Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:59

Пакистандагы тарыхый шайлоо


Пакистан -- Сват өрөөнүндөгү аялдар добуш берүүдө, 11-май, 2013.
Пакистан -- Сват өрөөнүндөгү аялдар добуш берүүдө, 11-май, 2013.

Бул шайлоо Пакистандын 66 жылдык тарыхында өкмөт алгач ирет өз бийлик мөөнөтүн толук иштеп бүткөндөн кийин өттү.

Экстремисттердин кол салууларына жана коркутууларына карабай бийликтер добуш берүү убактысын мурда мерчемделгенден бир саатка узартышты. Шайлоо комиссиясынын өкүлү Иштиак Ахмед бекеттер жабылгандан кийин Исламабаддагы басма сөз жыйынында буларды айтты:

- Кудайдын жана мамлекеттин бардык институттарынын жардамы менен Пакистандын шайлоо комиссиясы өлкөдө добуш берүүнү адилет жана эркин өткөрүү боюнча баштапкы милдетти аткарды.

Талибандын Пакистандагы бөлүмү шайлоону исламга каршы деп мүнөздөп, добуш берүүнү үзгүлтүккө учуратаарын эскерткен.

“Азаттыктын” Пакистан кызматы – “Машаал” радиосу билдиргендей, шайлоо бекеттери ачылгандан бир нече сааттан кийин эле Карачи шаарындагы бомба жарылуудан кеминде 10 адам өлүп, бир нечеси жаракат алды. Бутага секулярдык багыттагы – Авами улуттук партиясынын кеңселери алынгандай.


Карачидеги жардыруудан кийин

Пакистандагы шайлоо жардыруу менен коштолду
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:05 0:00



Хайбер-Пактунхва провинциясынын борбору – Пешавар шаарында аял шайлоочуларды бутага алган эки жардыруудан 22 киши жарадар болду.

Ал эми уруулар жашаган жана Талибандын таянычы катары саналган Түндүк Вазиристан аймагында мечиттердеги үн күчөткүчтөр аркылуу аялдарга шайлоо бекеттерине барбоо, үйүнөн чыкпоо тууралуу эскертилген.

Низамуддин ысымдуу жергиликтүү шайлоочу “Азаттыктын” Пакистан кызматына буларды айтты:

- Түндүк Вазиристанда аялдар добуш бербейт деген жарыя мечиттер аркылуу жасалды. Ал эми эркектердин баарына өздөрү каалаган талапкерди тандоосуна мүмкүндүк берилген.

Пакистандыктар бүгүн 342 депутаттан турган Улуттук ассамблеяны жана Хайбер-Пактунхва, Пенжаб, Синд, Белучистан провинцияларында жергиликтүү парламентти шайлап жатышат.

Улуттук ассамблеядагы 60 орун аялдар үчүн, 10 орун мусулман эмес азчылыктар үчүн бекитилген. Өлкөдө добуш берүүгө укуктуулардын саны 86 миллиондон ашуун.

Еврошаркеттен барган шайлоочулар тобунун башчысы Михаэль Галер Исламабаддагы кабарчыларга 2008-жылга салыштырмалуу азыркы шайлоодо оң жылыштар бардыгын белгиледи:

- Келгендердин баары эле добуш берип жатышат. Исламабаддын мен турган бул мектебиндеги шайлоо бекети ырааттуу жана кесипкөйлүк менен иштөөдө.

Анткени менен Карачи шаарынан мыйзам бузуулар катталганы тууралуу кабарлар түштү. 21 миллион калк жашаган бул шаарда айрым шайлоо бекеттери кеч ачылган. Мындан улам диний багыттагы «Жамаат-и-Ислами» партиясы Карачинин шайлоо округдарынан өз талапкерлеринин баарын чыгарарын жарыялаган.

Шайлоо бекеттерин кайтаруу үчүн коопсуздук күчтөрүнүн 600 миңдей өкүлү жайгаштырылды.

Шайлоо өнөктүгү учурунда согушкерлердин кол салууларынан 120дай кишинин өмүрү кыйылган болчу.

Бүгүнкү шайлоо Пакистандын 66 жылдык тарыхында жарандык өкмөт алгач ирет өз бийлик мөөнөтүн толук иштеп бүткөндөн кийин өтүүдө. Өлкө көз карандысыздык алган 1947-жылдан берки мезгилдин жарымында Пакистанды армия башкарып, алар үч ирет төңкөрүш жасашкан.

Азыркы шайлоодо парламенттеги орундардын көбүн мурдагы премьер-министр Навази Шарифтин оппозициядагы Мусулман Лигасы – Н партиясы алары күтүлүүдө. Ошондой эле мурдагы крикет жылдызы Имран Хандын “Техриик-и-Инсаф”, же Адилеттик үчүн кыймыл партиясы да ийгилик жаратчудай.

Ал эми бийлик мөөнөтү аяктаган өкмөттү башкарган Пакистан Элдик партиясынан шайлоочулардын көңүлү калгандай. Равалпинди шаарынан шайлоочу Аслам Шах:

- Биз өлкө үчүн мыкты жетекчиликти көргүбүз келет. Бизде электр кубаты менен камсыздоо, террорчулук, тартип жагынан олуттуу көйгөйлөр бар. Ушул маселелерди ким чече аларын көрөбүз.

Карачилик Хасан Мухаммед ысымдуу шайлоочу:

- Шайлоо чоң өзгөрүү алып келе алат. Биз добуш берүүгө жашообузду, системабызды өзгөртүү үчүн келдик.

Айткандай эле Пакистан Элдик партиясынын өкмөтүнө бийлик мөөнөтү аягына чыга алганы менен исламчыл согушкерлердин токтобогон кол салуулары, диний негиздеги араздашуу, жаратылыш кырсыктары, коррупция, экономикалык кыйынчылыктар менен күрөшүүгө туура келди.

Ошондой эле акыркы, өзгөчө 2011-жылы “ал-Каида” лидери Усама бин Ладен Пакистан аймагында өлтүрүлгөндөн кийинки жылдар Пакистан үчүн АКШ менен алака начарлап кеткен мезгил болду.


Шайлоодон бир көрүнүш

Пакистандагы тарыхый шайлоо
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:17 0:00

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG