Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:42

Пакистан: ыркы келишпеген уруулар


Куррамдагы акындар таймашында зордук-зобунга каршы, тынчтыкка үндөгөн ырлар жаңырды, 29-март, 2011

Куррамдагы акындар таймашында зордук-зобунга каршы, тынчтыкка үндөгөн ырлар жаңырды, 29-март, 2011

Эмне себептен Пакистандын түрдүү уруулар байырлаган жерлеринде тынчтыкка жетишүү жана аны сактоо мынчалык татаал? Куррам уруулар аймагындагы соңку окуялар буга бир мисал болду окшойт.

Пакистандын уруулар жайгашкан аймактарында тынч жашоону бузуп, ортодо жаңжалга жем таштоо анча деле кыйын болбой калды. Уруулар аймагына кирген Куррамдагы соңку кырдаал буга ачык мисал. Шийи-сунни араздашууларынын көптөгөн жаңжалын баштан кечирген бул аймак азыр сунни талиптери да көбүрөөк кездешкен жер катары атала баштады.

Андагы токтобогон атышуулардын айынан жүз миңдеген эл өлкөнүн башка аймактарындагы үйсүз адамдардын убактылуу лагерлерине көчүп кетишти. Ошон үчүн азыр Куррамдагы уруу башчылары, аксакалдар улам жаатташкан тараптардын анабашчыларын эпке келүүгө, тынч жашоого үндөп жатышат.

Тынчтык келишими

Келишимдин маанилүү бөлүктөрүнүн бири катары уруш-жаңжалда жакындарын жоготкондорго, там-жайынан айрылгандарга миллиондогон доллар жардам көрсөтүлөт деген убада айтылды. Мындай колдоо айтылганы убактылуу башка жактарга качып, жер которгондорду кайра үйлөрүнө кайтып, жаңы жашоону баштаганга шыктандыргандай да болду.

Уруш-талашты токтотуп, тынч жашоого өтүү аракеттери мартта соңку келишимде бекитилди. Далай жылдардан бери бири-бирин көрө албаган душмандар бир дасторкондо отурушту, көптөгөн айылдарда майрамдык иш-чаралар уюштурулду. Сыртта ак кардын үстүнө килем төшөп, акындар, ырчылар Исламга карай катаал, зордук-зобунчул жолду четке каккан, тынчтыкты даңазалаган ырлардын конкурсун өткөрүштү.

“Мага андай жаннаттын кереги жок, зордук менен периштелерге жетүүнү каалабайм. Андан көрө мага караңгылыкта жол көрсөткөн чырак бер”, - деп ырдады бул ырчы Юсаф Маранж. Ырчы муну менен жаштарга талиптердин “жанкечтилик - бейишке карай оңой жол”, “жаныңдан кечсең эле шейит болуп каласың” деген өңдүү идеяларын четке какты.

Бузулган жайчылык

Бул өңдүү аракеттер жана тынчтык келишиминин күчүн жокко чыгарган окуялар дале токтобой жатат.

Жакында Пешавардан Куррамдагы Парачинар шаарына жөнөгөн шийи уруу мүчөлөрүнүн үч машинеси аткылоого кабылган. Баган шаарына жакын жердеги буктурма окуясында сегиз адамды өлтүрүштү, дагы бешөө кийин ооруканада көз жумду. Куралчандар 35 жүргүнчү бараткан унааны алып кетип, андан бери жети гана адамды бошотушкан. Алардын баары – аялдар менен жаш балдар. Калгандар кайсыл жакта барымтада кармалып турганы беймаалым.

Куррамдагы шийи уруу аксакалдары “чабуул койгондорду тааныйбыз жана эмне себептен чабуул болгонун да билебиз” дешет.

Саид Хуссаин Тури өзү Куррамдан чыккан депутат. Ал “Азаттыкка” сүйлөп жатып: “Баары эле кечирим сурашат, бирок бирөө да чындыкты айтпайт. Чындык эмнеде? Чындык – ал куралчан козголоңчулардын баары талиптерге, Хакимулла Мехсудга, Фазал Саид Хакканиге, молдо Нурга тиешелүү адамдар экенинде, - деди. - Ок атууну токтотуу боюнча келишимдин иштебей калганына дал ушул кишилер жооптуу. Өкмөт деле муну билет жана аларга каршы операция жасайбыз деген ойдо турат, бирок коопсуздук күчтөрү алардын тамырын жок кылганга кызыкдар болбой жатышат. Мунун себебин билбей турабыз”.

Бөлүнүү күчөдү

Соңку чабуулдарды талиптерден көрүп жатышканына эки себеп бар. Бири - өлтүрүлгөн адамдар талиптерди өздөрүнүн аймагы аркылуу өткөрбөй коюшкан эле. Экинчи себеп – Куррамда кан төгүүлөр токтобой, улам бир жаңжал, уруш чыгып турганынан эң оболу талиптер утат.

Соңку айларда Түндүк жана Түштүк Вазиристанда аскерий операциялар токтобой, ал жактан качкан талиптер Куррамга отурукташа башташкан. Анын үстүнө Хайбер ашуусу аркылуу Ооганстанга бет алган НАТОнун жүктөрүнө да Куррам аркылуу барып кол салганга ыңгайлуу болуп калган.

Дегинкиси, ондогон жылдар мурдараак Куррамдагы шийи жана сунни мусулмандарынын уруулары бири-бири менен ынтымакта эле жашап келишкен. Ортодо бири-бирине нааразылык күчөп, кийин кандуу кагылыштарга айланышына 1980-жылдары диктатор Мухаммад Зия Ул Хак этникалык жана диний саясий партияларга да уруксат бергенден башталды дешет. Муну менен ал, бир чети, бөлүнүп-жарылган коомду оңоюраак башкара алган, бирок, экинчи жагынан, түрдүү куралчан топтор пайда болуп, бири-бирине жана секулярдык баалуулктарды жактагандарга каршы чабуулдарды күчөтүштү.

Борборсуз бийлик

Исламабаддагы борбордук бийлик, негизи, уруу аймактарында жолду ачык кармап, ресурстар бирдей бөлүнүшүн камсыз кылышы керек. Бул үчүн өкмөткө уруу башчылары, аксакалдар жардам берип турушкан. Анткен менен соңку кездери талиптер менен башка куралчан топтор уруу башчыларына каршы чабуулдарды көбөйтүшкөндөн бери өкмөт аймакты көзөмөлгө ала албай калды.

Өкмөт кайра абалды жөнгө салып, активдүү аракет көрүшү үчүн ага азыр жергиликтүү шийи коомчулугу басым көрсөтө баштады. Биздин радиого айтышкандай, алар жакында уурдалып кеткендерди табууну, барымтачыларды жазалоону талап кылышты. Ал талап аткарылмайын, шийи коомчулугу өздөрү колдонгон энергия үчүн өкмөткө бир тыйын да төлөбөй турган болушкан.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG