Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:37

4-октябрдагы парламенттик шайлоого «Бүтүн Кыргызстан-Эмгек» деген ат менен биригип катышкан эки саясий партия эми бөлүнүп, өз алдынча кеткенин жарыя кылды.

Кыргызстандагы саясий партиялар кандай максатта биригишет, бат эле ажырашууга эмне себеп болууда. Аймактык же кландык кызыкчылыктар канчалык таасирдүү? Партиялардын идеологиясы баш кошуулардын негизи боло алдыбы? Кыргызстанда көп партиялуулукту калыптандыруу үчүн эмне кылышыбыз керек? "Арай көз чарай" талкуусуна Жогорку Кеңештин "Республика - Ата Журт" фракциясынан депутат Максат Сабиров жана тарых илимдеринин доктору, профессор, саясат таануучу Алыбек Акунов катышты.

“Азаттык”: Алыбек мырза, "Бүтүн Кыргызстан" менен "Эмгек" шайлоонун алдында чоң максаттарды коюп, биригип күрөшкө аттанды эле, Жогорку Кеңеште орун албай калгандан кийин эле ажырашып кетишти, анын негизги себеби эмнеде болду?

Алыбек Акунов: Эки партиянын ажырашып кеткенин партия лидерлери өздөрү да кеңири айтып беришкен. Эң негизги себеби, 2016-жылдагы жергиликтүү кеңештерге боло турган шайлоого ар бир партия өз алдынча чыгуу ниети болуп жатканы менен байланыштырышууда. Андай демилгени партиялардын жаштар канаттары көтөрүп чыгышкан экен. Келерки жылы Бишкек шаардык кеңешине да шайлоо болот, ага ушул таптан даярдануу керектигин белгилешүүдө.

Бул эки партия ылдам эле ажырашып кетти деген сөз анчалык дал келе бербейт. Бириккен партиялар Жогорку Кеңешке өтүп алып, анан ажырашып кетсе башка сөз болмок. Негизги максаты – мыйзамда көрсөтүлгөн босогодон өтүп парламентке келиш керек болчу, ага жете албагандан кийин эми алдыга өз алдынча жылуу керек болууда.

“Азаттык”: Деги бул эки партияны эмне бириктирип турган жана ажыраткан нерсе эмне болду?

Алыбек Акунов: Бириктирип турган нерсе парламентке өтүш керек болчу. Бирөө өлкөнүн түндүгүнөн, экинчиси түштүгүнөн көп добуш алат деген үмүт, ой бар болчу. Электорат муну жакшы түшүнүп турган.

Бирок, бириккендери менен идеологияларында ажырымдар болду. “Эмгек” партиясы парламенттик башкарууну жактаса, “Бүтүн Кыргызстан” партиянын лидери күчтүү президенттик башкарууну самап туруп алды. Мындан башка да бир топ себептери болду. Эксперттер көп ойлорду айтып жатышты. Марага чыгыш үчүн бир аз добуш жетпей калганы факт.

“Азаттык”: Демократиясы өнүккөн өлкөлөрдө саясий партиялардын биригүүсүнүн негизги фактору бул – идеологияларынын жакындыгы же төп келиши. "Республика" "Ата-Журт" партияларынын биригишине идеология эмес, аймактык, кландык кызыкчылыктар алдыңкы орунга чыкканы көбүрөөк айтылат.

Максат Сабиров: Саясий партияларды ирилештирүү боюнча аракеттерди биздин партия баштаган. Мурунку шайлоодо 29 партия катышканы белгилүү, акыркысында 14 партия аттанганы да алга жылуу катары бааласак болот. Партиялык системанын бир жакшы жери түндүк-түштүк маселесин жоюуга негиз түзүп жатпайбы. Биздин максат элди экиге бөлбөй, ынтымакка алып келүү болгон...

“Азаттык”: Учурда «Республика» менен «Ата-Журттун» ортосундагы биригүү канчалык туруктуу, бекем жана келечектүү деп ойлойсуз?

Максат Сабиров: Эми чындыгын айтканда, партиянын пайдубалы керек, туруктуу боло тургандыгын шайлоодо көрсөтпөдүкпү, 29 орун алып, экинчи орунда келиш ошол эки партиянын аракети, эмгеги десек болот.

“Азаттык”: “Ата-Журттун” лидери Кыргызстандан чыгып кетип, чет өлкөдө жашап жатканын партиянын ичиндеги олку-солкулуктардан деп баалап жаткандар бар ...

Максат Сабиров: Камчыбек Ташиев Кыргызстанга, менин элге керегим жок экен, деп таарынып кетиптир, Америкада жашайт экен дешип, жомок кылып айтып жүргөндөр бар. Чындыгында андай эмес. Ар бир адам каалаган жерге барып келүүгө, эс алууга акысы бар. Акыркы эки жылда сүйлөшүүлөр көп болду, алты айда аябай катуу иштедик, ушунун баары оор болду. Мен деле бир ай эс алгым келип жүрөт, тилекке каршы, жумуш көп болууда.

Алыбек Акунов: Кыргызстанда 1917-жылга чейин көп партиялуулук болгон. Кийин коммунисттик партия жалгыз калып, ал бийлеп келди. 1990-жылдан кийин кайрадан көп партиялуулукка негиздер түзүлдү. Биз көп партиялар менен көп партиялуулукту так айырмалап билишибиз керек.

Бизде азыр 200дөн ашык партия бар, ал эми көп партиялуулук өзүнчө система, түзүм, тутум, ал жок бизде. Анын мыйзамдык, укуктук негиздери болуш керек. Акаев заманында эки палаталуулукка өтүп партияларга орундар берилип, кайра жоюлуп калган.

2010-жылдан бери парламенттик башкаруунун элементтери киргенден бери көп партиялуулукка өтүүгө кайрадан негиз түзүлдү. Биз эмне үчүн партиялык тизмеге өттүк? Эл экиге, андан көпкө бөлүнөт экенбиз, биригели, республикага белгилүү адамдар деле бир мандаттуу округдан, өз айылынан депутат болууга умтулат экен деген толгон суроолор жаралган.

Көп партиялуулук болгондо эл бөлүнбөй, аймактардан, башка улуттардан да тизмеге кирсин, деп тилек кылганбыз. Эң негизги көйгөй көп партиялуулуктун философиясы сакталбай жатат. Каалагандай тизме түзмөй, каалаганда өзгөртмөй сыяктуу мыйзамсыз нерселер көп болуп жатпайбы. Бир адамды бир аймакка байлап коюу да мыйзамсыз, ал талапкер республика боюнча добуш топтой алат эле.

“Азаттык”: Азыркы партиялар олигархтардын диктатурасы, азыркы парламентти байлардын клубу деп аташууда... Жогорку Кеңешке эмне үчүн умтулушат?

Максат Сабиров: Анын бир топ себептери бар. Эмне үчүн ишкерлердин көбү Жогорку Кеңешке депутат болгусу келет? Биздин мамлекетте жеке менчикти сактап калуу, коргоо деген система орной элек. Башка мамлекетте бирөөнүн менчигине кол салуу деген жок. Бийлик алмашып кетсе менчигиңди тартып алышы мүмкүн, жок кылышы мүмкүн, ишкерлер ошондон коркуп калышты.

Биздин ишкерлер да акылдуу балдар, санаганды жакшы билишет. Мисалы, бир ишкер өзүнүн районуна барып, 200 миң долларын чачып тийиштүү добуш алып келсе депутат боло тургандыгы көрүнүп калды. Биз ушул системадан чыгышыбыз керек деп партиянын программасында айтып жатабыз. Парламенттик система эмне экенин көбү түшүнө элекпиз.

Алыбек Акунов: Демократиянын эрежесинде утуп келген партиянын лидери өкмөт башчы болуш керек. Бизде жеңген партияда жок адам эле өкмөт башкарып жатпайбы, ал бир дагы партия үчүн жоопкерчилик тартпайт. Көп партиялуулуктун философиясы бузулуп жатат деген ушул. Эгер бул премьер-министр жаман иштесе бийликтеги партия жоопкерчиликти албайт.

Биздин элде көп партиялуулукка нааразы болуп жатыштын негизги себеби анын жоктугуна, түзө албай жатканыбызга байланыштуу. Бизде көп партиялуу система жок, орното элекпиз. Биздин электорат экинчи жолу партияларга добуш беришти. Бир дагы партия жоопкерчиликти алалбай жатпайбы. Демократия жаман деп жатышпайбы, бизде демократия жок, анын шартында жашай элекпиз. Демократияны багыт катары алдык, ал жолго чыктык, бирок максатка, барчу жолго жете элекпиз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG