Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:30

Д.ШАМАТОВ: ПАКИСТАН, ООГАНСТАНДА ЖАЙ ТУРМУШ ОРНОСО ОКЕАНГА ЖОЛ АЧЫЛАТ


Маектешкен Бурул Сарыгулова, Бишкек Ишемби күнү Пакистан жаңы президентин шайлады. Ал - мурдагы премьер-министр маркум Беназир Бхуттонун өмүрлүк жары, Пакистан элдик партиясынын лидери Асиф Али Зардари. Бул окуяга кыргызстандык талдоочулар кандай баа берип жатышат? Бул суроого жооп издеп “Азаттыктын” түз обосуна Борбор Азия Университетинин ага илимий кызматкери, билим берүүнүн доктору (PhD Education) Дүйшөн Шаматовду тарттык.

-Дүйшөн мырза, мына Пакистанда бийликти күч менен алган аскерий адам Первез Мушараффтан кийин жай адам, элдик партиянын лидери мамлекет башына шайлоо аркылуу келип отурат. Зардариден президент катары эмнени күтсө болот?

- Бу Асиф Али Зардари өзүңүзгө маалымат болгондой маркум Беназир Бхуттонун күйөөсү болгон да. Зардаринин бийликке келишин анчалык деле эйфория менен күткөн жокмун. Себеби анын өмүр баяны, мурдагы кылган иштери тууралуу бир топ эле маалыматым бар.

Мен Пакистанда төрт жылдан ашык убакыт болгом. Бул аралыкта ал жердин саясатын кыйла түшүнүүгө аракет кылгам. Зардаринин алдында көп эле олуттуу маселе турат. Ошол эле учурда өзү дагы бир топ ар кандай иштерге аралашкан деген сөздөр бар.

- Коррупциялык иштерге аралашкан деп жазып жатышпайбы. Ошол эле мезгилде Зардари президенттикке баратканда жубайы, маркум Беназир Бхуттонун атын көп пайдаланды деп атышат. Анын коомдо таасири канчалык эле буга чейин?

- Менимче, Асиф Али Зардари жөнүндө Пакистандын өзүндө деле анчалык жакшы ой жок. Анткени, Беназир Бхутто премьер-министр болуп турганда ал көмүскөдө болуп, Бхуттонун көлөкөсүндө ар кандай иштерди жасаган. Анын элге терс аты таанымал болгон. Мисалы, “Мырза Он пайызчы” же англисчеси -“Mister 10%”. Бул жөндөн-жөн эле коюлган эмес. Кылган иштерине байланыштуу болгон. Ал ар кандай бизнеске барып эле өз үлүшүн коюп, ошол ишканадан, ишкерден өзүнө үлүш алып турган. Ошон үчүн аны терс кабыл алышкан.

- Канткен менен Зардари Пакистанга президент болуп шайланды. Бул – факт. Эми ал башкарган Пакистан эл аралык саясатты кандай багытта жүргүзүшү мүмкүн? Ошол эле козголоңчулар проблемасы турат Пакистандын өзүндө. Зардари президенттикке аттанганда эле бир нече терракт болуп кеткендиги айтылды. Бул албетте, регион менен тыгыз байланыштагы маселе. Индия, Ооганстан проблемасын жөнгө салууга кандай салым кошо алат?

- Менин оюмча, анын алдында өтө эле олуттуу маселелер, чоң сынактар турат. Бир жагынан ал АКШдан жардам алууну көздөйт. Себеби, Пакистандагы ар кандай радикалдык уюмдарга каршы күрөшүүнү дагы эле көздөп турат. Бул бир маселе.

Ошол эле учурда Пакистандагы антиамерикалык сентименттер да бар да, алар менен да иш алып барышы керек. Кедейлердин турмушун көтөрүшү керек. Мунун башка мамлекеттерге таасири түздөн-түз болот. Себеби, бул региондогу өзөктүк курал-жарагын иштеп чыккан бирден-бир мусулман мамлекети эмеспи. Ошол өзөктүк куралдын кимдин колуна түшүп калат деген дагы өтө эле олуттуу маселе.

Ал эми Ооганстан боюнча. Эгер Пакистанда жакшы бийлик орноп, бейпилдик орной турган болсо, анын арты менен Ооганстанга бейпилдик келсе, Кыргызстан үчүн да, жалпы Борбор Азия үчүн да жакшы болушу мүмкүн. Ооганстан жана Пакистан аркылуу Индия океанына чыгууга мүмкүн болот эле. Бул экономикабызга жакшы таасири болмок.

XS
SM
MD
LG