Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:50

Пакистан: Христиандар жан кечти чабуулун айыпташты


Пакистан -- Христиан дининин өкүлдөрү чабуулду айыптаган акцияда. 23-сентябрь, 2013.
Пакистан -- Христиан дининин өкүлдөрү чабуулду айыптаган акцияда. 23-сентябрь, 2013.

Пакистанда христиандар жекшембидеги кандуу чабуулдарды айыптап чыгышты. Пешавардагы «Бардык олуялар» чиркөөсүнө кол салууда 80ден ашык кишинин өмүрү кыйылган.

Жекшембидеги кол салуу пакистандык христиандарга каршы эң кандуу чабуул болуп калды. Эртеси бийликтер кол салууда аз дегенде 81 киши курман болуп, 130дан ашыгы жараат алгандыгын бышыктады.

Дүйшөмбүдө нааразы христиандар өлкө боюнча жолдорду бууп, кол салгандарды жазага тартууну талап кылышты.

Исламабаддагы нааразылык акциясында Парвез Масих элди террорчулукка каршы биригүүгө чакырды:

– Чиркөө, мечиттерге, шийилер сыйынган имамбаргаларга кол салынбашы керек. Анткени бардык адамдар бирдей. Биз баарыбыз Кудайга ишенебиз, баарыбыздын тилегенибиз тынчтык. Биз террорчулукка каршы көтөрүлүүнү чечтик. Террор токтошу керек.

Пешавардагы жардырууларга Рим Папасы нааразылык билдирип, тынчтык гана турмушту жакшырта алаарын эскертти. Дүйнөдө башка да көп нааразылык айтылууда.

Жекшембидеги кол салуу үчүн жоопкерчиликти Жуноон ул-Хифса деп аталган талиб фракциясы өзүнө алды. Бул уюшма АКШнын талибанга жана ал-Каидага каршы пилотсуз учактар менен чабуулдары үчүн өч алып жаткандыгын билдирди.

Пакистанда 3 миллиондон ашык христиан жашайт. Бул калктын 2 пайыздан азын түзөт. Алар кодулоолорго көп тушугат, бирок аларга каршы чабуулдар буга чейин мынча көп болгон эмес.

Пакистандык христиандар 19-кылымда, ал кезде британ оторчулугу мезгилинде христиан динине өткөн индустардын урпактары.

Пакистандын түндүгүндөгү Равалпинди шаарындагы укук коргоочу, Тынчтык жана Өнүгүү корунун жетекчиси Романа Баширдин айтымында, Пакистанда мусулман эмес жарандарды дискриминациялаган шарият мыйзамдарынын айынан христиандар айрыкча акыркы 40 жылда коомдук турмуштан четке сүрүлүп калышты.

Баширдин сөзү боюнча, мусулмандардын пайгамбары Мухаммедге же Куранга шек келтирүүгө каршы мыйзам да көп учурда мусулмандар тарабынан христиандардан өч алуу үчүн колдонулат. Башка мыйзамдар мусулман эместерге жогорку кызматтарда иштөөгө тыюу салат. «Ал тургай окуу программасы да мусулман эместерди Пакистандын душмандары катары сүрөттөп, аларга карата жек көрүүчүлүктү козутат», - дейт укук коргоочу:

– Менимче, мына ушул сыяктуу нерселердин айынан көп кишилерде коркуу, өксүк сезими күч алды.

Пакистанда христиандардын турмушу начар. Айрымдар мугалим, медайым сыяктуу кызматтарда иштешет, бирок көпчүлүгү көп мусулмандар жийиркенген көчө шыпыруу, тазалоо иштери менен алектенет.

Пакистандык христиандарга каршы чабуулдар бир кезде британ аскерлеринин турагы болгон чыгыштагы Пунжаб дубанында айрыкча көп болот. Бул дубанда 1997-жылы мусулмандардын сүрмө тобу христиандардын бүтүндөй бир айылын өрттөп жибергенде анын 20 миң тургуну үйсүз калган. 2013-жылы май айында мусулмандардын тобу Пунжабдын борбору Лахордогу христиан конушунда 170тен ашык үйдү, 16 дүкөндү, эки чиркөөнү өрттөп салышкан.

Пакистандагы Христиан кыймылынын төрагасы Мартин Жавед Миачал "Азаттыктын" Пакистан кызматына билдиргендей, жыл сайын миңдеген христиандар Таиланд, Шри Ланка, Малайзия сыяктуу өлкөлөргө качып жатат:

– Биз, христиандар, үмүтсүз, коргоосуз, туңгуюкта калдык. Бизди качантан бери кодулап келатышат. Биздин чиркөөлөр да, адамдар да коркунучта. Исламчыл экстремисттер Пакистанда жашоо бербей жатышат. Эгер бул токтобосо, дагы көп христиандар Пакистандан көчүп кетет.

Пакистандагы Рим католик уюмун жетектеген адвокат Петер Жакобстун эсебинде, Пешавардагы 22-сентябрдагы кол салуудан мурда эле 1997-жылдан бери өлкөдө христиандарга каршы 120дан ашык кол салуу болгон. Жакобстун сөзү боюнча, мындай кол салуулардын соңкулары мусулмандардын сүрмө тобу тарабынан ишке ашканы менен, христиандарга каршы исламчыл экстремисттик чабуулдар да болгон.

XS
SM
MD
LG