Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:24

Текебаев 25-апрелге чейин УКМКнын тергөө абагында камалат


Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлеринин митингинен бир көрүнүш
Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлеринин митингинен бир көрүнүш

Биринчи май райондук сотунун чечими менен “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев коопсуздук кызматынын тергөө абагына камалат. Мындай маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы таратты.

Текебаевдин тарапкерлери анын эки айга камоо тууралуу чечим бийликтин көрсөтмөсү менен алдын ала чыгарылганын айтышууда.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 26-февралда саат үчтө “Манас” аэропортунан кармалып, камакка алынган.

25-февралда Башкы прокуратура “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге Кылмыш-жаза кодексинин “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча УКМКдан келген материалдардын негизинде иш козгогон. Башкы көзөмөл органдын маалыматы боюнча, Текебаев орусиялык жаран Леонид Маевскийден 2010-жылы бир миллион доллар алып, “Мегаком” сатылгандан кийин каражатты кошумчасы менен кайтарып берерин айткан. "Бирок “Мегаком” сатылбай калып, Текебаев орус жаранына акчаны бербей койгон", деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Текебаев өзүнө карата козголгон иш күтүлгөнүн, УКМК тарабынан атайын пландалганын билдирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG