Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:20

Пакистан: коалиция кылдын учунда


17-декабрда эле Пакистан парламенти Гиланини кытайлык кесиптеши Вен Цзябао менен жылуу кабыл алган.

17-декабрда эле Пакистан парламенти Гиланини кытайлык кесиптеши Вен Цзябао менен жылуу кабыл алган.

Коалициядагы экинчи эң ири партия оппозицияга кеткен Пакистанда кийин премьер министр Юсуф Гилани жаңы өкмөт түзө албай чайналууда. Ал өкмөт сакталып калат деп айтып жатат, бирок оппозиция анын бүт кабинети менен кызматтан кетишин талап кылууда.

Жамандыр-жакшыдыр, парламенттик демократиянын шартында ондогон жылдардан бери жашап келаткан Пакистан үчүн өкмөт куруунун азабы жакшы белгилүү, бирок "белгилүү" деген "жеңил-желпи" дегенди билдирбейт окшобойбу!

МКК же Мутахида Кауми кыймылы өкмөттөн чыгаарын өткөн жекшембиде (2-январда) жарыялаган эле.

Гилани эртеси эле жаңы коалиция куроонун айла-амалын издөөгө киришти.

МККдан келген Жаштар министри Файзал Сабзвари кырдаалды шейшембиде Карачиде журналисттер менен талкуулады:

Биз кабинеттен 27-декабрда чыкканбыз, биз өкмөткө тийешелүү орундуктарды бошотуп, Улуттук жыйын менен Сенаттагы оппозиция менен болууну чечтик. Бирок оппозицияга өтсөк да, биз өкмөттүн туура багыттагы иштерин колдоону уланта беребиз.

342 орундуу Улуттук жыйындагы көпчүлүктү калыбына келтирүү үчүн зарыл болгон бир нече мандат боюнча Гилани дүйшөмбүдө оппозиция лидерлери менен сүйлөшүү жүргүздү. Бийликтеги Пакистандын Элдик партиясына тең-төрага болгон Гилани кабарчылар менен жолукканда «өкмөт кыйрабайт» деген үмүтүн ортого салды.

Болжолу Гилани Пакистандын Мусулман Ливасы – Наваз деп аталган башкы оппозициячыл партиядан үмүттөнүп жатат. Бул партияны өлкөнүн мурдагы премьер-министри Наваз Шариф жетектейт. Эгер анын колдоосун ала алса, Гиланинин басмайылы кыйла бекемделмек.

Пакистандын өкмөт башчысы шейшембиде Наваздын иниси, Пенжаб дубанынын министри Шахбаз Шариф менен жолукту, бирок Наваздын партиясы кризистен чыгууга карата кандайдыр бир анык-так турумун билдирген жок.

Бирок, бул партиянын мартабалуу өкүлдөрүнүн бири, Улуттук жыйында оппозицияны жетектеген Чаудри Нисар Али Хан «бул өкмөттү буттан чалгыбыз келбейт, бирок эгер ал көпчүлүктөн айрылса, биз аны колдобойбуз» деп айтты.

Гилани Пакистандын Каиди-Азам Мусулман лигасынын жетекчиси Чаудри Шужаат Хусайн менен да көздөштү. Сүйлөшүүдөн кийин Хусаин кабарчыларга «элдин реалдуу маселелери чечилсин деген шарт менен колдообузду бердик» деп айтты.

Пакистандын президенти Асиф Али Зардари Гиланинин партиясына мүчө.

Президенттин билдирүүсүн ачыктап жатып, анын маалымат катчысы «Зардари Гиланиге толугу менен ишенет, коалициялык өкмөттү кыйратууга каршы ар кандай аракеттерди болтурбоодо аны ар тараптуу колдойт» деди.

Вашингтондо Мамдепартаменттин өкүлү Пакистандагы саясий капсалаң өкмөттүн исламчыл экстремисттер менен күрөшүн солгундатат деген тынчсызданууну четке какты:

– Биз Пакистандын өкмөтүн колдой беребиз. Азыркы тапта учурдагы саясий кырдаал сөзсүз эле жетекчилерди алардын күнүмдүк иштеринен алагды кылат деп айта албайм.

Кроули «мындай саясий бороон-чапкын парламенттик системада боло жүргөн көрүнүш» экендигин кошумчалады.

Мындан бир нече жума мурда, Гилани бир министрин иштен алгандан кийин Жамият Улема-е-Ислам Фазл деп аталган диний партия коалициядан чыгып кеткен эле.

МКК оппозицияга өткөндөн кийин бул партия Гиланини кабинети менен кошо кызматтан кетүүгө чакырды.

МККнын оппозицияга кетүү чечимине партиянын лидери Карачиде президент Зардари менен жолуккандан кийин келген. Партия өз кадамын күйүүчү майдын кымбаттап кетиши жана өзүнүн тынчсызданууларына өкмөт олуттуу мамиле жасабай жаткандыгы менен түшүндүргөн.

Баалардын кымбатташы мына бул Гүлфам Ахмедге окшогон карапайым кишилердин кабыргасын кайыштырууда:

Бензин менен шекердин баасы быйыл үч эсеге өстү. Деги принцип деген барбы? Бардык саясатчылар колуна тийгенди сугунуп койгон каракчыга окшош. Алды-артыбызды карагыча эле, чет өлкөгө качып кетишет, биз болсо колубузду жайган бойдон кала беребиз.

Гиланинин өкмөтү үчүн өткөн жыл оңой болгон жок.

Өлкөнүн Батыштагы ынтымакташтары өкмөттүн талиптер менен солгун күрөшүн сынга алып келди.

Күздө өлкөнүн көп жерлерин каптаган селден 20 миллион киши жапа тартып, өкмөттө ого бетер түйшүк күчөдү.
XS
SM
MD
LG