деп атаган. Тасир 2011-жылы өз полицай күзөтчүсү тарабынан атып өлтүрүлгөн. Күзөтчүнү соттогон судья өмүрү үчүн кооптонуп, киндик каны тамган мекенин таштап кетүүгө аргасыз болгон. Ошондой эле бул өкүмгө ынанбаган жападан жалгыз тарса министр да киши колдуу болуп өлгөн.

Пакистандын 200 миллион чукул элинин 1.6% тарса-христиандар.

Былтыр жаалданган 1500дей адам Шехшад Маси деген жумушчуну колу бутун таңып, кош бойлуу аялы менен чогуу отко тирүүлөй салып жиберген. Буга эрди-зайып Курандын айрылган барактарын таштандыга ыргытыптыр деген каңшаар себеп болгон.

Исламга шек тийгизгендери жоопкерчиликке тартуу жөнүндө мыйзам Пакистандын мурдагы диктатору Зияул Хак кезинде 1980-жылы диний партияларды сооротуу максатында кабыл алынган. Бирок адам укугун коргоочулардын айтымында, жарандар мыйзамды көбүн эсе кимдир бирөөдөн өч алуу үчүн пайдаланышат. Европа өкмөттөрү да береги мыйзам натуура пайдаланылганын сындашкан.

Адвокат Сайфул Малуктун айтымында, Асия Биби 2009-жылы талаада иштеп жүрүп, жанындагы аялдар менен араздаша кетет. Бир нече күндөн кийин тигил аялдар жергиликтүү молдого барып, Биби айым Мухаммед пайгамбарга шек келтирди деп даттанышкан. “Окуянын чыныгы күбөлөрү бир да жолу сотко келишкен эмес”, - дейт доогердин адвокаты.

Пакистанда соттор күбөлөрдүн өмүрү үчүн кооптонуп, чечимди алардын көрсөтмөсү жок эле чыгара берет. Былтыр гана Фейсбукта Кудайга акарат айтты деп күнөөлөнгөн профессорду коргогон пакистандык көрүнүктүү адвокаттын көзү тазаланган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG