Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:43

Иран Пакистанга газ сатууга кызыкдар


Аятолла Али Хаменеи жана Пакистандын президенти Асиф Али Зардари
Аятолла Али Хаменеи жана Пакистандын президенти Асиф Али Зардари

Ирандын улук жетекчиси Аятолла Али Хаменеи Пакистандын президентин Ирандын газын Пакистанга жеткирүүчү 7.5 миллиард доллардык куурдун курулушунан баш тартпоого чакырды. Ал эми Алматыда өткөн Ирандын талаштуу ядролук программасы боюнча сүйлөшүүдө айрым жылыштар болгондугу кабарланууда.

Хаменеинин кеңсеси маалымдагандай, Тегеранга келген Пакистандын президенти Асиф Али Зардариге аятолла али курула элек Иран-Пакистан газ куурун «Тегеран-Исламабад кызматташтыгынын маанилүү мисалы» деп баалап, мындай алакаларды кеңейтүүгө каршы аракеттер менен күрөшүүнүн зарылдыгына токтолду.

Шаршембиде Зардари Пакистан аркылуу өтүүчү газ кууру тууралуу Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад менен сүйлөшкөн эле.

Иран Пакистанга бул куур аркылуу күнүгө дээрлик 22 миллиард куб метр газ сатууну сунуш этүүдө. Өлкө ошондой эле жалпы баасы бир жарым миллиард доллар келген куурдун Пакистандагы бөлүгүн жаткырууга 500 миллион карыз берүүгө даяр экендигин бышыктады.

АКШнын каршылыгынан улам бул долбоорго инвестор тартуу иши оңунан чыкпай келатат. Хоменейи Зардариге АКШга кылчактабоого үндөп, «Иран Ислам жумурияты бул аймактагы энергия булагы менен камсыздоочу жалгыз коопсуз булак. Биз бул жаатта Пакистандын суроо-талаптарын аткарууга даярбыз» деди.

Зардари Иранга келгенде аны Ирандын мунай министри Рустам Касими тосуп алды. Буга караганда, Иран чындыгында да маселеге чоң маани берип жаткандай.

Пакистан азыр энергетика ресурстарына суусап турат. Исламабад Түркмөнстандан чыгып, Ооганстан аркылуу келип, кайра Индияга өтүүчү газ куурун колдоп келген. Бирок 20 жыл мурда жазылган бул план мурдагысындай эле кагаз бетинде кала берүүдө.

Ядролук программасы үчүн эл аралык санкцияга кабылган Иран да коңшулары арасында аларман тапсак дегенде ак эткенден так этип турган чак.

Ирандын ядролук программасы боюнча ушул аптада Алматыда эл аралык сүйлөшүү соңуна чыкты. Европа Биримдигинин тышкы иштерин тейлеген Кэтрин Эштон сүйлөшүүдөн кийин дүйнөлүк мамлекеттердин жаңы сунуштарына Иран оң жооп берет деген үмүтүн билдирди.

Эштон ал кандай сунуштар экендигин тактаган жок, бирок Ирандын сүйлөшүүдөгү башкы өкүлү Саид Жалили анын өлкөсү бул сунуштарга ынап жаткандыгын бышыктады:

– Бүгүн Алматыда киргизилген сунуштар (мурдагысынан) реалдуу жана логикалуу болду. Болжолу, Иранга көрсөтүлүп жаткан кысымга карабастан, (каршы тарап) көз карашын өзгөртүшү керектигин түшүндү.

Сүйлөшүү эми Алматыда апрелде улана турган болууда. Ал арада Түркмөнстандын баш калаасында ирандык товарлардын көргөзмөсү өтүп жатат. Көргөзмөнүн чегинде түркмөн президенти Гурбангули Бердымухамедов Ирандын тышкы иштери боюнча вице-президенти Али Саидлини кабыл алып, энергетикалык кызматташтыкты талкуулады.

Ал эми Ирандын өзүндө өлкөдө жасалган алгачкы мунай-танкер көрсөтүлдү. Кабарларга караганда, мухитте жүрүүчү бул танкерлер менен 35 тоннага чейинки көлөмдө мунай ташыса болот.

XS
SM
MD
LG