Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:57

Палладий – Орусиянын "көзүрү"


Палладий кошулган советтик 25 сомдук монета, 1989-жыл.

Палладий кошулган советтик 25 сомдук монета, 1989-жыл.

Дүйнөлүк энергетика базарлары туруксуз сооданы баштарынан өткөрүшүүдө. Палладийдин наркы болуп көрбөгөндөй өстү. Кытай алтын өндүрүү жана аны сатып алуу боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкты.

Батыш менен Орусиянын санкция акыйнектери мунай менен газдын баасын олку-солку кылууда. Ал ортодо палладий (Pd) металлынын баасы акыркы үч жылда болуп көрбөгөндөй өстү. Бир жыл ичинде эле палладийдин баасы 13 пайызга өскөн. Учурда палладийдин бир трой унциясы 900 АКШ доллары (troy ounce).

Орусия асыл металлдардын тобуна кирген, күмүштөй жалтыраган палладийди эң чоң көлөмдө өндүргөн өлкө. Металлдын бул түрү машинелердин түтүктөрүндө, электрондук жабдуулардын конденсаторунда, тишти каптоодо, зергерчиликте жана башка тармактарда кеңири колдонулат. Эгер Москва палладийди сыртка сатууга чектөө киргизсе, андан Батыш гана жапа чегет. Мындай ойду АКШнын экономикалык басылмалары ортого салышты.

"Палладийди экспорттоого чектөө киргизүү – Орусиянын күчтүү куралы," – деп жазды "Кварц Ньюс" порталы. Түштүк Африкадагы палладий өндүргөн кенчилердин учурдагы иш таштоосун эске алганда, Москва эми "палладий саясатын" катаалдатышы мүмкүн. Палладийди өндүрүү боюнча Орусиядан кийинки Түштүк Африкада 80 миңдей кенчи январдан бери ишке чыга элек.

Былтыр палладийге болгон талап 23 тоннага арбыган. Батыштын Орусияга каршы санкциялары олуттуу көрүнгөнү менен Москванын дүйнөлүк палладийге болгон монополиясы бардык санкциялардан күчтүү жана Кремлдин колундагы чоң курал – деп сыпаттайт "Кварц Ньюс" маалымат-аналитикалык порталы. Палладийдин кымбаттаганы Европада машинелердин жана Америкада стоматологияда бааны кымбаттатышы мүмкүн.

Кытай алтын алуу боюнча биринчи

Кытайдын экономикасы өнүккөн сайын, кытайлыктардын алтынга болгон талабы өстү. Кытай алтын өндүрүү жана аны сатып алуу боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкты. Кытайлык орто курактагы аялдар алтындын куймасын жана зергер буюмдарды инвестиция катары сатып алууда. Мурда алтынды керектөө боюнча Индия биринчиликтен түшпөй келген. Бул тууралуу Дүйнөлүк алтын кеңеши (World Gold Council) кабарлады.

Кытайда алтынга талаптын өсүшүнө үйлөнүү үлпөттөрү жана кудалашуу салттары дагы чоң себеп. Кытайлык үй-бүлөлөр былтыр 669 тонна зергер буюмдарын сатып алышкан. Алардын 40 пайызы тойлорго белек катары берилген. Бул сандарды Дүйнөлүк алтын кеңеши келтирди. "Жиехун сан жин" же кытай зергерлери айткандай "үй бүлө куруу – үч алтын" алтын чынжыр, кулон жана билерик сыяктуу зергер буюмдарга талап чоң. Кытайча "Fu" - "Кут" деген жазуусу бар алтын тыйындар

Кытайча "Fu" - "Кут" деген жазуусу бар алтын тыйындар

Кытайлыктардын байыркы ишениминде сары түс байлыктын, молчулуктун белгиси жана алтын берүү элетте жана майда шаарларда кеңири таралган. Расмий статистика акыркы он жылда Кытайда баш кошкондордун саны 60 пайызга өскөнүн көрсөтөт. Маселен 2012-жылы эле 13.2 миллион жубай үйлөнгөн. Орто оокаттуу кытайлык үй-бүлө алтын аксессуарларга кеминде 200 доллардай сарптайт. Алтын иштетүүгө жумшалган каражаттын көлөмү 2004-жылдан бери алты эсе өскөн. Алтынга болгон талап 2017-жылга чейин 1350 тоннага жетип, дүйнөлүк талаптын 35 пайызына барабар болот.

Кыргызстан Орусиядан жана Кытайдан эң көп экспорттойт

​Быйылкы жылдын алгачкы үч айында Кыргызстанга эң көп товар Орусиядан келди. Орусиядан 242.5 миллион доллар жана Кытайдан 214.5 миллион доллардык товар келгенин Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Кийинки орундарда Казакстан, Жапония жана Түркия турат. Азербайжандан келген товардын көлөмү дээрлик эки эсеге өссө, Армениянын импорт көлөмү үч эсеге азайган.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG