Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:23

"Белизгейт" чыры парламентте каралды


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Депутаттар “Ата Мекен” фракциясынын үч мүчөсү “Мегакомдун” 50% сатууну көздөгөн деген УКМКнын маалыматын териштирди.

Белиз өлкөсүнөн келген апостиль Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттин колуна “оперативдүү ийгиликтин” аркасы менен келди. Ал жактан келген бардык документтер көчүрмө эмес, оригинал болуп эсептелет.

Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев бүгүн парламенттин жалпы жыйынында билдирди. Ал документтер жасалма деп айткан айрым депутаттардын сөзүн жалганга чыгарып, документтин түп нускасы колунда турганы үчүн өзү жооп берүүгө даяр экенин билдирди.

- Эгерде УКМК Белизге барып документти жасатып келген болсок, анда УКМКнын таасири өтө эле күчөп кеткен турбайбы? Эч ким мындайга ишенбейт. Бул ишти “матрёшкагейт” менен салыштыруу болбойт. Азыр УКМК такыр башкача иштеп жатат. Азыркы учурда биз эч кимди фамилияларын айта элекпиз, болгону тергөө иштери жүрүп жатат.

Ал эми “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев УКМК тараткан документтер боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады. Текебаев учурда президент жана анын аппараты жасалма документтер менен каралоо иштерин токтотпой жүргүзүп жатканын белгилеп, “Белизгейт” Бакиевдин учурундагы “матрешкагейтке” окшошуп турганын айтты.

- Мен беш президент менен иштешип, алардын үчөө менен айыккыс душман болгом. Кантип мен Бакиев менен элдешкис адам болуп, анын компаниясындагы акцияга үлүшүм болуп калсын? Маалында депутаттар “матрёшкагейт” болгондо депутаттык комиссия түзүп, бардыгын далилдеп беришкен, эми дагы комиссия түзүп бардыгын иликтөөгө чакырам.

Дүйшөмбүдө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети оппозициядагы “Ата Мекен” фракциясынын мүчөлөрү “Альфа Телекомдун” 50 пайыздык акциясын сатууну көздөгөн деген маалымат тараткан. Атайын кызмат муну Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүнөн алынган документтерге таянып билдирүүдө. Президент Алмазбек Атамбаев аны тезинен текшерип чыгууну тапшырган.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы тараткан документтердин көчүрмөлөрүндө “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Алмамбет Шыкмаматовдун фамилиясы аталган. Депутаттар муну жасалма документтердин негизиндеги каралоо катары сыпаттоодо.

Белиздеги Wrobel&Co Бишкекке эч кандай документ жиберген эмес

Кыргызстанга Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүнөн келди делген документтердин бирине колу коюлган жергиликтүү адвокат Раян Вробелдин “Wrobel&Co” компаниясынын өкүлү Вианни Солис Бишкекке эч кандай документ жөнөтүлбөгөнүн “Азаттыкка” билдирди. Адвокат Вробел документтерди нотариалдык жактан гана күбөлөндүрөрүн айтты:

- Биз нотариалдык кызмат көрсөтөбүз. Эгер Вробел мырза кайсы бир документке кол койгон болсо, ал күбөлөндүрүү жана апостиль коюу үчүн кылган болушу мүмкүн. Биз мындай кызматты башка компанияларга сунуштайбыз. Биз аларды президентке [Кыргызстанга] жөнөтүшүбүз мүмкүн эмес. Нотариалдык кызмат үчүн бизге кайрылган өнөктөштөргө документтерди күбөлөндүрүп беребиз.

Вианни Солис Кыргызстанга, же “Альфа-Телекомго”, же Avalon Consultants Limited компаниясына байланыштуу документтерди күбөлөндүргөнүн же күбөлөндүрбөгөнүн так айта албастыгын, алар документтердин көчүрмөлөрүн сактабай тургандыгын, болгону документке коюлган кишинин колун гана тастыкташарын билдирди.

14-ноябрда президенттин басма сөз кызматы Белизден келди деп тараткан документтердин сүрөттөрүнөн Раян Вробел кол койгонун, анын колун Белиздин Жогорку Сотунун каттоочусу Эдмунд Оливер Пеннил тастыктаганын көрүүгө болот.

Эдмунд Оливер Пеннил документтердин мазмунун эмес, аларга кол койгон жергиликтүү адвокаттын гана колун тастыктап, өз мөөрүн басканын “Азаттыкка” билдирди.

- [Документ] Эмне жөнүндө экенин билбейм. Биз адвокаттын колунун аныктыгын гана тастыктайбыз. Адвокаттын аты - Раян Ж. Вробел, - деди каттоочу Пеннил.

Ал 2016-жылдын 21-октябрында “Вробел&Ко” компаниясынын адвокаты Раян Ж. Вробел төрт документке апостил койдурганын кошумчалап, алардын мазмунун текшербегенин айтты.

Кыргызстанга келген документтердеги апостилдин биринде “15753/2016” номери көрсөтүлгөн жана аны “E.O. Pennil” аттуу адам 21.10.2016 күнү бекиткенин көрүүгө болот.

Пеннил 15753/2016 номерлүү апостил менен Volquardsen ишканасына даярдалган документтеги Вробелдин колун бекиткенин “Азаттыкка” айтты.

Бул маселелерди парламентте талкуулоо учурунда кайым айтышуулар да орун алды. УКМК башчысы Сегизбаев документтердин түп нускасынан күмөн санаган айрым депутаттардын сөзүн жалганга чыгарып, жооп берүүгө даяр экенин билдирди.

Акаев менен Сегизбаевдин кайым айтышы
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:59 0:00

Ошондой эле парламенттеги талкуулар учурунда Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров спикер Чыныбай Турсунбековду зекип, "өз ордун билип жүрүүгө" чакырды.

Төрөбай Зулпукаров спикерди зекиди
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:39 0:00

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG