Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:26

Париж макулдашуусунун Кыргызстанга пайдасы


30-ноябрда Парижде башталган Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүүсү боюнча чоң ачылышына 150дөй мамлекеттин лидерлери чогулушту.
30-ноябрда Парижде башталган Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүүсү боюнча чоң ачылышына 150дөй мамлекеттин лидерлери чогулушту.

Парижде Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүүсүнө арналган эл аралык конференциясы соңуна чыгууда. Жүз жылдыктын соңунда планетадагы орточо температураны 2 градус Цельсийден ашырбоону караган жаңы макулдашууга кол коюлары күтүлүүдө.

30-ноябрда Парижде башталган Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүүсү боюнча ачылышына 150дөй мамлекеттин лидерлери чогулду. 11-декабрда аяктай турган иш-чарага жалпысынан 40 миңдей адам катышууда.

Жыйындын башкы максаты - Жер планетасында абанын температурасынын ысышын 2100-жылга карата 1990-2013-жылдардагы орточо көрсөткүч деңгээлинен эки градус Цельсийден ашырбоону караган жаңы келишимге жетүү. Бул келишим 2011-жылы аргасыздан узартылган Киото протоколун алмаштыруусу керек.

Дүйнөлүк саммиттин алдында Улуттар Уюмуна абаны булгаган газдардын бөлүнүшүн кыскартуу боюнча 180ден ашуун өлкө өз сунушун тапшырган.

Алгачкылардан болуп Швейцария 2030-жылга чейин 1990-жылга салыштырмалуу 50% чейин көмүр кычкыл газын кыскартарын билдирди.

Климаттын өзгөрүүсүнө каршы чараларды көрүүдө демилгечи Евробиримдиктин 28 өлкөсү 2030-жылга чейин 40% кыскартууну убада кылды. Канада 30%, Жапония 25% кыскарта аларын билдиришти.

Жашыл планетадагы абаны булгаган уулуу газдардын 10% Евробиримдик өлкөлөрүнө тиешелүү болсо, булганыч газдардын 40-45% дүйнөнүн биринчи жана экинчи экономикасы саналган АКШ менен Кытайдын үлүшүнө туура келет. Эки өлкө тең Киото протоколуна кошулган эмес.

Кошмо Штаттар 2025-жылга чейин булганыч газдын абага бөлүнүүсүн 10 жыл мурунку деңгээлден 26-28% кыскартууну мерчемдөөдө. АКШ президенти Барак Обама Париж саммитинде сөз алганда дүйнө өлкөлөрүн климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча жоопкерчиликти бөлүшүүгө чакырды.

АКШнын президенти Барак Обама Париждеги саммитте сүйлөп жатат.
АКШнын президенти Барак Обама Париждеги саммитте сүйлөп жатат.

Дүйнөдө абанын эң ири булгоочусу Кытай улуттук дүң өндүрүшүнө байланышкан өз эсептөөлөрүн сунуштап, 2020-жылга чейин 2005-жылга салыштырмалуу булганыч газдарды чыгарууну 60-65% кыскартууну сунуштаган. Бээжиндин билдирүүсүнө караганда, ошондо буга чейин бөлүнгөн булганыч газдардын көлөмү эң жогорку чекке 2030-жылы чыгат.

Буга чейинки пикир келишпестиктер көргөзгөндөй, өнүгүп жаткан өлкөлөр булганыч газдардын бөлүнүшүн кыскартуудагы негизги жүктү индустриалдык революцияны баштан өткөргөн өлкөлөр көтөрүшү керек деген турумда.

Ал эми өнүккөн мамлекеттер тескерисинче Кытай менен Индия экономикасын чоңойтууну көздөп, абаны көп булгап жатат, деп эсептешет. Былтыр Вашингтон менен Бээжин жерден казылган отунду жагуудан башка альтернативдүү булактарга өтүүнү бирге баштоону макулдашкан.

Евробиримдик жана айрым өнүгүп келе жаткан өлкөлөр Парижде кабыл алына турган келишим аткарууга милдеттүү болушун колдошот. Бирок Кошмо Штаттар мындай сунушка каршы. Анткени, андай келишим Конгресстен өтпөсү анык. Мындан улам Вашингтон улуттук өкмөттөрдүн убадалары камтылган гана документ түзүлүүсүн жактайт.

Парижде Индиянын премьер-министри Нарендра Моди ысык континенттеги 100дөн ашуун өлкө күндөн энергия алууну көбөйтүүнү максат кылган альянс түзгөнүн жарыялады.

Ал эми Билл Гейтс өңдүү дүйнөнүн бай адамдарынын тобу алдыдагы беш жылда таза энергия боюнча изилдөөлөргө жана аны өнүктүрүүгө сарпталуучу каражаттын көлөмүн 10 миллиард долларга чыгарууга убада беришти.

Саммитте ошондой эле дүйнөнүн эң жакыр 48 өлкөсү 2020-2030-жылдардын алкагында климаттын өзгөрүшүнө каршы өз пландарын ишке ашыруу үчүн дээрлик бир триллион өлчөмүндөгү жардамга муктаж экени да айтылды.

Максат ишке ашабы?

Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүүсү боюнча эксперти, Москва мамлекеттик университетинин профессору Николай Дронин ар бир мамлекет милдеттенмелерди өз мүмкүнчүлүгүнө жараша түзгөндүктөн аны аткарууга кудурети жетет деп ишенет.

- Анткени бул келишимдин шарттары “жогору жактан” же Улуттар Уюму тарабынан түзүлгөн эмес. Бул милдеттенмелерди ар бир өлкө өз ыктыяры менен кабыл алган. Келишимдин катышуучуларына абага бөлүп чыгарган зыяндуу газдарды канчага кыскарта аларын жана ал кандай жол менен ишке ашарын аныктап алууга мүмкүнчүлүк берилген. Бул жерде ар кимдики ар кандай. Маселен, Евробиримдик бул жаатта лидерлик позициясынан тайбас үчүн чоң милдеттенмелерди алды, АКШныкы бир аз төмөнүрөөк болсо, ал эми Кытайдын сунуштары өтө эле жумшак. Ошого карабай, азыр башкы максат бул келишимдин кабыл алынышы, - дейт Николай Дронин. Анын маалымдашынча, АКШнын 2030-жылга чейин көмүр кычкыл газын 26-28% кыскартууга толук мүмкүнчүлүгү бар.

Климаттын өзгөрүүсү боюнча буга чейинки демилгелер менен милдеттенмелерге кошулбаган Кытай Парижге дагы өзгөчө сунуш менен келген. Кытайлар булганыч газдарды чыгарууну кыскартууну баштаганын, бирок кандай жыйынтык чыгары азырынча белгисиз экенин Нанкин университетинин профессору Нурмира Жамангулова айтып берди:

Нанкин университетинин профессору Нурмира Жамангулова.
Нанкин университетинин профессору Нурмира Жамангулова.

- Кытай 2020-жылга чейин 2005-жылга салыштырмалуу булганыч газдарды чыгарууну 60-65% кыскартууну сунуштап жатпайбы, бул жылына абаны булгап жаткан көмүр кычкыл газын 180 миллион тоннага азайтуу дегенди билдирет. Кытай үчүн 180 млн. тонна аз эле, ошол себептен реалдуу. Анткени бул өлкөдө жылына 9-10 миллиард тонна көмүр кычкыл газы абага бөлүнүп чыгат. Өлкөдөгү ар бир шаар, ар бир аймак аны канчага кыскарта алары тууралуу пландарды даярдашты.

Париж саммитине Кыргызстан 2030-жылга чейин 2013-жылга салыштырмалуу көмүр кычкыл газын 20 пайызга кыскартабыз деген сунуш менен барып, аны эл аралык трибунадан президент Атамбаев өзү жарыялады.

please wait

No media source currently available

0:00 0:08:43 0:00

Саммиттин экономикасы чабал өлкөлөргө пайдасы

Эл аралык эксперттердин баамында, Парижде жаңы келишим кабыл алынса, анын Кыргызстан өңдүү өткөөл экономикасы бар өлкөлөргө пайдасы көбүрөөк болушу мүмкүн.

- Анткени бул өлкөлөр абага чыккан зыяндуу газдардын көлөмүн 1990- жылдагы көрсөткүчтөрдөн ашырбоо милдеттенмесин алган. Орусия андан ашпайт, анткени экономикасы Советтер Союзу кездегидей деңгээлге жете элек. Борбор Азия өлкөлөрүндө деле ушундай. Биз өткөөл экономикасы бар өлкөлөргө киргендиктен, климатты сактоо саясатында өзгөчө топту түзөбүз.Тескерисинче, кенемте маселеси чечилсе, Борбор Азия өлкөлөрү кандайдыр бир каржы жагынан пайда көрүшү ыктымал. Маселен, Кыргызстан кошумча токойлорду тиксе болот, – дейт Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүүсү боюнча эксперти Николай Дронин.

Ошол эле маалда эл аралык донорлор Кыргызстан сыяктуу экономикасы чабал өлкөлөргө насыя, каражат бөлүп берүү менен кандайдыр бир шарттарды таңуулашы да мүмкүн, деген көз караштар дагы бар. Дүйнөлүк жаратылышты коргоо фондунун Москвадагы өкүлү Алексей Кокорин мындай дейт:

Дүйнөлүк жаратылышты коргоо фондунун Москвадагы өкүлү Алексея Кокорин.
Дүйнөлүк жаратылышты коргоо фондунун Москвадагы өкүлү Алексея Кокорин.

- Кыргызстан бай өлкө эмес. Ошол себептүү Өзбекстан, Тажикстан менен бирдикте эле жаңы келишимден каржы жактан пайда көрөт. Албетте, бул нерсе көптөгөн сүйлөшүүлөрдүн, ар кайсы фонддор менен иш алып баруунун натыйжасында аткарылышы керек. Анан эң негизги көйгөй - жардам менен кошо көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарууну кыскартууга байланыштуу чараларды көрүү үчүн эл аралык уюмдар насыя да алууга мажбурлашы мүмкүн. Ал эми насыяны кайра кайтаруу силердин өлкө үчүн өтө жеңил иш эмес.

11-декабрда соңуна чыга турган эл аралык конференцияда Киото протоколун алмаштыра турган жаңы келишим кабыл алынабы деген суроо турат.

Адистердин айтканына караганда, саммитке 150дөн ашуун өлкөнүн лидерлери чогулушунун өзү буга чейин бул жаатта алдын-ала сүйлөшүүлөр болгонун жана кандайдыр бир чечим кабыл алынарынан кабар берет. Келишимге кол коюу - ага катышкандар компромисске жетишкенин айгинелейт. Келишимди ишке ашырууда таасир эте алчу негизги катышуучулар көп деле эмес. Бул Евробиримдик, АКШ, Кытай жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөр тобу. АКШ менен Кытай уулуу газдарды эң көп бөлүп чыгарган өлкөлөр.

Эксперттер келишим эки жол менен биринчиси - катаал, экинчиси - жумшак формада кабыл алынат деп күтүшүүдө. Келишимдин жумшак формасы кабыл алынса, ал өлкөлөрдү эч нерсеге милдеттендирбейт. Бирок беш жылдан кийин бул макулдашуу катаалданышы мүмкүн. Азыр Улуттар Уюмунун башкы максаты - бардык өлкөлөрдү бул келишимге кол койдуртуп алуу. Анткени өз маалында Киото протоколун Кытай менен АКШ колдобой койгондуктан, ал өз максатына жетпей калган. Өлкөлөр эч кандай милдеттенме албай койгон.

Париж саммитин утурлай Дүйнөлүк метеорология уюму быйыл январдан тарта октябрга чейин абанын температурасы 1880-1899-жылдардагы орточо көрсөткүчтөн 1 градус Цельсийге жогорулаганын, 2015-жыл тарыхтагы эң ысык жыл болуп каларын жарыялады.

XS
SM
MD
LG