Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:18

Пакистанда талибдер 250дөй адамды абактан бошотту


Полициячылар жана жоокерлер Дера Ысмайыл хан шаарындагы түрмөгө талибдер жасаган чабуулдан кийин уруш жөнүндө сүйлөшүүдө. 30-июль 2013
Полициячылар жана жоокерлер Дера Ысмайыл хан шаарындагы түрмөгө талибдер жасаган чабуулдан кийин уруш жөнүндө сүйлөшүүдө. 30-июль 2013

Талиб согушкерлери Пакистандын Дера Ысмайыл хан шаарындагы түрмөгө чабуул коюп, 250дөн ашык арестантты бошотуп кетти.

Дера Ысмайыл хан уруулардын башкаруусундагы Түштүк жана Түндүк Вазиристан региондорунун чек арасында жайгашкан. Ооганстанга чектеш Хайбер Пахтунква провинциясына кирген бул аймак согушчандардын очогу эсептелет.

Полиция акимчилигинин билдиришинче, абак жайга дүйшөмбүдөн шейшембиге караган түндө кол салынып, коргонду бузуу үчүн бомба колдонулган. Согушчандар качырып кеткен арестанттардын арасында маалыматтарга караганда, “өтө коркунучтуу террорчулар” бар. Абактан талиб согушчандары менен бирге “ал-Каида” менен кызматташкан “Лашкар-е Жангви” уюмунун мүчөлөрү да качырылганы айтылууда. Сунни экстремисттеринин “Лашкар-е Жангви” согушчул тобун өкмөт быйыл эле жүздөгөн шииттерди өлтүрдү деп күнөөлөнгөн.

Регионалдык өкмөттүн башчысы Муштак Ядундун билдиришинче, чабуул кезде кеминде 14 адам окко учкан. Алардын алтоо полициячылар.

Абактын Зихан деген кароолчусу “Азаттык” радиосунун Пакистан кызматына чабуулду мындай сүрөттөдү:

- Биринчи кароолдорду өлтүрүштү. Андан соң ракетадан атып, төрт полициячыны өлтүрүштү. Бир полициячыны кармап алып, түрмөнүн ныптасындагы аянтта атып салышты. Эки саатка созулган чабуул кезде алтымышка жакын жардыруу болду. Андан кийин түрмөгө бузуп кирип, 200-250 чамалуу арестантты чыгарып кетишти. Алар төрт арестантты тындым кылышты. Баары тең шииттер болчу.

Дера Ысмайыл Шан шаарындагы борбордук түрмөгө талиптер чабуул жасап кеткенден кийинки көрүнүш.
Дера Ысмайыл Шан шаарындагы борбордук түрмөгө талиптер чабуул жасап кеткенден кийинки көрүнүш.
Согушчандар адегенде абактын жанындагы имараттарды, ошондой эле оорукананы ээлеп алышып, чатырдан туруп алып түрмөгө ок ачышкан. Алар барымтага алган адамдарды калканч ирети колдонгону полиция менен коопсуздук күчтөрүнүн имаратты бошотуусуна катуу жолтоо кылган.

Муштак Ядундун билдиришинче, согушчандар чегингенде түрмөнү миналап кеткен. Бул сааттарга 14 мина иштен чыгарылганы кабарланды.

Талибдердин өкүлү Шахидулла Шахид түрмөгө жасалган чабуулга 150дөй согушчан, анын ичинде бомба байланган 8 жанкечти катышканын, анын натыйжасында 300гө жакын туткун бошотулганын жарыя кылды.

Пакистан түрмөлөрүнүн башкы инспектору Халид Абас болочокто мындай окуя кайталанбас үчүн провинциалдык жана улуттук өкмөт олуттуу чара көрүшү керек дейт:

- Азыр өкмөт чечкиндүү чара көрүшү абзел. Же түрмөлөрдү талибдерге тапшырып бериши, же бекем күзөтүлгөн түрмөлөрдү куруп, олуттуу кадамдарды жасашы лаазым. Азыркы абак жайлар кадим адамдарга ылайыктап курулган. Мен бир жарым жыл мурда Банну түрмөсүнө бүгүнкүдөй жасалган чабуулдан кийин өкмөткө эскерткем. Бүгүн кайра айтам: өкмөт катуу чара көрбөсө, мындай окуя кайра кайталанат.

Талиб согушчандары 2012-жылы апрелде Банну шаарында түрмөгө чоң масштабдагы чабуул жасап, согушчандар 400дөй кылмышкерди, анын ичинде бийлик “өтө коркунучтуу” деп эсептеген 20 арестантты бошотуп кеткен.

Банну шаары да Хайбер Пахтунква провинциясында жайгашкан.

XS
SM
MD
LG