Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:40

Атамбаев: Борбор Азияда мөңгүлөр азаюуда


Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Париждеги чоң жыйында тоолордогу мөңгүлөрдүн абалына токтолду.

Париждеги климаттын өзгөрүүсү боюнча Улуттар уюмунун саммитине Кыргызстандын делегациясын президент Алмазбек Атамбаев баштап барды. Атамбаев сөз сүйлөп, Борбор Азияда мөңгүлөр ыкчам эрип жатканын билдирди.

Мөңгүлөрдүн аянты 2025-жылы божомол менен 30-40 % чейин кыскарышы мүмкүн. Эгер ушул ыргак улана берсе, 2100-жылы Кыргызстанда мөңгү калбай калуу коркунучу бар экенин эскертти. Ошентсе да кыргыз өкмөтү климаттын өзгөрүүсүнүн алдын-алуу боюнча бир катар чараларды көрүп жатканын маалымдалды.

Кыргызстан жаратылышты сактоо үчүн болгон күч-аракетин жумшап, 2017-жылга чейин улуттук стратегиялык программага бир топ иш-чаралар киргизилген. Атамбаев абага уулуу заттарды азайтуу максатын көздөсө дагы баары бир көмүр кендерин казып, көмүр жагууга аргасыз болуп жатканын белгилей кетти.

1-декабрда президент Атамбаев Парижде 13-ноябрь күнкү террордук чабуулда курман болгондорго гүлчамбар коёт.

Экологияга 100 миллиард жетеби?

Улуттар уюмунун башкы катчысы жыйынды ачып жатып, Жер шарында акыркы мезгилде ичүүчү таза суунун жыл өткөн сайын азайып, экономикасы өнүгүп келаткан жана жакыр өлкөлөр мындай кырдаалдан жабыркап жатканын билдирди.

Дүйнөдө абанын температурасын 1.5 градустан 2 градуска чейин азайтуу керектигин да айтып өттү. Өлкө лидерлери Париж келишимине кол коюшат. Айрым маалыматтар боюнча, келишимде абага уулуу заттардын бөлүнүп чыгуусун азайтуу үчүн атайын каражат бөлүү тууралуу да айтылганы кабарланды. Ага ылайык жыл сайын 100 миллиард доллар каражат бөлүнөт. Муну донор өлкөлөр болуп эсептелген АКШ, Евробиримдиктин өлкөлөрү жана Жапониядан чогултушат. Булардын арасында Орусия менен Кытай болушу да ыктымал дешүүдө.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөр

Негизги маалыматтар боюнча, эки тараптуу жолугушуулар болот деп буга чейин айтылып келген. Маселен Владимир Путин менен Израилдин премьер-министри Бенямин Нетаньяху же Украина өлкө башчысы Петр Порошенко менен Еврокеңештин төрагасы Дональд Туск жана Еврокомиссиянын төрагасы Жан Клод Юнкерге кезигет деп айтылып жаткан. Кытайдын президенти Си Цзиньпин конференция учурунда АКШ жана Франциянын өлкө башчыларына жолугары кабарланган.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG