Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:47

Суфий уламанын "саясий тамашасы" бүттү


Мухаммед Тахрир-ул-Кадри Исламабадда тарапкерлеринин алдында сүйлөп жатат, 17-январь, 2013-жыл.

Мухаммед Тахрир-ул-Кадри Исламабадда тарапкерлеринин алдында сүйлөп жатат, 17-январь, 2013-жыл.

2013-жыл Пакистанда маанилүү саясий окуяларга бай болору мурдатан белгилүү болчу.

Себеби жайында өтчү парламенттик шайлоодон кийин премьер-министр алмашат. Сентябрда президент Асиф Али Зардаринин бийлик мөөнөтү аяктайт. Ноябрда Пакистан куралдуу күчтөрүнүн командачысы, генерал Ашраф Первез Каяни жашы боюнча отставкага кетет. Декабрда өлкөнүн 65 жылдык тарыхындагы Жогорку Соттун эң кубаттуу төрагасы Ифтихар Чаудри да пенсияга чыгат.

Белгилей кетүүбүз абзел - жергиликтүү жана эл аралык серепчилер кезектеги парламенттик шайлоонун натыйжасында Пакистан тарыхында экинчи жолу демократиялык бийлик тынч алмашат деген үмүттө эле. Бирок таанымал диниятчы Мухаммед Тахир-ул-Кадри баштаган он миңдеген адам 15-январдан тарта Исламабаддын борбордук аянтын конуш кылып, бийликке бир катар саясий талаптарды койду. Атап айтканда, өкмөт кетип, ордуна өлкөдөгү бардык таасирдүү саясый оюнчулар: саясый партиялар, соттор жана армиянын өкүлдөрү кирген убактылуу өкмөт курулуш керек. Убактылуу өкмөт жалпы элдик шайлоону өткөрүүгө тийиш.

Кадри өкмөттү бийлик мөөнөтү бүтөөр алдында кетирүүнүн зарылчылыгын жаңы парламентке паракор, коррупционерлерди эмес, чынчыл адамдарды алып келүүнүн зарылдыгы менен негиздеди.

Мухаммед Тахир-ул-Кадри ким?

Пайгамбар жашындагы Тахрир-ул-Кадри дүйнөдө белгилүү мусулман уламалардын бири. Пенжяб университетинин эл аралык мыйзамдар боюнча мурдагы профессору. Шарият канондоруна, Курандын негиздерине арналып, араб, англис жана урду тилдеринде чыккан 400дөн ашуун эмгектин автору.

2010-жылы басмадан чыккан “Терроризм тууралуу фатвасы” ага улама катары чоң кадыр-барк алып келди. Бул көлөмдүү китепте ал Куранга жана шариятка таянып, террорчулукту эч кандай негизде актап болбосун далилдейт. Улама 1981-жылы түптөгөн "Техрик-е-минхадж ул-Коран" эл аралык уюму Куранды байистүү суфизмдин усулдарына салып комментарийлейт, үгүттөйт; диний толеранттуулукка, түрдүү конфессиялар арасындагы өз ара түшүнүүчүлүккө - диалогго үндөйт.

Кадри 1989-жылы "Пакистан Авами Тегриик" партиясын түзүп, үч жылдан кийин генерал Первез Мушарафтын чеңгелиндеги парламентке шайланган. Бирок эки жылдан соң “адашкан экенмин, канааттанбадым” деп парламенттен кеткен. Аалым акыркы жети жылда Канадада жашап, декабрда гана Пакистанга келген.


Жогорку соттун "ара туулган" чечими

Мухаммед Тахир-ул-Кадри 15-январда Исламабаддын чак ортосунда саясий талабын жаамы журтка жарыялап жатканда, Жогорку Соттун премьер-министр Ража Первез Ашрафты камакка алуу жөнүндөгү жарлыгы чыкты. Ашраф, соттун маалымдашынча, Суу чарба министрлигин жетектеп турган кезде коррупцияга аралашкан экен. Мындай кабарды аянттагы 30 -50 миң чамалуу элди “караңгыда биликке май тамызып, ширеңке чаккандай” сүйүндүрдү. Бул эки окуянын удаа келиши “Пакистан кайра саясий кризистин толкунуна кабылдыбы? 62 жаштагы Кадринин артында ким турат? Он миңдеген адамдар катышкан жүрүштөн ким пайда табат? деген сыяктуу суроолорду жаратты.

