Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:48

Пакистан менен Ооганстан тогошкон Хиндукуш тоолорунун койнунда исламга чейинки байыркы маданиятын сактап калган эл жашайт.

"Азаттыктын" Пакистан кызматынын кабарчылары барып келген калаш эли өзүн Искендер Зулкарнайдын кол алдындагы жерлерден өткөн грек, македон аскерлеринин урпактары деп эсептешет. Бирок бул элдин кайталангыс маданияты азыр исламга үгүттөгөндөрдүн, жаңжалдардын жана экономикалык каатчылыктын кысымында калган.

Калаш элинин өзгөчөлүгү алар башка коңшуларынан айырмаланып, байыркы, исламга чейинки динин карманышат. Алардын салттары дээрлик өзгөргөн эмес.

Бул уникалдуу маданияттын сакталып калышынын себеби, алар жашаган аймакка жетүү кыйын. Жазында машина менен муз каптаган кыя жолдор менен 10 саат жүрөсүз. Кышында ашуулар жабылып калат.

"Азаттыктын" кабарчысы барганда, жаздын келишин белгилеген майрамдын үстүнөн чыккан. "Азаттыктын" сайтында турган бул видеодон калаштар өздөрү сыйынган кудайларга жана арбактарга арнап ыр-ырдап, бийлеп жатканын көрө аласыз.

- Биз ырдап аткан ырлар биздин адабиятыбыз. Өкмөт биздин маданиятты сактоо үчүн кошумча бир аракеттерди көрүшү зарыл. Биздин ата-бабаларыбыз Ооганстандагы Кунардан Тартып, Пакистандагы Гилгитке чейинки жерлерди бийлеп турган, - дейт жаз майрамдын катышуучуларынын бири.

Бирок кылымдан кылымга калаш уруусунун катары суюлуп келет.

Учурда Пакистандын Читрал ооданындагы алыскы үч өрөөндө беш миңдей гана киши калган.

Айрым илимпоздор аларды эки миң жыл мурда бул аймактарда болгон Александр Македонскийдин, же аймакта Искендер Зулкарнайын деген ат менен белгилүү болгон европалык генералдын аскерлеринин урпактары деп санашат. Башкалар алардын ага чейин эле жашаганын айтышат.

Сайгүл Калаш Читрал музейинин директору:

- Ар ким ар нерсени айтат. Бирөөлөр Искендерди айтышса, башкалар калаштар Ооганстандагы Нуристандан келген дешет. Археологиялык изилдөө бул жакта адамдар Искендерге чейин эле жашаганын көрсөтөт. Алардын Македониядан келген аскер башчынын урпактары экендигине археологиялык далил табылган эмес. Бул жерлерде түпкүлүктүү эл 4-5 миң жылдан бери жашайт. Алар ошол кездеги эле салт-санааларын сактап келатышат.

Бул кайталангыс маданияттын үлгүлөрүн көрүстөндөн көрсөк болот. Мында көмүлбөгөн табыттарда ачык асман астында жаткан адам сөөктөрү агарат.

Калаш элинде өлгөн кишини жерге көмбөстөн, керек-жарак, шаймандары менен табыттын ичинде калтыруу салт болгон. Бирок туристтерди тейлеген Зарин Хандын айтымында, ууру-кески көбөйүп, табыттардагы баалуу оокаттарды уурдап баштагандан кийин, 1970-жылдардан бери калаштар өлүктү жерге көмө башташкан.

Калашта өзгөрүүлөр да жок эмес. Бир тобу исламга өтүп алган, ал эми жакырчылык элдерди туулган жерин таштап кетүүгө түртүүдө.

Пакистандын талиптер менен согушу турмушту дагы кыйындатты.

- Мурда чет элдиктер көп келчү. Туризм чоң бизнес болгон. Эл батпай, суунун боюна чатыр тигишчү. Азыр терроризм чыгып, саякатчылардын аягы суюлду, - дейт Вазир Зада деген тургун.

Калаш элинин маданиятын Хиндукуш тоолору сактап келген эле. Алардын кайдан келгендиги тууралуу чындыкты асман тиреген аска-зоолорду курчаган туман басып калгандай. Бир ууч элдин келечеги да бүдөмүк.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG