Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:04

Азербайжан-Армения: лаваштан чыккан талаш


Лаваш же кыргызча айтканда жупканы ЮНЕСКО Армениянын маданий мурасы катары каттады.

Лаваш же кыргызча айтканда жупканы ЮНЕСКО Армениянын маданий мурасы катары каттады.

ЮНЕСКОнун лаваш нанды Армениянын маданий мурасы деп каттап бергени Азербайжан менен Түркияга жаккан жок.

Айрым эксперттер болсо ЮНЕСКОго каттоо маданияттан алыстап, саясатка айланып кеткенин белгилешет.

Армения лавашты өлкө атынан ЮНЕСКОго материалдык эмес мурас катары каттатуусу Түркия менен Азербайжандын күйбөгөн жерин күл кылды. Бул эки өлкөнүн жашоочуларынын интернеттеги талкуусу лаваш бышырган чоктой кызып турган чак.

Эске салсак, мындай чечим 26-ноябрда Парижде ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастар конвенциясы боюнча комитетинин 9-отурумунда кабыл алынган.

ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдик тизмесинде: “Армениянын улуттук лаваш нанынын даярдалышы, мааниси жана сырткы келбети Армениянын маданий көрүнүшү” деп жазылган.

Чечим чыгардан мурда азери маалымат каражаттарында Түркия жана Азербайжан министрлери лавашты түрк-азербайжан мурасы катары ЮНЕСКОго биргелешип каттатуу чечимине келишкенин жарыялашкан болчу.

ЮНЕСКО чечимине түрк маалымат каражаттары да сын айтып, реакция жасашты. Буга чейин лавашты биздики деп ирандыктар да айтып келген.

Ал арада Азербайжанда лаваш Армениянын атынан ЮНЕСКОго катталганы чындыкка коошпойт деген маалыматтар пайда болгон. Бирок Азербайжандын Маданият министрлиги "Лаваш - армяндардын маданий мурасы деп катталганын” тастыктаган.

Армениялык эксперт Александр Искандарян бул боюнча “Азаттыкка” комментарий берип, талаштын башы маданиятта эмес, саясатта жатат деп белгиледи:

- Бул талашып - тартышуулардын маданиятка, тамактарга жана алардын жасалуу тарыхына эч тиешеси жок. Талашып жаткан адамдар тиги же бу аспаптын, тамак-аштын, маданий элементтин кайдан чыкканын же анын тарыхын коргоп эмес, өздөрүнүн саясий позицияларын көрсөтүшүүдө. Айрым учурда жаңжалдар ар түрдүү багыттар аркылуу чагылдырылат. Анын ичинде мына ушундай да болушу ыктымал. Буюмдардын чыгышы, тарыхы тигил же бул элге тийиштүү экенин талашуу менен эки элдин ортосунда кандайдыр бир чечилбеген бук бар экенин көрсөтүшкөндөй.

Азербайжандык эксперт Зурдашт Ализаденин пикиринде, лаваш башка маданий көрүнүш сыяктуу эле бир аймакка тиешелүү нерсе:

- Албетте мурун-кийин келишпестик бар үчүн талашка түштү. Чыны менен карап көрсөк, лаваш долма тамагы же кочари бийи сыяктуу бүтүндөй бир аймакка таандык. Ал аймактагы улуттар, азыркы мамлекеттер көп жыл мурда биргеликте тигил же бул хандыктардын карамагында турган, ары-бери козголушкан. Карым-катнаштын натыйжасында маданий атрибуттар да аралаш жаралган. Аны менен кошо тамактар да.

Ошентип кошуна турган өлкөлөр канчалык каршы болушпасын ЮНЕСКО лавашты Армениянын мурасы катары каттады.

Белгилеп кетсек, буга чейин Армения дудук чоорун жана «Давид Сасунский» эпосун материалдык эмес мурастар тизмесине киргизген.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG