Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:19

"Азаттык": Көзү тирүү болгондо советтик доордун диссидент акыны, атактуу ырчы жана актер Владимир Высоцкий 25-январда 78 жашка чыкмак. Каргылданган жоон үндүү ырчынын дүйнө салганынан бери 40 жылга жакын убакыт өтсө да Высоцкий бүгүнкүгө чейин улуттун сыймыгы, элдин үнү катары аталып келет.

Журналист Данияр Исановдун Высоцкийге арналган блогун сунуштайбыз.

Высоцкийди – кезегинде көз карашында коомго жат элементтер камтылган, ичкилик ичип, алтургай, баңги колдонот деген ушак-айыңдар менен уулашкан. Чындыгында эле ашыкча буркан-шаркан түшкөн чыгармачылыктын күүсү айланага аяр мамиле жасаган жан дүйнөсү назик акындын ааламына дүрбөлөң салчу.

- Мне объявили явную войну,

- За то, что я нарушил тишину.

- За то, что я хриплю на всю страну,

- Чтоб доказать — я в колесе не спица! Владимир Высоцкий

“Ал кино тартылуучу аянтчада роль аткарып жатканда айланасына шумдуктай жарык нур чачып, биз дем алып аткан абага бөтөнчө бир күч кошулчу”. Александр Митта, кинорежиссер.

Бир караса, телегейи тегиз сыяктанат. Күжүлдөп эмгектин шаңы угулгансыйт. Коммунизмдин ураандары кулакты тундуруп, баёо журтту алда-кайдадыр жаркын жашоого үндөгөндөй. Жеке өзүнүн жашоосуна келе турган болсо, жараткан чыгармаларын калың журт кайда барбасын аздектеп угушат. Акынды ардактап төрүнө өткөзүшөт.

Бирок аны баары бир көңүл түпкүрүндө бир нерсе мыжып, эзет. Көздөрү ааламды аңтара көрүп, башкалардан бөтөнчө жаралып калганы үчүн шорго малынгандай, акын...

* * *

Каратып туруп калп айтышкан анткорлордун казандары боркулдап кайнайт. Чындыкты чыркыратып тебелешет да, жалганга жар салышат. Эмнеге? Эмне үчүн? – деген суроого жооп табам деп алкымына кептелген ачуу жашка муунуп чыгат да, оо, өзү он жылдап ыйык сахнада туруп, айланадан акыйкат издеп азапка башын сайган Гамлеттин мүшкүлүн тулку-бою менен туюп көрүп, анан аргасыз анын арманына ортоктош болот...

* * *

Каралоо, ушак-айыңдардын арааны акын тирүүсүндө да, көзү өткөндө да жүрүп турду. Алтынды дат баспаган сыңары, тескерисинче, ошол каралоолор анын караанын ого бетер бийиктетип, күн санап аброюн айга, кадырын күнгө жеткирди. Анткени, ал адам катары актыкты сүйдү. Ааламдан акыйкатты издеп, машакатка түштү. Ичи тар, өзүм дегенде өгүздөй күчү бар алкы бузук кошоматчыларды көрүп туталанган акын ачуусун ачкылга, күйүтүн ырга алмаштырды...

Коомду кыймылдаткан жумушчу күчтүн жупунулугун даңктап, миңге чамалаш чыгарма жаратты. Акын деген кан майданга коркпой кирген нагыз жоокердей болгону эп деди. Ар качан микрофон алдына келгенде айыгышкан салгылашты элестетип алып, дзотко төшүн тоскондой чымырканчу. Ушул кадамы үчүн, ушул шердиги үчүн карап турган көпчүлүк аны баатырындай баркташчу. Гитар кылдарын манжаларынын учтары жешилгиче чертип, киркиреген добушу менен ага суктана карашкан калайыкка көзү көрүп, жүрөгү туйганын таамай айтканга умтулчу...

Акылы тетик неме айланасында болуп жаткан көрүнүштөргө көңүлү зилдеп, коомдун тээ түпкүрүндө жаткан жараны сөөмөй кезеп көрсөтчү. Сынга алып сыздачу... Мыскыл аралаш кеп урчу...

Высоцкий – калк тагдырын каалагандай калчашкан жасакер, алдым-жуттум шумпайлардын жоруктарын көрүп туруп көрмөксөнгө сала албады. Анткени, жасалмалуулук ага жат эле. Акын – караны кара, акты ак дегени үчүн эки тизгин бир чылбырды колго алгандар андан өзүлөрүн оолак тутуп, бу балекет баскыр дагы эмнени айтып ийет деп катуу чочуркашкан. Ал гана эмес Володя ажал менен арбашып аткан соңку сааттарда атасы Семёнго уулуңуз өлүм алдында жатат деген кабар жеткирсе: “Мага мындай антисоветтик уулдун кереги жок!” – деген кеп урган...

* * *

Ар күнү төрт-беш гана сааттан уктап, тынымсыз мээнеттенген чыгармачылыктагы жемиштүү учурлары 1973-1980-жылдарга туура келди. Дал ушул жылдар арасында Высоцкий коомдук абал менен бирге адам тагдыры тууралуу акыл калчап, түркүн тематикадагы ырларды жазды. Колуна калем кармаган акын жети түндө олтуруп өзүнчө күңгүрөнөт да, жашоодо дил тазарткан ыйык сезимге туш келгени үчүн тагдырына алкыш айтып, Маринасы менен чогуу өткөргөн ай-күндөрдү эске салат да, ага арнап кагаз чиймелейт. Кээде жалгыздык жанга батып, өзүнө өзү батпай жаналекетке түшүп ачуусун ачкылдан чыгарганга аракет кылып, бир кездердеги доктурлардын катуу тыюу салганын эстей коюп башын баңгиге байлап мөгдөйт. Анан акыл токтотуп көрүп, өзүнө өзү душман чыкканын аңдай бул балекеттерден кутулуунун жолун издейт. Бирок, канына терең сиңген нерседен кутулуш өтө кыйынга турду. Аны урматтаган угармандары кандай дартка кабылганын угушса да өгөйлөбөй өз бир тууганындай кучак жая тосушту. Себеби, ааламга ажайып керемет дүйнө тарткан акын ар дайым чындыкты калкан кылып карманганын жаземдебей билишчү. Анын жараткан чыгармаларын угушкан шоопурлар, балыкчылар, космонавттар, сатуучулар, дарыгерлер, студенттер, академиктер, учкучтар, аскер кызматкерлери, мугалимдер, дарыгерлер, кара жумушчулар, спортчулар, ал гана эмес эркиндигинен ажырап абакта азап тартышкан кылмышкерлер да бул ырчы жана акын кантип биздин тармактагы көйгөйдү терең түшүнө алды деп таңыркашты. Анын ырларынан аскада калып үмүтү үзүлөйүн деген альпинисттер, суу астындагы кемеде кызмат өтөп коркунучка кабылган жоокерлер эркин чыңдап, келечекке ишеним артышкан. Бир ирет Сочиде эс алып жүргөн Высоцкийдин мейманканадагы номерине кирген уурулар бардык буюмдарын уурдап кетип, кимге таандык экендигин билишкен соң кайра кайтарышкандыгынын өзү аны жалпы коомчулук кандай кадырлашарынан кабар берет.

* * *

“Эгер ал, 1980-жылы өлбөй турган болсо, баары бир – күйүп-күйүп күл болмок!”​ Людмила Абрамова, В.Высоцкийдин экинчи жубайы.

* * *

Бир нече жолу өлүмдөн аман сактап калган жакын курбусу, дарыгер Анатолий Федотов: “Бөлмөдө Володя оорудан кыйкырып жер чапчыйт. Ооналактайт. Онтойт... Сыздайт... Карап турган адам чыдай албагыдай. Бул түн ал үчүн чыныгы тозокко айланды. Мен уктата турган дары сайдым. Баары бир жаны сыздап онтой берди. Анан эле бир маалда тынчыгансып, чоң бөлмөдөгү тактай үстүнө жатып уктап кетти.

А мен кургур, нөөмөттөн чыкканга чарчап-чаалыгып, жүдөп турган элем. Болжол менен түнкү саат үчтөрдө кирпиктен тартса кулачудай болуп тургандыктан, кашайып, олтурган ордумда көзүм илинип кетиптир. Дүлөй түндө кимдир бирөө мени катуу түрткүлөгөнсүйт. Чоочуганымдан ыргып туруп Володяга чуркадым. Карасам, олда кудай, ай! Көздөрү ачык калыптыр. Каректери чоңоюп чыккан. Электр жарыгын да эч тоотпогондой, үн-сөзсүз катып жатат. Далбастап жасалма дем алдырдым. Оозу мупмуздак. Кеч, аттиң... Мен ошондо аны сактай алат белем? Айтыш кыйын!? Бирок, мен колдон келген бар күчүмдү жумшамакмын. Алигүнчө ошондо өзүмдүн уктап кеткенимди эч кечирбейм. Кашайгыр ай, болжол менен кырк мүнөттөй уктасам керек!?” – деп, эскерет ошол каргашалуу түндү...

* * *

...Ошол күндөрдө Москвада олимпиада жүрүп жаткан. 28-июль күнү кош айтышуу зыйнаты уюштурулуп, Владимирдин сөөгүн өзү иштеген Таганка театрынын алдына алып келишти. Высоцкийдин өлүмү – бүткүл дүйнөнүн көңүлүн өзүнө бурдурган олимпиадага карабастан, акынды ардактап аркы дүйнөгө узатабыз деген калың журттун саны кырк миңден ашып, көчө кымгуут түштү. Зыйнатка катышам деген элдин аягы бир нече чакырымга созулгандыктан Высоцкийдин жүзүнө үңүлгөнгө үлгүрбөстүгүн аңдай колдоруна кармашкан гүлдөрүн бири-бири аркылуу узатышып, жыйынтыгында ырчынын табыты турган тарап гүлгө оролуп чыкты. Кай бирлери узун көчөнү бойлото ала келишкен гүлдөрүн акын жана ырчы, атактуу актерубуздун урматына деп асфальт бойлото төшөп киришти.

Акындын өлүмү – өздөрү ойлоп тапкан калптарга өздөрү ынанышкан, бийлик бутактарына чыгып караламан журтка жаагын жанып куру чеченденишкен, өзүнөн бир тепкич өйдө турган мыкчыгерлер менен жагалданган кошоматчылардын эсин эки кылды окшобойбу!?

Ооба... Бул өлүм – карапайым журттун сүйүүсүнө арзыган акындын ким экендигин айгинелеп койду. Ал эми бийлик – Высоцкийдин өлүмүн катардагы бир көндүм көрүнүш катары санап, оозунун жели корочудай “Мезгил” программасынан “акын өлдү” деп учкай гана айтып өттү...

* * *

Жараткан ага деңиз сыңары толкуп-ташкан албуут чыгармачылыкты, күн менен түндүн айырмасына карабай чарчап-чаалыкпаган мээнеткечтикти кошо берген экен. Ошол мээнетинин аркасында 800дөн ашуун ыры менен элди кудум өзү сыңары ааламдан акыйкат издегенге, махабатка кулдук уруп баеoлукту барктаганга, боорукерликке, чындыкка, эмгекке шыктандырган наркы теңдешсиз зор мурасты калтырып кетти.

Владимир Высоцкий жубайы Марина Влади менен.

Владимир Высоцкий жубайы Марина Влади менен.

* * *

Заман тууралуу зарлап ырдаган акын өз пикирин коркпой айтканга жарады. Мына ушунусу менен ал улуу сүрөткер катары калың журттун сүймөнчүлүгүнө айланды. Анын саптарында бирде көңүлдү көкөлөткөн шайыр мүнөз орун алса, бирде коомду мыскылга алган курч ойлор камтылып, бирде адамды ар түркүн ойго салган өмүр менен өлүм тууралуу ой жоруганга түрткү берет. Орустун оюн көз алдыга таамай тарткан Высоцкийдин өнөрү аркылуу дүйнө эли интеллектиси бийик, өз алдынчалуулукка умтулган, адамдын духун көтөрүп оптимисттик маанай тартуулаган чечкиндүү аракеттердин илебин сезип, нагыз эркектик касиетке эгедер улуу сүрөткер экендигин моюнга алаары бышык. Баарынан мурда, сүрөткердин искусствого карата эч качан жасалма мамиле жасай албаган нукуралуулулугуна, бардык адамдар менен ээн-эркин баарлаша алган талантына тамшанбай кое албайсың.

Ал, коомдогу ар кыл муундун өкүлдөрү менен чын жүрөктөн сырдашып, карапайым жумушчудан тартып интеллигенция чөйрөсүнүн эшик-төрүн аралайт. Бүткүл адамзат алдында өзүн милдеткер сезген акын өтмүшкө көз чаптырып, коомдо орун алган көйгөйлөргө байкоо салат. Өмүрдөн эрте өтөрүн дилинде терең түшүнгөн акын ушул кыска өмүрдө акыйкатты ырдап, эртеңки тууралуу эзилип, коомго коңгуроо кагат. Анын каргылданган үнүндө каар да, ачуу чындык да, айланага аяр мамиле жасаган зор сүйүү да жашаган. Ошол үнү менен ал адамдардын жан дүйнөсүн жарып кирип, жүрөгүнө улуу сезимди орнотту. Ал, ушул ааламда азап чеккен адамдарга жылуулукту таратып туруп азапты өзүнө алган баатырдыкка барды. Ушул кадамы менен ал өзүн өзү курмандыкка чалды.

Мамлекеттик наамдардын бири да буйрубаган Высоцкийге Жазуучулар Союзу, Композиторлор Союзу сыяктуу уюмдар барсыңбы-жоксуңбу дегендей мамиле жасап, катарларына кошпой келген. Бирок, ушундай жасалма уюмдардын бири да жете албаган ийгиликтерди багынткан Высоцкий адабий институт менен музыкалык окуу жайдан билим алып чыкпаса да, дүйнө элдеринин арзуусуна айланды.

Көзү тирүүсүндө жети грампластинкасы жарыкка чыккан акын акыретке аттангандан кийин анын АКШ, Франция, Германия, Финляндия, Болгария, Корея, Жапония жана Израилде бир канча ирет кассеталары менен дисктери басылып чыкты.

Социологиялык сурамжылоодо Владимир Высоцкий – ХХ кылымдын эң залкар инсандарынын катарына кирет деген бааны беришкен...

Данияр ИСАНОВ

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG