Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:49

Ак-Сай өрөөнүндө кыштап жаткан малчыларга жол ачылды


18-январда Ак-Сай өрөөнүндөгү малчыларга Ат-Башы-Ак-Муз-Кында каттамы аркылуу жол ачылды. Бул тууралуу өкмөттүн Нарындагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Айнура Дүйшөк кызы билдирди.

Ак-Сай өрөөнүндө быйыл кардын калың түшүшү менен малга тоют тартыштыгы жаралган. Кыштоодогу малчыларга тоют жеткирүү үчүн жолдорду ачуу боюнча атайын комиссия иш алып барды. Натыйжада, Ат-Башы-Торугарт-Кында жолу тазаланган. Бирок аралыгы 470 чакырымды түзгөн бул жол алыс болгондуктан, 58 малчы жайгашкан кыштоолорго тоют жеткирүү кыйынчылык жараткан.

Малга тоют жеткирүүнүн кыска жолу катары 83 чакырымды түзгөн Ат-Башы-Ак-Муз-Кында жолун тазалоо чечими кабыл алынып, 9-январдан тарта иш башталган.

Кында ашуусун тазалоодо катуу соккон шамал жана абанын температурасы 40 градуска чейин төмөндөшү тазалоо иштерине кыйынчылык жараткан.

18-январдан баштап Ат-Башы-Ак-Муз-Кында жолу аркылуу Ак-Сай өрөөнүнө малчылар тоюттарын жеткирип жатат. Ал эми өкмөт башчы С. Жээнбековдун тапшырмасына ылайык, ӨКМден кошумча эки оор жүк ташуучу унаалар жиберилип, тоют ташуу иштерине жардам берилүүдө. Малчыларга райондук медицина кызматкерлери, ветеринарлар дагы барышты. (MiK)

XS
SM
MD
LG