Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:22

Стамбул-Амстердам каттамындагы учак кырсыкка учурады


Кырсыкка учураган Боинг 737 жүргүнчү учагы, Амстердам, 25-февраль, 2009-жыл
Кырсыкка учураган Боинг 737 жүргүнчү учагы, Амстердам, 25-февраль, 2009-жыл

Жүргүнчү ташыган учак Амстердамдагы Шипхол аба майданына конуп аткан жеринен кырсыкка учурады. Ушу тапта 9 кишинин өлгөндүгү жана 50 чакты жүргүнчүнүн жарадар болгондугу кабарланууда.

"Түрк Аба жолдору" (THY) компаниясына таандык Боинг 737-800 учагы Стамбулдан шаршембиде жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 8.22де көтөрүлгөн.

Учак Амстердамдагы Шипхол (Schipol) аба майданына конуп аткан жеринен кырсыкка учурады.

- Түрк Аба жолдорунун Стамбулдан Амстердамга бараткан Боинг 737-800 учагы, рейс номери 1951, Шипхол аба майданына жакындаганда, азырынча белгисиз себептерден улам, кырсыкка кабылды, - деп билдирди Түркиянын байланыш министрлигинин жооптуу өкүлү Суат Хайри Ака.

Ушу тапта 9 кишинин өлгөндүгүгү жана 50 чакты жүргүнчүнүн жарадар болгондугу кабарланууда.

"Боингде" экипаж менен кошо 135 киши бар болчу. Кыйроодон улам учак 3кө бөлүнүп калган.

Муну кырсык болгон жерден тартылган сүрөттөрдөн да көрсө болот.

Оболу "Түрк аба жолдорунун" жетекчилиги өткөргөн алгачкы брифингде "курман болгондор жок" деп айтылган.

Сөз болгон "Боинг" учагы 2008-жылы техникалык текшерүүдөн өткөнү кабарланды.

Түрк өкмөтүндө окуяны иликтөөгө байланыштуу атайын штаб түзүлдү.

- "Түрк Аба жолдору" бардык керектүү чараларды көрүп жатат. Биз жүргүнчүлөр, алардын жакындары менен байланышууга аракет көрүүдөбүз. "Түрк Аба жолдорунун" баш кеңсесинде жайгашкан штаб бардык чукул маселелер менен алектенүүдө, - деди Ака.

Учакта кыргызстандык жүргүнчүлөр болгон-болбогондугун билүү үчүн шаршембиде Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугуна кайрылдык. Бирок азырынча аларда тиешелүү маалыматтар жок болуп чыкты.

Шипхол Европадагы эң ири аэропортторунун бири.

Ошол эле маалда, адистердин айтымында, ал дүйнөдөгү эң коопсуз аба майдандарынын катарына кирет.

Эми 1970-жылдардан бери катталган кайгылуу статистикага кайрылсак.

"Түрк Аба жолдоруна" таандык учактар буга чейин бир нече жолу кырсыкка учураган.

Алсак, 1974-жылдын 3-мартында Париждин жака белинде компаниянын учагы көтөрүлгөндөн көп узабай кулап түшүп, 333 жүргүнчү жана экипаждын 12 мүчөсү каза тапкан.

1976-жылдын 19-сентябрында Түркиянын Ыспарта шаарынын жанында учак тоону сүзүп, 154 киши өлгөн.

1994-жылы 29-декабрда Ванга жакын жерде "Түрк Аба жолдорунун" учагы 4-жолу конууга аракеттенгенде дөңдү сүзүп кыйроого учурап, анын айынан 55 киши өмүрүнөн ажыраган.

Буга чейинки ири кырсык мындан 6 жыл илгери, 2003-жылдын 8-январында да орун алган. Стамбулдан Диярбакырга бараткан бир жүргүнчү учак кулап түшкөн. Анын айынан экипаждын 4 мүчөсү, 71 жолоочу каза болгон, 5 киши аман калган.

XS
SM
MD
LG