Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:29

ПАКИСТАН: ЖАРДЫРУУ МАМЛЕКЕТ БАШЧЫЛАРЫН БУТАГА АЛГАН ШЕКИЛДҮҮ


Ишемби күнү Исламабаддагы беш жылдыздуу Марриот мейманканасын жардырганда жанкечтилер өздөрү менен кошо 53 кшинин өмүрүн алып кетишти. Азырынча эч ким жоопкерчиликти өзүнө ала элек, бирок Пакистандын бийликтери «ал-Каидадан» шектенип жатат. Пакистандыктар өздөрүнүн 11-сентябры болуп калды деген бул каргашалуу жардыруудан кийин өкмөт терроризмге каршы күрөштү күч алдырууга убада кылууда.

Чет элдиктер жана оокаттуу пакистан жарандары көп токтолгон алты кабаттуу Марриотт мейманканасындагы жардыруудан башталган өрттү 13 саат дегенде өчүрүп бүтүштү. Ички иштер министрлигинин мартабалуу өкүлү Рехман Малик кабарчыларга жардырууда 53 киши курман болуп, 266сы жараат алгандыгын бышыктады.

Ишембинин кечиндеги жардыруудан кийин Пакистан менен Ооганстан терроризмге каршы күрөштү күч алдырууга макулдашышты. Ооган президенти Хамид Карзай менен кечээ жекшемби күнү жолуккандан кийин Пакистандын өкмөт башчысы Юусуф Жилани терроризмден арылуу үчүн кеңири масштабда жана чындап кызматташуу зарылдыгын белгиледи.

Ал эми Ооганстандын тышкы иштер министри Рангеен Дафар Спанда Азаттыктын Кабулдагы кабарчысы Брешна Назариге буларды айтты:

- - Исламабаддагы жардыруу терроризм эки өлкөгө тең, алардын демократиялык өнүгүшүнө олуттуу коркунуч келтирээрин дагы бир ирет көрсөттү. Эки өлкөнүн шайланма өкмөттөрү терроризмге каршы күрөштү биргелешип күчөтүшү керек.

Азырынча эч ким жардыруу үчүн жоопкерчиликти өзүнө ала элек. Бирок Пакистандын ички иштер министрлиги «ал-Каида» менен алакасы бар жергиликтүү талибдерге сөөмөй кезеди. Ал эми коргонуу министри Чу ад хры ахмад Мухтар чабуулга өзбек, чечен жана башка чет элдик согушкерлердин да катышы бар деген шектенүүсүн билдирди:

- Бул чабуулга чет элдиктердин да тийешеси бар экендигинде шек жок .Анткени биз согушуп жаткан өзбектер менен чечендер пакистандык жарандар эмес.

Министр пакистан армиясы ооган чек арасындагы Түндүк Батыш чек ара дубанында өзбек, чечен жана араб козголоңчулары менен согушуп келаткандыгын кошумчалады.

9-сентябрда бийликке келгенден бери Мариотт мейманканасы бомбаланган күнү биринчи жолу парламентте сүйлөгөн сөзүндө президент Асид Али Зардари Пакистандын аймагын террористтер менен чет өлкөлөрдүн тепсендисинде калтырбоого сөз берген эле.

Бирок сөзү менен өлкөнүн тарыхындагы эң бир кайгылуу кол салууну болтурбай коё алган жок.
Жардыруудан кийин элге кайрылуусунда, Зардари өзүнүн аялы, экс-премьер Беназир Бхутто террордук чабуулда каза тапканын эскерип, элди ынтымакташып, терроризмге каршы күчүн бириктирүүгө чакырды.

Мейманкананы жардыргандар ал күнү кечинде Марриотто кечки сый тамакка чогулмакчы болгон Пакистандын мамлекет башчыларын бутага алган шекилдүү. Бирок улуттук жыйындын спикеринин сунушу менен, президент, өкмөт башчысы жана кол башчылар эң акыркы мүнөттө премьердин үйүнө барууну чечишкен экен. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин жетекчиси Рехман Малик бүгүн кабарчыларга билдирди.

XS
SM
MD
LG