Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:37

Пакистанда саясатчы аялды атып кетишти


Карачиде белгисиз адамдардын огунан набыт кеткен саясатчы Зохра Шахид Хусейн.

Карачиде белгисиз адамдардын огунан набыт кеткен саясатчы Зохра Шахид Хусейн.

Пакистандын Карачи шаарында “Техрик-э-Инсаф” партиясынын мүчөсү, саясатчы Зохра Шахид Хусейнди атып кетишти.

Кечээ Пакистандын Карачи шаарында парламенттик кайра шайлоо өттү. Имран Хандын партиясы 11-майда бир чөлкөмдө мыйзам бузуулар болгонун ырастап, кайра добуш берүүнү талап кылган.

Кайра шайлоонун алдында белгисиз бирөөлөр крикет боюнча мурдагы чемпион Имран Хандын партиясынын мүчөсү Зохра Шахид Хусейнди атып кетишкен. Хандын “Техрик-э-Инсаф” партиясы 11-майдагы шайлоодо "Муттахида Кауми" кыймылы бурмалоолорго жол берген деп, НА – 250 деген чөлкөмдө шайлоону кайра өткөрүү талабын койгон. Кыймыл болсо айыптоолорду четке кагып, экинчи добуш берүүнү бойкоттоорун эскертип келди.

“Техрик-э-Инсаф” партиясынын вице-президенти Шах Мехмуд Куреши добуш берүүчүлөрдүн өнөктүккө катышканын кубаттады:

- Чөлкөмдүн шайлоочуларына коркутуп-үркүтүүлөргө, Зохра Хусейндин киши колдуу болушуна карабай добуш бергени келгендиги үчүн терең урматымды билдирем. Бул - чыныгы эр жүрөктүк, адамдардын демократияга ишенгенин, Карачи элинин ойгонгонун далилдейт.

59 жаштагы Хусейн партиянын Синдх чөлкөмүндөгү бөлүмүнүн вице-президенти болчу. Аны үйүнүн жанында атып кеткен куралчан адамдар качып кеткенге үлгүргөн. Кылмыш үчүн эч ким жоопкерчиликти ала элек. Полиция кол салгандар саясатчы айымдын көзүн тазалоону же карактоону көздөшкөнбү, белгисиз деп маалымдады.

Хан кылмыш үчүн саясий атаандаштарын айыптап, санаалашынын өлүмүнө “катуу кайгырганын” билдирди. Ал кол салуунун артында "Муттахида Кауми" кыймылы турат деп, анын Лондондо бозгунда жашаган лидери Алтаф Хусайин партиясын коркутуп-үркүткөнүн твиттерде жазган. Ошондой эле Пакистанда адам өлтүрүү үчүн айыпталып жаткан адамга каршы аракет көрбөгөндүгү үчүн Британия бийлигин сындады.

Хандын партиясы соңку шайлоодо өзүн жаңы саясий күч катары көргөзүп, маргиналдар делген топтон өлкөнүн үчүнчү ири партиясына айланды.

Анын Синдх чөлкөмү боюнча төрагасы Надир Абдул Легари Хусейн айымдын өлүмү бейстабилдүүлүктүн өсүшүн далилдейт деди:

- Өзүн коргой албаган аялды өлтүрүп кетишти. Пакистандагы зордук-зомбулуктун күчөшүн кантип токтотобуз? Күн сайын адам өлтүрүүлөр катталат, бирөөнүн каны төгүлөт. Эч ким мындан ары эмне болот деген суроо койбойт.

11-майдагы парламенттик шайлоодо исламчылар добуш берүүнү үзгүлтүккө учуратуу үчүн элди коркутуп-үркүтүп келишти. Өнөктүк күнүндө ар кыл кол салуулардан 150дөй киши каза тапкан. Шайлоо кампаниясы да кан төгүүлөр менен коштолгон. Бирок буга карабай, добушканаларга шайлоочулардын 60 пайыздайы барып, өз тандоосун билдиришти.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG