Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:42

Пакистандагы жардыруудан өлгөндөр саны 70 жетти


Квета шаарындагы ооруканага 8-августта жасалган чабуулдан мерт кеткендер саны 70 адамга жетти. Курмандыктар саны дагы өсүшү мүмкүндүгүн жергиликтүү булактар кабарлашты. Полиция жарадар болгондор отуздан көп экенин кабарлады.

Жанкечти жасаган жардыруу ок атуудан каза тапкан белгилүү адвокаттын сөөгү госпиталга алып келингенден кийин жасалган.

Провинциянын ички иштер министри Сарваз Бугти жардырууну “теракт” деп атады. Окуяга эч кайсы тарап жоопкерчилик ала элек.

Белужистан провинциясынын бийлиги иликтөө иштери башталганын билдирди.

Адвокат Билал Касини атып өлтүрүүнүн артында ким турганы да азырынча аныктала элек. Ал бүгүн сотко бараткан мезгилде атып өлтүрүлгөн. Госпиталдагы жардыруудан каза болгондордун көпчүлүгү Касини ооруканга алып келген юристтер экенин полиция кабарлады.

Пакистандагы жардыруу
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:46 0:00

XS
SM
MD
LG