Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:54

"Куранды өрттөдү" делген кыз түрмөдө


Пакистан -- Мусулман кыздар "Куранды өрттөдү" делген христиан кыз Римшанын жабык турган үйүнүн жанынан өтүүдө. Исламабад, 20-август, 2012.

Пакистан -- Мусулман кыздар "Куранды өрттөдү" делген христиан кыз Римшанын жабык турган үйүнүн жанынан өтүүдө. Исламабад, 20-август, 2012.

Пакистанда оорулуу христиан кыз исламга акаарат келтирди деп кармалган эле. Эми президент бийлик өкүлдөрүн бул камакка алууга түшүндүрмө берүүгө чакырууда.

Курандын сүрөлөрү жазылган барактарды өрттөдү деп ырасталган кыздын жашы 11-12лерде экен. Полициянын маалыматына караганда, Римша өткөн бейшембиде Исламабаддын жакыр христиандар жашаган ооданында кармалып, 14 күнгө камалды.

Ажаанданган мусулмандардын сүрмө тобу кызды жазалоону талап кылышкан. Мамлекеттик маалымат каражаттары билдиргендей, президент Асиф Али Зардари бул окуяга олуттуу көңүл буруп, ички иштер министрлигинен түшүндүрмө берүүнү талап кылды.

Айрым маалыматтарга караганда, аталган кыз таштандыдан тапкан кагаз менен от тамызып, тамак бышырып жатканда, үйгө бирөө кирип келип, үй тургундарын Курандын сүрөлөрү жазылган барактарды өрттөдүңөр деп күнөөлөгөн.

АФП агенттигинин кабарчысы билдиргендей, дүйшөмбү күнү Римшанын үйү сыртынан бекилип турду. Коңшулар Курандын барактарынын өрттөлүшүн өз көзүбүз менен көргөн жокпуз деп бул окуя тууралуу сүйлөгүлөрү келген жок.

Бүткүл пакистандык Азчылыктар альянсынын жетекчи өкүлдөрүнүн бири Тахир Навеед Чауд Хры Ассошиэйтед Пресс агенттигине Мехрабад ооданынан качкан христиан тургундардын бир катары кайра үйлөрүнө кайта баштагандыгын бышыктады. Ал ошондой эле күнөөлөнгөн кыз Даун синдрому деген билим алууга тоскоол болуучу мээ оорусу менен оорулуу экендигин жана балакатка жете электигин белгиледи.

Ал арада Пакистандагы аялдардын укугун талашкан ири уюмдардын бири болгон Аялдардын аракет форуму Римшанын камакка алынышын сындап чыкты.

Уюмдун маалымат катчысы Тахира Абдулла анын дароо бошотулушун талап кылып, полицияга арыз менен кайрылган эркектерди «кыпындай адамгерчилиги жок адамдар» деп мүнөздөдү.

2011-жылы Пакистанда белгилүү саясатчынын жана христиан динин карманган министрдин өлтүрүлүшүн алардын ислам динине акаарат келтирүү жөнүндөгү катаал мыйзамга ачык каршы чыккандыгы менен байланыштырышкан. Экөө 2010-жылы өлүм жазасына кесилген христиан энени коргоп чыгышканы менен да белгилүү эле. Алар коргогон аял өлүм жазасына тартылган жок, бирок түрмөдө кала берүүдө.

Саясатчы менен министрдин өлтүрүлүшү Пакистандагы диний сабырсыздык тууралуу тынчсызданууну күч алдырган. Бул өлкөдө азчылыктар суни мусулман көпчүлүгүнөн көп жапа чегишет.

Өткөн аптада да Пунжаб дубанында сүрмө топ кем акыл кишини полиция бекетинен уурдап чыгышып, Курандын барактарын өрттөдү деп сабап атып өлтүрүшкөн. Аталган мыйзам боюнча Пакистанда Исламга же Куранга акаарат келтирген адам өлүм жазасына тартылышы мүмкүн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG