Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:39

Мушарраф "кыл көпүрөдөн" өткөнү турат


Экс-президент Первез Мушарраф аскерлердин коштоосунда сотко баратат. Исламабад, 20-апрель, 2013

Экс-президент Первез Мушарраф аскерлердин коштоосунда сотко баратат. Исламабад, 20-апрель, 2013

Первез Мушарраф өлүм жазасына тартылышы же өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Анткени Пакистандын мурдагы аскердик башкаруучусу 1999-жылы өлкөнүн эл шайлаган өкмөтүн кулаткан жана 2007-жылы сотторду кызматтан алып, ошондой эле чукул кырдаал абалын киргизип, Конституцияны бузду деп күнөөлөнүүдө.

Июндун аягында Пакистанда өлүм жазасына мурда жарыяланган мораторийдин мөөнөтү бүткөн. Эгер Мушаррафтын айыбы ырасталса, серепчилердин айтышынча, анын өлүм жазасына тартылышы толук мүмкүн.

2001-жылдын 20-июнунан 2008-жылдын18-августуна чейин Пакистанды темир чеңгелинде кармап турган Первез Мушарраф өзү койгон тузакка өзү илинчүдөй болуп турат. Ал жылдары жүздөгөн жарандар жогорку жазага тартылган. Эл аралык мунапыс уюмунун маалыматы боюнча, 2005-жылы эле кеминде 241 киши өлүм жазасына тартылып, 31 адам дарга асылган. Пакистан бул жагынан Кытай, Иран, Сауд Арабиясы жана АКШдан кийинки бешинчи орунда турган.

Мындан тышкары Мушаррафтын саясий атаандаштары, алардын арасында экс-премьер-министр, Пакистан элдик партиясынын маркум лидери Беназир Бхуттону жана "Пакистан мусулман лигасы" партиясынын төрагасы Наваз Шарифти абакка отургузган.

Генерал Мушарраф 2008-жылкы парламенттик шайлоодон соң президенттиктен кетер замат өлүм жазасына киргизилген мораторийдин мөөнөтү 30-июнда бүттү. Азыр бийлик генералдын элдешкис душмандарынын колунда. Президент Азиф Али Зардари Пакистан элдик партиясынын теңтөрагасы. Өкмөттү Наваз Шариф жетектейт. Ал 24-июнда парламентте сүйлөп, Мушаррафты чыккынчылык кылганы үчүн өлүм жазасына тартууга үндөдү. Ошентип азыр камакта отурган Мушарраф 1999-жылы эл шайлаган өкмөттү төңкөргөн жана 2007-жылы сотторду кызматтан алып, ошондой эле чукул кырдаал абалын киргизип, Конституцияны бузган деп күнөөлөнүүдө.

Акыркы жылдары чет өлкөдө жашап жүргөн Мушарраф мартта өлкөгө келип, жаңы президенттик шайлоого катышканы жаткан. Эгер айыбы мойнуна коюлса, өзүнө “кыл жугузбаган” Мушарраф дарга асылышы же калган өмүрүн абакта өткөрүшү этимал.

Премьер-министр Наваз Шариф пресс-конференция берүүдө. 3-июль 2013

Премьер-министр Наваз Шариф пресс-конференция берүүдө. 3-июль 2013

Талдоочулар Мушарраф “чыккынчылык кылды” деп соттолооруна көп ишенишпейт. Андай болгондо 70тин кырындагы Мушарраф менен кошо башка да өлкөдөгү кырдаалды ала салдырып жиберчү генералдар менен саясатчыларды жоопко тартууга туура келет. Ошондуктан азыркы өкмөт “өзүн өзү жарга айдабасын” айтат америкалык серепчи Майкл Кугельман:

- Эгер иликтөө башталса, бул иш боюнча башка адамдар да тергелиши толук мүмкүн. Албетте ал тизмеде аскерий чиновниктер, судьялар, улуттук парламенттин депутаттары, анын ичинде башкаруучу "Пакистан мусулман лигасы" - "Наваз" партиясынын мүчөлөрү болот. Муну Наваз Шарифтин өкмөтү каалайбы, мен билбейм. Бирок ага жол коюлса, саясий кырдаалды бейстабилдештирип, Шарифтин бийлигине коркунуч туудурушу ыктымал.

Майкл Кугельман Вашингтондогу Вудров Вильсон атындагы эл аралык илимий борбордун Түштүк Азия боюнча талдоочусу.

Террорчулук күч алып турган шартта генерал Мушаррафты өлүм жазасына тартуу Пакистанды бейстабилдүүлүккө түртөрүнө Шуйя Наваз да көңүл бурат. Наваз Вашингтондогу АКШнын Атлантика кеңешинин Түштүк Азиянын изилдөө программасын жетектейт.

“Файнэншл Таймс” гезитинин жазышынча, 5-июнда Наваз Шариф премьерлик орунга отургандан бери террорлук чабуулдардан 170 адам, анын ичинде 9 чет элдик өлгөн. Аскерлер менен талибдердин салгылаштарында эки жактан 100дөн ашык адам окко учкан. Улуттук өкмөттүн алдында экономиканы жандандыруу, өлкөнү энергетикалык кризистен чыгаруу милдети турат. Ушундан улам, Шарифтин өкмөтү Мушарраф менен мунасага барып, анын Саудия же Бириккен Араб Эмирлигине чыгарып жибергендин амалын издеши мүмкүн.
XS
SM
MD
LG