Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:03

Пакистанда белгилүү ырчыны атып кетишти


Пакистандык ырчы Газала Жаведди Пешаварда белгисиз бирөөлөр атып кетишти. Ырчыны мурдагы күйөөсү өлтүргөн болсо керек деп жатышат. Негизи, сахнага чыккан аялдарды коркуткан же аларга кол салган окуялар бул өлкөдө сейрек кездешүүчү көрүнүш эмес.

Полициядан “Азаттыкка” кабарлашкандай, ырчы Газала Жаведди дүйшөмбүдө сулуулук салонунан чыгып келаткан жеринен мотоцикл айдаган киши, же кишилер атып кеткен.

Ал жеткирилген оорукананын башчысы Азамжан Африди жашы эми эле 20дан ашкан ырчыга алты жолу ок тийгенин айтты.

Жаведдин жанында атасы менен сиңдиси да болушкан экен. Атасына да ок тийип көз жумганы, сиңдиси тирүү калганы кабарланды.

Пешавар райондук полициясынын башчысы Хажи Имтияз биздин радиого билдиргендей, ырчыга үч адам кол салган болсо керек деп боолгоп жатышат. Алардын арасында Жеваддын мурдагы күйөөсү Жахангир Хан да болгон дешет.

"Газала Жавед, анын атасы жана сиңдиси болуп алар сулуулук салонунан чыгып, машинеге отурушканда Жахангир, Салам жана Башир аларга ок чыгарышкан, - деди полиция башчысы. - Натыйжада Газала Жавед курман болду, анын сиңдиси тирүү калган".

Анткен менен азырынча полиция бул кылмышка тиешелүү болушу мүмкүн деп шектелип жаткан адамдар кармалган-кармалбаганы тууралуу кабарды тактаган жок.

"Пуштун бермети"

Жавед өзүнүн эне тили пуштунча ырдачу. Анын бир нече альбомдору Пакистандын түндүк-батышындагы пуштун тилдүү жаштар арасында популярдуу болгон. Аны дүйнөнүн башка жактарындагы пуштун тилдүүлөр да жакшы көрүшөт.

Жавед мындан эки жыл мурда ишкер Жахангир Ханга турмушка чыгат, бирок кийинчерээк анын өзүнүн башка да аялы бар экени ачылып калганда ажырашкан. Анын үстүнө, Жахангир ырчы жубайына “мындан ары сахнага чыкпайсың” деп талап кылганы эл ичинде кеңири айтылып калчу.



Ырчы Галаза Жавед өзү теги түндүктөгү Сват өрөөнүнөн болот. 2007-жылдан тарта эки жыл бою талиптер Хайбер Пахтункхва провинциясын басып алып, өз бийлигин орнотуп, жергиликтүү калкты кысмактай баштаган. Алар мектепте окуган кыздарга чабуул коюп, музыкалык аспаптар сатылган дүкөндөрдү жок кылышкан.

Анан 2009-жылы бул аймакта куралчан козголоңчуларга каршы массивдүү аскерий операциялар башталганда Жавед аймактын борбору Пешаварга көчүп кеткен эле.

Айтмакчы, быйыл жыл башында ушул эле Сват өрөөнүнөн чыккан дагы бир пакистандык атактуу ырчы кыз Назиа “эми сахнадан кетип, ислам жолунда гана жүрүүнү чечкенин” айтканда анын көпчүлүк күйөрмандары муну жагымсыз кабар катары кабыл алышкан эле.

Кийинчерээк Назиа журналисттерге сүйлөп, чынында аны мындай кадамга барууга мажбурлашканын, бир нече ирет коркутуулар болгонун кеп кылган.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG