Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:17

НАТОго жол ачылганына исламчылар нааразы


Пакистан Коргоо кеңешинин маршы, Исламабад, 9-июль, 2012
Пакистан Коргоо кеңешинин маршы, Исламабад, 9-июль, 2012

Пакистан өзүнүн аймагы аркылуу Ооганстандагы НАТОнун аскерлерине жүк ташуучу жолду кайрадан ачканына өлкөдөгү радикал диний топтордун миңдеген тарапкерлери каршы болушту.

Алар буга нааразылык иретинде кечээ массалык демонстрацияга чыгышты.

Пакистан бул жолду былтыр ноябрда, АКШнын абадан жаңылыш урулган соккусунан пакистандык 24 аскер набыт болгондон кийин жаап салган.

Өткөн аптада ал окуя үчүн АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон кечирим сурагандан кийин гана транзиттик жол кайрадан ачылган эле.

Жол кайра ачылганына нааразы болгон 15 миңдей адам 9-июлда Пакистандын парламентинин жанына чогулду.

Анти-америкалык кыйкырыктар менен коштолгон соңку нааразылык жума күнү Куэтта шаарынан башталган, 6-июль, 2012
Анти-америкалык кыйкырыктар менен коштолгон соңку нааразылык жума күнү Куэтта шаарынан башталган, 6-июль, 2012
“Узун марш” деп аталган кыймылды Пакистандагы 40тай диний саясий партияларды бириктирген Пакистандын Коргоо кеңеши уюштуруп жатат. Алардын нааразылык акциялары алгач чыгыштагы Лахор шаарынан башталды. Марштын катышуучулары АКШ жана Индия менен алакаларды токтотууну талап кылышты.

Ошол Пакистан Коргоо кеңешинин лидери Маулана Самиул-Хак чогулган элге кайрылып: "Эркиндик согушу бир эле марш же азыркыдай узун марш менен токтоп кала тургандай жеңил нерсе эмес. Ооганстандын эли бул үчүн 35 жылдан бери согушуп келатат жана он миңдеген элинен айрылды. Биз алардан сабак алышыбыз керек".

Бул толкундун башчыларынын дагы бири - Хафиз Саидди - Индия Мумбай шаарына жана парламентине чабуулду даярдагандардын бири деп күнөөлөп келатат. Саид болсо ага эч кандай катыштыгы жоктугун айтууда.

Чогулган элдин алдындагы сөзүндө Саид Пакистандын аймагында АКШ туш келди асмандан урулган соккуларын токтотсун деди. Ал “Американын кулчулугуна” чекит коюш керек деп айтты.

Хафиз Саид
Хафиз Саид
"Американын кулчугунан кутулуш үчүн алгачкы жолу ар кайсы партиялардын коалициясы түзүлдү жана үлкөн кыймылдын жаралышына алып келди. Кыймылды эми Кудай колдосун. Азыр биз НАТОго, америкалыктарга кайра курал жөнөтүлүп, алар мусулмандарды массалык түрдө кырышына жол бербешибиз лаазым. Алар каалаган учурда эле асмандан чабуул коюшун токтотушу керек. Америкалыктар менен алардын союздаштары бул региондо дагы жүрө беришине чыдап тура албайбыз", - деди чогулгандарга кайрылган Саид.

Саиул-Хак жыйында айтканына караганда, алар ушул аптада 14-июлдан тарта пакистан-ооган чек арасындагы Куэтта жана Пешавар шаарларында узун маршын улантканы жатышат.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG