Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:15

ТҮРКИЯДАГЫ ИРИ АВИАКЫРСЫКТАН 75 АДАМ КАЗА ТАПТЫ


Шаршемби күнү куптан ченде Түркиянын түштүк-чыгышындагы Диярбекир шаарында жерге конгону барткан жүргүнчүлөрдү ташуучу түркиялык самолет кыйроого учурады. Кырсыктан 75 адам өлүп, беш адам тирүү калды. Ырасмий маалыматтар боюнча, авиакырсыкка калың туман кедерги болгон.

Түркиялык адис-эксперттер бейшемби күнү таң эртелеп 8-январдын түнүндө Диярбекир аба майданына конгону баратып кыйрап калган “RJ-100” самолетунун калдыктарын изилдөөгө киришти. “RJ-100” - Британияда курулган, кыска каттамдарга учуучу самолет. Ал Түркиянын ичинде көп колдонулат.

Диярбекир - Ыстамбулдан 1400 чакырымдай түштүк-чыгыштагы шаар. Калкы негизинен күрддөр.

Ырасмий билдирүүгө караганда, авиакырсыктан 75 адам курман болуп, беш жүргүнчү тирүү калган. Премьер-министр Абдулла Гүлдүн сөзү боюнча, аскерлер кырсыкка кимдир-бирөөлөр кедерги болду деген түкшүмөлдү жокко чыгарышкан. Кийинки күндөрү Диярбекирди туман каптап, апта башында аэропорттон бир да самолет учкан эмес болчу.

Ички иштер министри Абдулкадыр Аксунун билдиргенине караганда, Ыстамбул-Диярбекир каттамынын учкучу коюу тумандан улам өзүнө бошотулган жолду көрбөй, самолетту аэропорттун аскерий секторундагы конуучу тасмага 30- 40 метр жетпей натуура кондурган. Самолетту ошол замат от каптап, экиге бөлүнүп кеткен. Түрк телевидениеси көрсөткөн тасмадан самолеттун кебетесин таанып болбойт. Асфальт бетиндеги оозу ачылган чемодандардан, ак бөз менен жабылган жасаттардан жана калыпсыз сом темирлерден үрөй учат.

Кабарчылардын билдиришинче, бейшемби күнү да аэропорт бекем курчоого алынып, тыш адамдар үчүн жабык. Набыт болгон адамдардын сөөктөрү жергиликтүү оорукананын жасатканасы менен спорт борборунун залына таанууга коюлган.

Тирүү калган беш адамдын бири Алия Илдин айымдын айтымында, ал самолет экиге бөлүнүп кеткенден кийин аба майданын четиндеги күрткү кардын үстүнө түшкөн. Аңгыча кар өрттөнө баштаганда, Алия айым күрткүнү таштай качып, аман-соо калган. “Сиверекте жашаган жакын курбум көз жумуп, анын тажиясына баргам. Мындан ары эч качан самолетко түшпөйм”,- дейт азыр ооруканада жаткан Алия Илдин.

“Анадолу” жаңылыктар агенттигинин кабарлашынча, авиакырсыктан тирүү калган эки жаштагы наристе ооруканага жеткирилгенден кийин чарчап калган. Самолетто чет элдиктер болгонбу - азырынча ал тууралуу так маалымат жок. Бирок, Британиянын тышкы иштер министрлигинин маалымдаганына караганда, набыт болгондордун ичинде эки британ жараны болушу ыктымал.

Шаршемби күнкү окуя - акыркы 25 жылда Түркияда болгон кыямат авиакырсык. 1976-жылы Испарта шаарынын жанындагы тоону “Түрк аба жолдору” компаниясынын “Боинг-747” самолету сүзүп алып, 154 адам набыт болгон.

XS
SM
MD
LG