Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:11

Каир: собордогу жардыруудан 20дан ашык адам өлдү


Коопсуздук кызматы текшерүүдө.
Коопсуздук кызматы текшерүүдө.

Египетте Ыйык Марк деп аталган православдардын сыйынуу жайындагы жардыруу 20дан ашуун адамдын өмүрүн алып, 35 киши жарадар болду.

Собор Каирдин борбордук бөлүгүндө жайгашкан. Азырынча кол салууга эч ким жоопкерчилик ала электигин Reuters агенттиги кабарлады.

Маалыматтарга караганда, жекшемби күнү белгисиз адам имаратка жардыргыч зат ыргытып кеткен.

Алты миллионго жакын православдар Египеттеги диний азчылык өкүлдөрү болуп саналат. Бул сан өлкөнүн жалпы калкынын тогуз пайызын түзөт.

XS
SM
MD
LG