Аалым-диниятчы Тахир-ул-Кадри 15-январда сүйлөгөн сөзүндө парламентти жана шайлоо комиссиясын таркатууну, салык төлөбөгөн саясатчыларды парламенттик шайлоого катыштырбоону да талап кылды. Анткени парламентте отурган “кузгундар” акчаларын сырт өлкөлөрдөгү банктарга сактайт, 70% салык төлөгөн эмес. "Терроризмге каршы күрөш да ийгиликсиз" - деп баалайт диниятчы-саясатчы.

Чет элдик басылмалар Пакистандагы кырдаалды кандай баалады?

Вашингтондо чыкчу Foreign Policy журналынын байкоочуларга шилтеп жазышынча, суфий-улама уюштурган саясий жортуулдун максаты - Пакистанда Бангладештин үлгүсүндөгү төңкөрүш уюштуруу. 2007-жылы жайында Шейх Хазина башындагы Авами Лигасы баштаган саясий тирешүүдөн пайдаланып, генералдар жана Жогорку Сот колдогон технократтык өкмөт түзүлөт. Өлкөнү эки жыл жетектеген убактылуу өкмөт бийликтин бардык катмарларындагы коррупцияга каршы согуш ачып, анын жүрүшүндө көптөгөн колу булганыч саясатчылар жана даражалуу чиновниктер баш болгон жоон топ адамдар абакка салынат. 2008-жылдын аягында салыштырмалуу эркин жана калыс өткөрүлгөн шайлоодо Шейх Хасинанын партиясы жеңип, өкмөт башына келет.

Лондондогу “Файнэ́ншел-таймс” гезити бейшемби күнкү баш макаласын “Пакистандагы жаңы драманын көшөгөсү ачылууда” деп атады. Германиянын Spigel журналы болсо Пакистан бийликти демократиялык жол менен алмаштырчу саясий маданиятка муктаж экенине көңүл буруу менен, Frankfurter Allgemeine Zeitung гезитинен бул шилтемени басты: "Пакистан эли өз өлкөсүндөгү бийликтерден көрө жеке байланыштарына көбүрөөк ишенет. Пакистанга жаңы өкмөттөн башка дагы жаңы маданият керек. Өлкө зобун-зордуктун, адилетсиздиктин, коррупциянын жана саясый эки жүздүүлүктүн сазына баткан”.

​Пакистандагы саясий кризистин табиятын түшүнүү үчүн өлкө тарыхын билген пайдалуу. Пакистан мамлекетинин 65 жылдык тарыхындагы орунттуу саясий окуялар тууралуу Карачи шаарында 5 жыл окуп-иштеп келген, илимдин доктору Дүйшөн Шаматовдун Гүлайым Ашакеевага курган маеги:


Оппозиция эмне үчүн Кадрини жапырт колдогон жок?

Пакистандын оппозициячыл партиялары Тахрир-ул-Кадрини колдошкон жок. Тескерисинче, сынга алышты жана президент Зардарини тезинен президенттик шайлоо өтчү күндү жарыялоого чакырды. Өкмөт бейшемби күнү жалпы элдик шайлоо Конституцияга жараша 5-17-майдын ортолугунда болоорун билдирди.
Оппозициянын атан төөсү, Пакистан мусулман лигасы – "Наваз" партиясынын төрагасы Наваз Шариф өлкөнү башаламандыкка түрткөн ар кандай кадамга каршы экенин баса белгилеп, Кадри баштаган акцияны “тамаша” деп атады. Урду тилинде да “тамаша” кыргызчадагыдай эле оюн-зоок, оюн-күлкүнү түшүндүрөт.

Мурдакы атактуу крикетчи, азыркы саясатчы Имран Хан жетектеген "Пакистан адилдеттик кыймылы" да Кадрини колдободу жана ага кошулуудан баш тартты.
Анын себебин Хандын партиясынын даражасы улук мүчөсү “Азыркы марш өлкөдө коркунучтуу баш аламандыкты жаратат. Исламбадда абал өтө эле осолдоп кетсе, кырдаалды аскерлер колго алышы мүмкүн”, - деп түшүндүрдү.

Теги пакистандык серепчи Дауд Кхаттактын пикиринче, оппозициянын Кадрини колдобой коюсу элдин саясий аң-сезими өскөнүн күбөлөйт:

- Менин байкоом боюнча соңку 10 жылда Пакистандагы саясатчылар менен саясий партиялар коррупцияга, үзүрү жок ишмердүүлүктөрүнө карабай карапайым элге жакындоодо. Азыр эл менен саясий партиялардын карым-катнашы 80-90-жылдарга салыштырмалуу абдан жакшы. Саясий оппозициянын Тахрир Кадрини колдобой койгону – Пакистандагы саясий күчтөрдүн аң-сезиминин жетиктигин көрсөтөт. Пакистандагы бардык өзгөрүүлөр демократиялык жол менен өлкөнүн Башмыйзамына ылайык болушу керек. Муну - Пакистандагы саясий жараяндын көзгө көрүнөрлүк оң жагы деп айтууга болот.

Кадринин убактылуу өкмөткө армиянын өкүлдөрү да кирсин деген сунушу, көпчүлүк талдоочуларда анын артында аскерий төбөлдөр турат го деген шектенүүнү жаратты. Мисалы, Исламабадда жайгашкан Жинни институтунун башчысы Раза Руминин айтышынча:

- Өлкөдө нааразылык күчтүү. Кадриге окшогондор бул нараазылыкты, бул жүрүштү уюштуруу үчүн пайдаланды. Бирок бир маселе болууда. Ал азыр коюп жаткан талаптар армия тарабынан мурда айтылган эле. Ошондон улам маалымат булактарында жана башка жерлерде Кадри мырзаны аскерлер түртүүдө же ал армиянын мүдөөсүн өз ыктыяры менен, же эрксизден аткарып жатат окшойт деген тариздеги түрдүү кеп-сөздөр жүрүүдө.

Руми 1977-жылкыдан башка бардык шайлоолор Пакистан армиясы көзөмөлү астында өткөнүн, бирок ошондо түзүлгөн өкмөттү аскерий диктатура таркатып жибергенин кошумчалай кетти.

Мухаммад Тахрир-ул-Кадринин Канададан келгенине бир ай өтүп-өтпөй Лахордон Исламабадга жүрүш уюштурганы ар кандай шектүү сөздөрдү пайда кылууда. Деген менен, Абубакр Сыдыки айткандай, Кадринин армия менен байланышы бар экенин далилдеген фактылар жок.

Эмнеге Кадри өкмөттү кетире албады?

Лахор университетинин профессору Расул Бакш Райистин оюнча, Кадринин өкмөттүн ишин жакшыртуу боюнча айткан сөздөрү элдин талабына үндөшүп турганы менен, өкмөттү жарга такап эмес, мыйзамдын негизинде алмаштырган оңдуу.

- Эгер Кадриге окшогон кишилер жана чогулган көп эл өкмөттү кулата алса, бул демократияны реформалоонун жолу эмес. Демократияны реформалоонун эң мыкты жолу – мыйзам жолу. Бирок өкүнүчкө карай, мыйзамга таянып башкаруу - өкмөттүн эң алсыз жагы. Өкмөт бийлик институттарынын өз милдетин аткаруусуна, анын ичинде, премьер-министрди жана министрлердин былык иштерин иликтөөгө жол бербейт. Ошон үчүн бийлик андай калпыс ишинин натыйжасы үчүн жооптуу.

Узак жыл өлкөдөн тышта жүрүп, Ата мекенине декабрда гана келген адам кыска мөөнөттө кантип мынча элди өз артынан ээрчите алды? Суроого “Азаттыктын” Пакистан кызматчынын журналисти Дауд Кхаттак буларды айтты:

Студенттер Жогорку Соттун премьер-министр Ража Первез Ашрафты камакка алуу жөнүндөгү буйругуна каршы шам жагып, нааразылык билдиришүүдө. Лахор. 16-январь

Студенттер Жогорку Соттун премьер-министр Ража Первез Ашрафты камакка алуу жөнүндөгү буйругуна каршы шам жагып, нааразылык билдиришүүдө. Лахор. 16-январь

- Кадри Канададан өткөн жылдын декабрь айынын экинчи жарымында кайтып келген. Анын кайтып келгенине 1 ай толо элек. Ал келген эле күнү Лахор шаарында чоң демонстрация уюштурган. Мынча көп кишинин кантип топтоду? Анын жолдоочулары менен демонстрацияны уюштуруучулардын көбү - диний медреселер, институттардын өкүлдөрү. Ошол диний мектептерге балдарын жиберген ата-энелер, Кадринин соопкерчилик иштеринен пайда көргөндөр да өз айлана-тегерегине таасир этишет. Бул бир себеби. Экинчиден, Кадри мырза Канадада туруп, Пакистандагы менчик 7/24 телеканалы аркылуу абдан чоң пиар-өнөктүк өткөрүп, буга эбегейсиз акча жумшады. 1 айдан ашуун убактан бери өнөктүк жүргүзүп, калкты өлкөдөгү коррупция жана бийликтердин майнапсыз иштерине жана башка-башка нерселерге каршы турууга үндөдү. Албетте бул көйгөйлөр жалпынын жадында; бул туура көтөрүлгөн маселелер – Кадри дагы ошол маселелерди көтөрүп чыгууда. Бирок өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу үчүн Кадри сунуштаган жолдорго пакистандыктар макул эмес.

Дауд Кхаттак баамдагандай, бүгүн массалык маалымат каражаттары жана маалымат технологиясы элди мобилизациялоонун эң таасирлүү куралына айланган. Көпчүлүккө белгилүү Тунистеги, өзгөчө Египеттеги элдик козголуштарды, ошондой эле Москванын Болотная районундагы антиөкмөттүк демонстрацияларды уюштурууда уюлдук телефон менен игтернеттин мааниси эбегейсиз болгон.

"Араб жазы" демекчи, кээ бир маалымат булактарында Пакистанда да элдик ыңкылапка кезек келди окшойт деген сыяктуу пикирлер айтылды. Мындай кепке, Кадринин Исламабаддын ортолук майданы Каирдин Тахрир аянтына айланат деген сөзү шыкак берди. Ырас эле Пакистанда Араб жазы кайталанышы мүмкүнбү? Абубакар Сыдикийдин пикири:

- Жок. Менимче, Пакистандагы жагдайда кылдат көз салган же Пакистан медиасын үзбөй окуган адам - Пакистан эч жагынан Жакынкы Чыгышка окшошпойт деп айтат. Пакистандын илгертеден калыптанган салты бар. Бул салт Пакистан түзүлгөнгө чейин эле бар болчу. Пакистанда демократиялык күрөштүн жана демократиялык башкаруунун тажрыйбасы бар. Өлкөдө ири саясий уюмдар бар жана алар шайлоодо күч сынашып, жеңишке жеткен. Тахир-ул Кадри болсо Пакистандагы саясый майданга эми кирди. Ырас, ал элди чогулта алды. Кадринин артынан өзү жетектеген "Димн Хажж Куран" уюмуна караштуу соопкерчилик уюмдарында, медреселерде иштеген адамдар чыгышты. Ал суфийлердин көсөмү болгондуктан, анын өз үмөттөрү бар. Канткенде да, Кадри көпчүлүк пакистандыктардын же өлкөдөгү негизги саясий партиялардын таламын жактап жаткан жок.

Пакистандагы азыркы жагдайды Араб дүйнөсүндөгү элдик козголуш менен салыштырып болбойт. Пакистан демократиялуу өлкө экенин, 2008-жылдан бери өлкөнү эл шайлаган өкмөт башкарганын эскерте кетем. Бул өкмөт демократиялык консенсус үчүн, мыйзамдарды, айрыкча Конституцияны реформалоо үчүн көп иш жасады. Өкмөт провинцияларга экономикалык эгемендик берди, көз карандысыз шайлоо комиссиясын түздү. Чын, өкмөт коом үчүн маанилүү көп маселелерди чече элек. Анткен менен азыр өлкөдө диктатура жок.


Мухаммад Тахрир-ул-Кадри түзгөн кризистик кырдаалга өкмөт өкүлдөрү бейшемби күнү түн ортосунда жетишилген келишим чекит койду. Өкмөт бардык саясатчыларды парламенттик шайлоо алдында электен өткөргөнгө, шайлоо өткөрчү убактылуу өкмөт түзгөнгө жана аны бардык партиялар менен масилеттешип туруп түзгөнгө макул болду. Бирок келишимде убактылуу өкмөттү түзгөндө, Кадри талап кылгандай, Жогорку Сот жана армия менен кеңешүү керек деген сөз жок. Ал эми шайлоо качан өтөөрү 16-мартка дейре жарыяланып, шайлоо ошол күндөн үч ай арасында же өз мөөнөтүндө болот.

Жетишилген келишим - соттор жана армия тараптан түз колдоо албай, мизи мокоп турган Кадриге жүзүн сактап калганга мүмкүндүк берди. Кадринин Египеттегидей өкмөттү төңкөрүү аракети ишке ашпасына Пакистандагы саясий күчтөрдөн колдоо таппаганы себеп болду. Оппозициячыл партиялар уламанын шайлоо Конституцияга ылайык өз маалында өтсүн деген гана талабын колдошкон эле.

Ал эми премьер-министр Ража Первез Ашраф кызматын аткарууда. Жогорку Сот Ашрафты камакка алуу жөнүндөгү буйругун эртеси артка кайтарып алды. Ушуну менен Кадри уюштурган "тамаша" бүттү сыягы.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG