Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:50

Kүрт козголоңчулары Түркиядан чыгып кетүүдө


ПККнын Түндүк Ирактагы согушкерлери Түркиядан келген жолдошторун тосуп алышты, 14-май, 2013
ПККнын Түндүк Ирактагы согушкерлери Түркиядан келген жолдошторун тосуп алышты, 14-май, 2013

Түркиянын өкмөтү менен макулдашылган келишимдин негизинде өлкөдөгү Күрддөрдүн Эмгекчилер партиясы (ПККнын) эки миң аскеринин айрымдары Ирактагы Күрдстан автономиясына чыгып кетишти.

Ал согушкерлер тынчтык планына шанс бергенге даяр экенин билдиришти. Бирок непада расмий Анкара келишимди бузуп, аларга кол сала баштаса, кайра курал алгандан кайтпай тургандыгын белгилешти.

Жүгар – Түркияда өкмөттүк күчтөр менен согушуп келген күрттөрдүн бири. 40 жаштагы бул киши өзүн Түркияда ишине тыйуу салынган ПКК партиясынын согушкери деп атап жүрөт.

Жети күндүк узак жол басып, шейшембиде Жүгар ПККнын дагы 14 куралчан козголоңчусу менен Ирактын Күртстан автономиясына жетти. Бул алардын түрк өкмөтү менен келишкен макулдашуусунун жыйынтыгы болчу.

"Тынчтыкка жол эч качан жабылбайт, дайыма ачык болот деп ишенебиз", - деди ал.

Партиянын эки миң согушкерине азыр түрмөдө жаткан лидери Абдулла Ожалан Иракка чейин оор, узак жолду жөө ашып өтүүнү буйруган.

Ожаландын азыр көптөн үмүттөндүргөн Анкара менен тынчтык планы бул согушкерлерди ПККнын Ирактагы базаларындагы төрт миң козголоңчусуна кошулууга чакырат.

Бул – дээрлик 30 жылга созулган конфликтти токтотууга көрүлүп жаткан эң алкактуу кадам. Ушул мезгил аралыгындагы түрдүү чабуулдарда 40 миңдей адам өлдү, алардын көбү – күрттөр.

Жайкын турмушка даярбы?

Бирок азыр өзгөчө кызыгуу жаратып жаткан суроолордун бири – козголоңчулар Ирактын Күртстан регионуна келгенден кийин эмне кылышат?

Ожаландын катында айтылгандарга караганда, расмий Анкара күрттөрдүн эркиндигин, коопсуздугун жана жашоого укугун мыйзамдуу түрдө, конституциялык негизде бекиткенге чейин козголоңчулар куралын таштабашы керек.

Ирактын борбордук бийлиги өзүнө куралчан күрттөр киришине заматта нааразылыгын билдирген. Ошентсе да, Күртстан автономиялуу регионунун жашоосуна кийлигишүүгө көп деле укугу жок экенин билет.

ПККнын “Азаттыкка” сүйлөгөн талаа командирлери азыр эми жаңы барган козголоңчулар Ирактын түндүгүндөгү эки базага жайгашаарын айтышты.

Рухат – ПККнын Ирактагы аскерий канатынын лидери. Алар өздөрүн Элдик Коргоо Күчтөрү деп атап жүрүшөт. Анын айтымында, козголоңчулардын курал ташташы жөнүндө сөз кылганга али эрте.

"Бул жерде алар кадимкидей машыгып, кийин болушу мүмкүн делген тапшырмаларга даярдана беришет. Биз башынан эле түрк өкмөтү чындап тынчтыкка ыкласы бар экенин көргөзүшү керектигин айтып келатабыз. Түркиядагы күрттөрдүн укуктарын коргоп, өз эне тилинде сүйлөй алаарын камсыздашы керек", - деди ал.

Этият жүрүш

ПККнын расмий өкүлү Ахмед Дениз төрт айда куралчан козголоңчулар Түркиядан чыгып кеткенден кийин, Анкарада күрт козголоңчуларынын лидери Ожалан түрмөдөн бошотулушу лаазым экенин эскертти.

Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган куралдан баш тарткан күрттөргө “эч ким тийбейт” деп убадасын берген. Бирок Эрдогандын сөзүнө күрттөр анча ишенбей жатканы деле түшүнүктүү. 1999-жылы мына ушундай эле келишимдин негизинде Түркиядан ПККнын согушкерлери чыгарылып жатканда түрк аскерлери аларды буктурмага алып, 500үн кырып салган болчу.

Күрттөрдүн Эмгекчил партиясы азыр Түркиядан көз карандысыз жер берилишин талап кылбайт. Азыр алар бул өлкөдө жашаган 17 млн. күрт үчүн кеңири саясий жана маданий укук берилишин самашууда.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG