Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:59

Зардари: Пакистан Иран менен кызматташат


Пакистандын президенти Асиф Али Зардари Иран менен узактан бери токтоп турган газ куурун кура баштаарын жарыя кылды.

Иран уранды байытууну токтотпогондуктан, долбоорго Кошмо Штаттар каршы болуп жаткан. Тегеран ядролук программасынан баш тартуусу үчүн Батыш өлкөлөрү, ошондой эле Бириккен улуттар уюму да Иранга санкция жарыялаган.

Президент Асиф Али Зардари 4-мартта Лахор шаарында сүйлөп, Пакистан-Иран газ кууру 1, 5 миллиард доллар болорун айтты. Ал ошондой эле Иранга каршы санкцияны токтотууга чакырып, газ куурун куруу отун энергиясына Пакистанда өсүп бараткан талапты канааттандыруу үчүн керек деди:

“Иран-Пакистан ортосундагы куурдун долбоору 11-мартта расмий башталат. Бул окуяга дүйнөнүн жана сиздердин көңүлүңүздөрдү бурам. Бул долбоор Пакистан эли үчүн аябай маанилүү. Бул долбоор 1994-жылы жаралган. Дүйнө жана башка өлкөлөр башка улуттарга санкцияны эске алуу менен бизнес кылганга уруксат берилген. Ошондуктан биз дүйнө менен сүйлөшүп, өз көз карашыбызды түшүндүрсөк, Пакистан бул долбоорго макулдук алат деп ойлойм”.

Эксперттердин боолгошуна караганда, Пакистан энергетикалык керектөөсүнүн 20 процентин Иран газы менен жабууну көздөйт.

Вашингтон куурдун курулушуна каршы чыккан жана Исламабадга “санкцияга алып барчу аракеттерден качуу” кеңеш берген. Себеби Иран ядролук программасынан баш тартпагандыктан, АКШ жана башка Батыш өлкөлөрү, андан тышкары Улуттар Уюму Тегеранга санкция жарыялаган.

Асиф Али Зардари өз сөзүндө газ куурун куруу Пакистандын экономикалык кызыкчылыгына ылайык экенине да токтолду:

"Пакистан биздин приоритетибиз жана биз улуттук кызыкчылыгыбызга ылайыктуу гана иштерди жасап жатканыбызды, анын башка эч кандай жүйө жок экенин бардык досторубуз түшүнүш керек. Биз эч кимге каршы эмеспиз. Биз эч кандай башка маселелерге каршы эмеспиз... Биз баарыбыз тынчтыкты каалайбыз, биз Пакистандын экономикалык өсүшүн каалайбыз”.

Иран газ куурунун бир кыйла бөлүгүн куруп койгон. Бирок Исламабад Вашингтондун кысымынан улам курулушту кечеңдетип жүргөн. Февралдын аягында президент Зардари Тегеранга расмий сапарга барган кезде Иран бийликтери куурдун Пакистан тарабындагы 750 чакырымын курганга жардам сунуш кылган жана 500 миллион доллар кредит бермей болгон. Куур бүтсө, Иран күнүнө Пакистанга 21, 5 млн куб метр газ сатууну мерчем кылууда.

Ирандын руханий көсөмү Аятолла Али Хаменейи 27-мартта Тегеранда болгон жолугушууда президент Зардариге АКШнын куурга каршы чыкканына көздү жумуп коюуга чакырып, Пакистандын көгүлтүр отунга болгон керектөөсүн бир гана Тегеран канааттандыра алат деген. Ошол эле күнү кечинде Вашингтон Исламабадга альтернативдүү вариантты сунуш кылган. “Биз Пакистан чоң көлөмдө энергияга муктаж экенин түшүнөбүз, бирок Пакистанга энергетикалык керектөөсү үчүн узак мөөнөттүк чечим зарыл”,-деп билдирген Ак үйдүн өкүлү Патрик Вентрелл.

Иран газдын кору боюнча дүйнөдө Орусиядан кийинки экинчи орунда турат. Талдоочулар Иранда өндүрүлгөн газдын көбү өлкө ичинде керектелип, сырт өлкөлөрдөн бир гана Түркияга сатыларын айтышат. Тегеран болочокто Иракка жана Сирияга газ сата баштайт. Үч өлкө 2011-жылы газ куурун куралы деп макулдашкан. Азыр газдын курулушу Иран тарапта гана жүрүүдө.

XS
SM
MD
LG