Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:17

Пакистанда бин Ладенди жок кылууга жардам бергендер кармалды


АКШ менен Пакистандын расмий өкүлдөрү утур-утур жолугушууда. Бирок эки ортодо олуттуу проблема бардай. Пакистан премьери Юсуф Риза Гилани жана АКШ мамкатчысынын орун басары Томас Найдис жолугууда. Исламабад, 13-июнь, 2011-жыл.

АКШ менен Пакистандын расмий өкүлдөрү утур-утур жолугушууда. Бирок эки ортодо олуттуу проблема бардай. Пакистан премьери Юсуф Риза Гилани жана АКШ мамкатчысынын орун басары Томас Найдис жолугууда. Исламабад, 13-июнь, 2011-жыл.

Пакистанда өлкөнүн башкы аскерий чалгын кызматы тарабынан беш пакистандык камакка алынган. Алар “ал-Каиданын” лидери Усама бин Ладен америкалык атайын күчтөр тарабынан жок кылынар алдында АКШнын Борбордук Чалгын кызматына маалымат жагынан көмөк көргөзгөн деп шектелүүдө. Бул АКШ менен Пакистандын аскерий, чалгын мекемелер ортосундагы ажырым кеңейип жатканын көргөзүп тургансыйт.

Америкалык "Нью-Йорк Таймс” гезити жазгандай, жогорудагы жаңылык “АКШ менен Пакистандын ортосунда бузулган мамиленин эң соңку далили". Америкалык расмий өкүлдөр аталган басылмага кармалгандардын арасында Пакистан армиясынын майору да бардыгын, ал май айынын башындагы рейд алдында Усама бин Ладендин Абботабад шаарында жашынган үйүнө каттаган автоунаалардын номурун көчүрүп бергендигин билдиришкен.

Камалгандардын экинчи бири, америкалык өкүлдөрдүн айтымында, бин Ладен жашырынган үйгө жакын турган имараттын ээси. Анын жайы ЦРУ тарабынан байкоочу түйүн иретинде колдонулган.

Бирок Пакистандын аскерий чалгын мекемеси (ISI) армиянын майору кармалды деген кабарларды “негизсиз жана жалган” деп атады.

“Нью Йорк Таймс” басылмасынын маалыматына караганда, АКШнын Борбордук чалгын кызматы – ЦРУнун директору, президент Барак Обама коргоо министринин кызматына көрсөткөн Леон Панетта аларга кабар берген пакистандыктардын камалышы жөнүндөгү маселени өткөн аптада Исламабадга иш сапары менен барган кезинде көтөргөн.

Панетта өткөн аптада Сенаттын Куралдуу күчтөр боюнча комитетиндеги угуу учурунда бин Ладендин жок кылынышы террордук түйүндү мындан ары алсыраттуу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк жараткандыгын белгилеген эле:

- Усама бин Ладен жок кылынган операция, менин көз карашымда, дүйнөгө биз эмне жасаш керектигибиз болсо орундатарыбызды гана айкындабастан, бизге “ал-Каиданы” талкалоого, жоюуга жана жеңүүгө 2001-жылдын 11-сентябрынан берки жакшы мүмкүнчүлүктү тартуулады.

Бирок Пакистан бийликтери Усама бин Ладендин бир нече жыл бою Абботабаддагы аскердик академиянын имаратына жакын жайгашкан жерде жашоосуна жардам бергендерди издегендин ордуна, АКШ бин Ладенди жок кылган рейдине кол кабыш кылгандарды камакка алгандай.

Демократияны коргоо боюнча Вашингтондогу кордун аскерий маселелер боюнча иликтөөчүсү Себастьян Горка “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде жаңы ачыкталган окуяга мындайча баасын берди:

- Менимче бул Пакистанды эмне үчүн бирдиктүү мамлекет деп айтууга болбой турганын эң жакшы мисалы. Усама бин Ладен өлтүрүлгөндөн кийинки америкалык жана эл аралык маалымат каражаттарында көтөрүлгөн биринчи суроо – Пакистан муну ( бин Ладендин жашынып жүргөндүгүн) билиши керек эле, же биле алган эмес деген маселе болгон. Бул Пакистандагы бүгүнкү реалдуулукту туура эмес түшүнгөндүк. Пакистанда бир саясий элита жок. Маселен Исламабаддагы саясий, жарандык жетекчилик бин Ладен Абботтабада жашап келгенин билген эмес, бирок ошол эле учурда аскерий чалгын кызматы, армиянын мүчөлөрү эң жакшы билген деп ойлоого болот.

АКШ Конгрессинин тышкы иштер боюнча комитетинин мүчөсү Дан Бартон жакында “Азаттык” радиосуна берген интервьюсунда АКШнын чалгын кызматтарында Усама бин Ладенди колдогон түйүн болгону боюнча маалымат бардыгын айткан:

- Биз Пакистанда Усама бин Ладенди колдогон адамдар болгон деп эсептейбиз. Бирок биз ал канчалык деңгээлде жогору экендигин жана кандай колдоо көргөзүлгөнүн так билбейбиз. Биз билгенден адамдар Усама бин Ладендин ошол жерде экендигин билишкен. Биздин максат “ал-Каиданы” жана Талибанды жеңүү. Пакистан менен пикир-келишпестиктер, көйгөйлөр али бардыгына карабай, биз алар менен иштешүүбүз же ошол көйгөйлөрдү чечүү үчүн иштешүүнүн жолун табышыбыз керек.

“Нью Йорк Таймс” гезити шаршемби күнкү санында жазгандай, АКШнын Борбордук чалгын кызматынын директор орун басары Майкл Моррелл Пакистандын АКШ менен террорго каршы өнөктүгүндөгү азыркы деңгээлин бирден онго чейинки чен-өлчөм менен эсептегенде “үч” деп баалаган.

Америкалык расмий өкүлдөрдүн айтымында, Пакистандын аскерий чалгын мекемеси быйыл январда ЦРУнун контрактору Лахор шаарынын көчөсүндө эки пакистандыкты мерт кылгандан бери “ал-Каида” менен Талибанга каршы операцияда кызматташтыкка жалпысынан анчалык дилгир эместигин көргөзүүдө.

Май айынын башында бин Ладен өлтүрүлгөндөн бери Пакистандын армиясы да өлкөдөгү согушчан топторго каршы АКШнын чалгын жана террорго каршы иш-чараларынан өзүн обочодо кармап келүүдө.

Коргонуу жана коопсуздук маселелерине адистешкен пакистандык талдоочу Айша Сиддики “Азаттыктын” Пакистан кызматы менен маегинде белгилегендей, ЦРУнун кабар берүүчүлөрүнүн аскерий чалгын кызматы тарабынан камалышы АКШ менен Пакистан армиясынын мамилеси өзгөрүп жатканын каңкуулоодо:

- Бул окуя мындай аракетти колдогон Пакистан армиясы ичинде ажырым бардыгын көргөзүүдө. Дагы бир жүйө Пакистан армиясы АКШдан көрсөтмө алууга даяр эмес. Ушундан улам эки өлкөнүн стратегиялык ой жүгүртүүсү эки башка багытта кетип жатат.

Бирок Пакистан президенти өткөн аптада ооган президенти Хамид Карзай Исламабадга келген учурда бин Ладен өлтүрүлгөндөн бери анын өлкөсүндө кол салуулар күчөгөнүнө токтолуу менен “ал-Кайида” жана Талибанга каршы күрөш Исламабаддын да кызыкчылыгындагы маселе экендигин ырастады.

АКШда болсо Конгресстин айрым мүчөлөрү Пакистан террорго каршы согушта АКШ менен кош оюн жүргүзүп жатат деген шек саноолор күчөгөнүнөн улам Вашингтон Исламабадга жыл сайын берүүчү 2 миллиард доллардык аскерий жардамын чектөөгө чакырышууда.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG