Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:34

Пакистан: Наваз Шарифтин кайтып келиши


Наваз Шариф Лахордогу маалымат жыйынында, 13-май, 2013

Наваз Шариф Лахордогу маалымат жыйынында, 13-май, 2013

Пакистанда эки жолу өкмөттү башкарган Наваз Шариф кайрадан өлкө премьери боло тургандай. Шайлоодо жеңди делген Шариф өзү ким?

Эл активдүү катышкан 11-майдагы шайлоонун жыйынтыгында Наваз Шариф үчүнчү жолу кайра бийликке келип рекорд койду. Буга чейин өлкөдө бир да саясатчыга өкмөттү жетектөөгө мынчалык көп ирет ишеним берилген эмес.

63 жаштагы саясатчынын кайра бийликке келиши анын премьер-министрликтен сүргүнгө айдалганга, кийин оппозициянын негизги лидерлигине чейинки өзгөрүүлөргө бай он жылдыкты камтыды.

Анын “Мусулмандар лигасы” партиясынын көпчүлүк жактоочулары 180 млн. калктуу өлкөнүн эң чоң провинциясы Панчжабдан болушат.

Шарифти колдогондор дал ушул саясатчы азыр өлкөнү экономикалык каатчылыктан чыгарып, энергетикалык кризис, инфляция жана жумушсуздук деген өңдүү оор проблемаларды чечкенге кудурети жетет деп ишенишет.

Бирок Шарифтин сынчылары динге катуу берилген саясатчы талиптер же “ал-Каида” өңдүү чабуулдары он миңдеген пакистандыктардын өлүмүнө тургандар менен канчалык күрөшө алат деп суроо коюшууда. Келерки жылы коңшулаш Ооганстандан Батыштын аскерлери чыгарылат. Андыктан бу лидердин исламчыл козголоңчуларга карата саясаты кандай болооруна Пакистандын коңшулары да, АКШ да өзгөчө кызыгуу менен байкоо салып турушат.

Анын саясаттагы ишмердүүлүгү түрдүү сигналдарды берет. Тамакты түрлөп жеп, даярдай алгандыгы, крикет оюнун жакшы көргөнү менен белгилүү Шариф саясатка жумурияттын чыгышындагы Лахор шаарында, өз үй-бүлөсүнүн бизнесин сактап калыш үчүн келген.

Бизнестен саясатка

1947-жылы Индиянын түндүгүнөн көчүп келген Шарифтердин үй-бүлөсүнөн кийин металл менен иш кылган көптөгөн магнаттар чыккан. Анын атасы Мухаммад Шариф бизнестеги өзгөчө кыраакылыгы менен таанылган болчу. 1970-жылдардын башында анын “Иттефак” өндүрүштүк компаниясын премьер-министр Зулфикар Али Бхутто мамлекеттин карамагына өткөрүп алганда катуу жабыркады.

Наваз Шарифти мурдагы аскерий диктатор Зияул Хак колдой баштаган, дал ушул диктатор 1977-жылы Бхуттону бийликтен кулатат. Ошондо Шарифтердин үй-бүлөсү кайрадан бизнесин өзүнө кайтарып, 1980-жылдары Шариф өзү провинциянын каржы министри болуп калды. Хак 1988-жылы көзү өткөндөн кийин Шариф оңчул-улутчул консерваторлордун лидери катары таанылып, 1990-жылдары эки жолу жумурияттын өкмөтүн башкарды.

Лидер катары анын анча деле харизмасы, элди жетелей алгыдай өзгөчө сапаты жок дешет. Ошентсе да, аны көптөр мыкты башкаруучу, менеджер катары билишет. Ал өкмөттү башкарган жылдары инфраструктура жакшырып, көптөгөн жаңы жумуш орундары түзүлгөнү менен эсте калды. Мамлекеттин бизнес чөйрөсү Шарифтин экономиканы либералдаштырууда жасаган чечкиндүү аракеттерин колдоого алган.

Шарифтин премьерлик экинчи мөөнөтү 1999-жылы генерал Первез Мушарраф уюштурган аскерий төңкөрүштүн айынан токтогон. Мушаррафты Шариф өзү ишке алганына карабай, көптөн берки душманы Индия менен тынчтыкка барам дегенине Мушарраф караманча каршы чыккан.

Оор он жылдык

Төңкөрүштөн кийин Шариф Сауд Арабияга сүргүнгө айдалат, ал жактан 2007-жылы гана кайра келди. Ал сүргүндө жүргөн жылдары көпчүлүк байкоочулар анын “саясий ишмердигине чекит койсо болот” деп ойлошту. Бирок мекенге кайткандан кийинки үй камагы да, анан өзүнүн премьерлик учуру менен байланышкан толтура жаңы кылмыш иштери да Шарифти сындыра албагандай.

Пакистандык мурдагы дипломат жана Шарифтин жакын санаалаштарынын бири Тарик Фатми 11-майдагы шайлоодо экс-премьердин жеңиши “эл мыкты башкаруучулукту жана экономиканын өнүгүшүн каалаганын көрсөтөт” деди. Анын ишениминде, Шариф кайра премьер-министрдин кызматына келгенден тарта Индия менен тынчтык келишимине жеткенге аракетин көрө баштайт.

"Шариф - Индия менен достукту жана кызматташтыкты гана эмес, эки өлкөнүн экономикасына да олуттуу салым боло тургандай мамилеге жетүүнү каалаган пакистандык алгачкы премьер-министр. Ал 1999-жылы аскерий төңкөрүштүн айынан токтоп калган максаттарын азыр эми өкмөткө келгенден тарта улантат", - деди Фатми.

Чындап эле муну Шариф өзүнүн шайлоодон кийинки билдирүүсүндө да бышыктаган. Ал ишке киришердеги ант берүү салтанатына Индиянын премьер-министри Манмохан Сингхди чакыра турганын билдирди.

Анын Индия менен алаканы жакшыртууга аракет кылам деген мүдөөсү бизнеске ыктаган Панчжабдагы ортоңку тап тарабынан чындап колдоого алынышы мүмкүн. Бирок ага өлкөнүн таасирдүү аскерий истеблишменти каршы чыгаары турган иш.

Ошондуктан өз өлкөсүндөгү аскерий жетекчилик менен достукка Шариф кандай формада жетишкенге аракет кылаары, терроризмге каршы өзүндөгү согушта кандай багытты карманары анын премьерлик алгачкы айларында дайын болоор.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG