Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:49

Тумоодон кыймыл менен таза аба айыктырат


Иллюстрация
Иллюстрация

Сасык тумоодон улам Бишкекте бир нече мектеп жабылып, ооруканада беш жүзгө чукул киши жаткандыктан орун калбай калды. Дагы тогуз наристе оор акыбалда кайра жандандыруу бөлүмүнө түштү.

Бишкекте сасык тумоо күч алганына байланыштуу эмканалар алты күндүк иштөө тартибине өттү. Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда кезметчилер жекшемби күндөрү да кечке чейин иштемей болушту. Өткөн үч күн ичинде эле бул оорудан улам Тез жардамга Бишкектен жүздөн ашуун кайрылуу түшкөн.

Ал арада баш калаадагы жугуштуу оорулардын клиникасында жатканга орун жок калганын аталган жайдын башкы дарыгери Гүлжигит Алиев "Азаттыкка" билдирди:

- 29-ноябрдан отузуна чейин эле ооруканага кайрылгандар саны 338 жетти. Алардын ичинен 122си стационардык дарыланууга жаткырылды. Ошолордун 108и балдар. Көбү сасык тумоо менен кайрылып жатат. Төрт жүз орундук ооруканада 483 киши жатат. Атайын коридорлорго чейин керебет коюп, айла жоктон баарын батырганга аракет кылып жатабыз.

Антибиотиктер дартка даба касиетин жоготууда

Антибиотиктер дартка даба касиетин жоготууда

Адамдын организми антибиотиктерди тоготпой калышынан улам 2050-жылга чейин дүйнөдө 300 миллионго чукул киши өлүшү мүмкүн дешет окумуштуулар.

Сасык тумоодон улам Бишкектеги айрым мектептер да карантинге жабылганын шаардык саламаттык департаменти ырастады.

Ал эми оор абалда реанимацияга түшкөн тогуз наристе азыр ажал менен алпурушууда. Адистер тумоонун жайылып кетишине туруксуз аба ырайы жана бейтаптардын үйдө дарыланбай, ишке же окуу жайларга барганы себеп болуп жатканын айтышат. Бишкектеги спорттук медицина борборунун терапевти, пульмонолог Талант Жакыпов айрыкча киши көп чогулган жерлерден этият болууга чакырат:

- Киши көп чогулган жерлерде беткап тагынып жүрүү керек. Кыргызда азыр той күчөгөн убак. "Таарынып калбасын" деп ооруп жатса да бара беришет. Анан тойго барган калың элдин баарына жуктурушат. Анан жетекчилер кол астындагы кызматкери ооруп жатса, толук айыккыча жумушка киргизбей эле койсо. Биздикилер ага карабай, ооруп жатса да отчет тапшыр, тигини кыл, муну жаса деп жумшай берет да бир киши коллективдеги он чакты кишиге жуктурат.

Тумоолоп калганда эле ооруп калдым деп чуркабай, анын алдын алуу керек да. Таза абада көп сейилдеп, туура тамактануу зарыл.
Анара Токторова

Дарыгерлер эч кандай көрсөтмөсү жок эле антибиотик дарыларды иче берүү тумоону күчөтөрүн айтышууда. Бул багытта Саламаттык сактоо министрлиги сентябрь айынан тарта рецепти жок антибиотиктерди сатпоо тууралуу дарыканаларга нускама чыгарган. Бирок биз бир нече дарыканага кирип антибиотиктердин рецептсиз эле сатылып жатканына күбө болдук.

Вирустук сасык тумоону өз учурунда дарылабаса, өпкөнүн пневмониясына, неврит, гайморит сыяктуу өнөкөт ооруларды пайда кылат Айрыкча иммундук системасы начар бейтаптардын өмүрү коркунучка кептелет. Ден соолукту чыңдоо жаатында эмгектенген дарыгер Анара Токторова сасык тумоодон оолак болуунун эң башкы жолу денени чыңдоо дейт:

- Тумоолоп калганда эле ооруп калдым деп чуркабай, анын алдын алуу керек да. Таза абада көп сейилдеп, туура тамактануу зарыл. Айрыкча кышында, күн сууктаганда азык-түлүктүн витаминдүүсүн тандап жегенге аракет кылыңыздар. Дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап, кан жана организмдеги заттардын айлануусун жакшыртса эле оорубайт.

Кыргызстанда жыл сайын күз-кыш айларында сасык тумоонун оор формасы күчөп, эпидемиялык түргө өтүүдө. Андан сактануунун жолдору катары догдурлар өздүк тазалыкты сактап, эгер ооруп калса үйдө, өзүнчө бөлмөдө жатып дарыланууну, антибиотиктерди туш келди иче бербөөнү сунушташат.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG