Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:21

Алтын – Пакистандагы үйлөнүү тойлоруна камдалчу сеп жана калыңдын эң маанилүү бөлүгү. Дүйнөлүк базарларда алтындын наркы болуп көрбөгөндөй кымбатташы менен Пакистандын Сват өрөөнүнүн жашоочулары сеп жана калың камдай алышпай, айрымдар үйлөнүү тоюн кийинкиге жылдырышып, кээ бирөөлөр болсо такыр эле үй-бүлө куруудан үмүт үзүшүүдө.

Дүйнөлүк соода борборлорунда алтындын кымбатташы Пакистандын Канжу айылынын жаш тургундарынын тагдырын өзгөртүүдө. Баалуу темирдин кымбатташынан улам алар тойго деген калың жана септерди камдай албай жатышат. Ал эми алтынсыз Пакистанда калың же сеп болбойт. Салт боюнча Канжу айылында алтының жок болсо, күйөөгө тийип, же үйлөнө албайсың.

Учурда Атлантика мухитинин өйүз-бүйүзүндө бир унция алтын (башкача айтканда 31,1 грамм алтын) 1600 доллардан да жогорулай түштү. Алтын импортунан көз каранды Пакистандын көпчүлүк өрөөндөрүндө акыркы апталарда алтындан жасалган буюмдардын баасы эки эсеге кымбаттады.

Канжу айылынын жашоочусу Шахназ Биби эки агасы куда түшүп коюп, үйлөнө албай жатканын, ал эми дагы эки тууганы ушул эле себептен улам тойлорду кийинкиге жылдырганын айтып үшкүрүнөт.

Пакистанда алтын тола менен өлчөнөт. 1 тола 0,44 унцияны түзөт. Алтындан жасалган сөйкө-шакек дүкөндөрү 1 тола үчүн 620 доллар сурашууда. Адатта үйлөнүп жаткандар бир нече тола бериши керек.

Канжуда жакшы жашайт деген адам орточо эсеп менен 150 доллар айлык алат. Шахназ Бибинин үй-бүлөсү да ошондой, бирок бир нече тола алтын сатып алуу алар үчүн эми эч мүмкүн эместей.

"Менин акелерим 10 тола калың камдашы керек. Бул абдан көп, аны качан топтойбуз?"

Бибинин кичи мекени Сват өрөөнүнүн түндүк-батышында талиптер менен өкмөттүн аскерлери кагылышып, былтыр болсо катуу сел жүргөн.

"Биз курсагыбызды тойгозуу аракетиндебиз, жакырчылык алыс эмес", - дейт Шахназ Биби.

Келин менен алтын да келиш керек

Пакистанда алтын адамдын коомдогу ордун айгинелейт. Келин алтын сөйкө, көптөгөн шакектерди жана билериктерди тагынышы керек.

Тойго бир нече күн калганда, салтка ылайык, сыймыктанган ата-эне алтындан жасалган буюм-теримдерди коноктордун алдында жайышат. Жаңы келин күйөөсүнүн үйүнө кирээрде бардык алтын бумдарды өзүнө тагып кирет.

Пакистандыктар алтынды инвестиция катары да кабыл алышат. Баалуу металл үй, акчага караганда ишенимдүүрөөк көрүнөт, инфляция болбойт.

Сват өрөөнүндөгү салт-санааларга ылайык алтынды эки тарап тең камдайт. Бирок бай үй-бүлөлөрдө алтынды көбүрөөк кыз тарап берет.

Пакистандыктар үчүн зер буюмдар эмес, алтындын өзү баалуу. Мисалы алтынга окшош, бирок алтын эмес зер буюмдарын бере албайсыз. Болочок кудалар зер буюмдарды атайын лабораторияларда текшеришет.

Кээ бир бай үй-бүлөлөр жана коңшу-колоңдордун ортосунда кээде бул кадимки эле сынакка айланат. Алтын канча көп берсең, ошончолук кыйынсың.

Үйлөнөм деген, бирок алтыны жок пакистандыктар бай араб өлкөлөрүнө барып, бир нече жыл бою иштеп да келишет.
Байкуш адамдар биздин дүкөнгө мурдагы бааны элестетип, акчаларын камдап алып келишет. Анан биз бааны айтканда, ойлонуп туруп калышат.

Пакистандын өкмөтү жана массалык маалымат каражаттары бул салтты сындап келишет. Көптөгөн үй-бүлөлөр той өткөрөм деп карызга белчесинен батышат. Жергиликтүү молдолор да бул ислам динине туура келбегенин айтып чыгышты.

Бирок саясатчылардын жана молдолордун аракеттеринен майнап чыккан жок - алтын калың, алтын сеп салты уланууда. Бул адат жоголушу үчүн алтындын наркы дагы жогорулашы керек окшойт.

Бир нече ай мурун Сват өрөөнүндөгү бай ата-энелер бери дегенде 30-50 тола алтын беришчү. Бул күндөрү 15-20 тола бере башташты.
Жөнөкөй үй-бүлөлөр 2 же 3 тола беришчү, эми анын жарымын камдоого өтүштү.

Бош калган зер дүкөндөр

Пешавардагы зергер Азматулла Хан алтындын кымбатташы анын дүкөнү үчүн жаман мезгил экенин айтат. Дүкөнгө келгендер эч нерсе сатып албай, капа болуп кетишүүдө.

- Байкуш адамдар биздин дүкөнгө мурдагы бааны элестетип, акчаларын камдап алып келишет. Анан биз бааны айтканда, ойлонуп туруп калышат. Мисалы, 5-6 тола алам деп келгендерге бааны айтканыбызда – бул 3460 доллар – алар абдан капаланып чыгып кетишет.

Канжу айылынын башка тургуну Кайнат өзүнүн толук атын айткан жок. Кайнаттын ою боюнча, аныкына окшош орточо үй-бүлөлөр үчүн алтындын кымбатташы көптөрдүн тагдырына балта чабууда.

Мисалы, Кайнаттын эжеси алтын камдай албаганы үчүн той болбой, анын күйөөгө тийиши эми бүдөмүк. Мындай фактылар көптөгөн үй-бүлөлөрдүн коомдогу беделин түшүрүп, кудаа түшкөн адамдар кээде алтындын жоктугунан тойдон баш тартышууда.

- Бизге ким жардам берет? Биз уялганыбыздан үйдөн да чыга албай отурабыз. Атам эжемдин тагдырына кайгырып, аябай кыйналды.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG