Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:17

Орусиянын аба чабуулу Пальмирадан согушкерлерди сүрүп чыгарды


Сирияда согуштук операциядан кийинки көрүнүш
Сирияда согуштук операциядан кийинки көрүнүш

Сириялык активисттер билдиргендей, Орусиянын аба күчтөрүнүн күчөтүлгөн чабуулу "Ислам мамлекети" радикал тобунун согушкерлерин Пальмира шаарынын борборунан жекшембиде сүрүп чыгарды.

Британияда жайгашкан Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы аба соккулары ишембиде кечинде башталганын кабарлаган. Орусиянын Коргоо министрлиги өткөн түнү Сирия армиясы орус учактарынын жардамы менен террорчулардын мизин кайтарганын билдирди.

Ишембиден бери Пальмирага 64 аба соккусу урулуп, 300дөн ашуун согушкер жок кылынып, козголоңчулардын 11 танкы, согуштук жабдык ташыган 31 жүк ташуучу машинеси талкаланганы кошумчаланды. ЮНЕСКОнун адамзат мурастары тизмесине киргизилген байыркы эстеликтер жайгашкан Пальмира шаары былтыр май айынан бери "Ислам мамлекети" радикал тобунун колуна өткөн.

XS
SM
MD
LG