Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:14

Турсунов: Кыргыз "Манасы", тили жана комузу менен тирүү


Кыргыз эл акыны Эрнис Турсунов, 3-март, 2014.
Кыргыз эл акыны Эрнис Турсунов, 3-март, 2014.

Кыргыз эл акыны, драматург, котормочу Эрнис Турсунов 11-июнда 79 жаш курагында дүйнө салды. Быйыл жазда "Азаттык" менен маегинде ал кыргыз тили, "Манас" эпосу, дин, азыркы кыргыз коомунун көйгөйлөрү тууралуу ой-толгоосун айткан эле.

Турсунов: “Манас” уникалдуу, кылымдардан бери келе жатат. Обону да, тексти да Саякбайдыкы. Аткаруучусу да Саякбай. Мимикасы, кол жаңсоосу, аскердин, күркүрөгөн колдун келатканы, жамгыр жааганы, үндөрдүн кубулушу... Мунун баарын “бир актердун театры" деп коет. Ал үчүн алты саат тынбай айткан таланттуу Саякбайлар керек. Азыр беш мүнөттүн ичинде айтып койгондорго диплом берип жатпайбы. Баардыгын билишпейт, же, макул, четин билет. Унутулбасын деп алар үйрөтүп, аракет кылып жатат, албетте. Бирок чыныгы маанисинде Саякбай менен бүтүп жатпайбы...

"Азаттык": Андан ары уланган жок деп ойлойсузбу? Манасчылар уланбайбы?

Турсунов: Саякбайдан башка миллион сап билген манасчы жок. Аны Айтматов деле жазып чыккан. Эгерде кыргызды жок кылам десе, биринчиден комузун жок кылыш керек, "Манасын", тилин жок кылыш керек. Ошондо бүттү, кыргыз жок болот. Эң оңой жагы тил. Муну кыргыз өзү жок кылат, жанагы “киргиздер”...

Жаңы лексикондор кирди. Аны которо албайсың, тил өзүнөн өзү байыйт. Илгери кургак учук оорусуна чалдыккандарды "кабыргасынан кагынып калыптыр", "кан түкүрүп калыптыр" деп коюшчу. Кан басымы жогорулап кеткенде “төбөсүнөн сезгенип" дешчү. Мына ушул сыяктуу сөздөрдүн баары азыр калып баратат.

"Азаттык": Бүгүн кыргыз тили жоголуп баратат, дилди сактайт элек деген аракеттер жасалууда. Натыйжасын берчүдөйбү?

Турсунов: Кагаз жүзүндө чыккан чечим таасирлүү болбойт. Кагаз кагаз боюнча эле кала берет. Иш жүзүндө жасаш керек.

Мисалы, балдар менен иштеген мугалидер “Учту, учту, карга учту, коен учту, чымчык учту" деп түрүн айтканда алар туурасын тандап алып, туура сүйлөгөндү, ойлонгонду үйрөнөт. Жөнөкөй сөздөр аркылуу... Бирөөсү, экөөсү, үчөөсү деген туура эмес. Бирөө, экөө, үчөө деш керек.

Кыз, наристе, бөбөк, жеткинчек деген сөздөрдүн айырмасын дептерге жазып алып үйрөнүш керек. Антпесе билбей калышат. Мисалы уй тууганда аны музоо дейт, алты ай чоңойгондон кийин тана, андан кийин торпок, торпоктон өйдө ургаачы болсо кунаажын, эркек болсо бука дейт.

Кишиники туулганда ымыркай, анан наристе болот. Андан кийин бөбөк, жеткинчек, өспүрүм, улан, жигит деп өйдө кете берет. Азыр келин менен колукту, колукту менен зайып, зайып менен аялдын айырмасын билишпейт экен. Таң калдым, эсим ооп...

Поэзия тууралуу айтсак, азыркы поэзияны "плаксивый" деп коет. Бул чыныгы поэзия жок деген сөз. Атайдын жөнөкөй ыры турат:

Күйдүм бир күйдүм, күйдүм чок
Күйдүм бир десем түтүн жок
Жүрөгүмдүн башында
жүгөрүдөй бүдүр жок...


Чегин айткан. Өзү тим эле боздоп ырдайт. Андай лирика жок азыр.

"Азаттык": Сиз кыргызды кыргыз кылган бул "Манас", тил жана комуз экенин айттыңыз. "Манасты" азыр көптөр ЮНЕСКОго чейин жаздырып, орусча которуп аракет кылып жатат. Ал эми комуздун тагдыры кандай?

Турсунов: Комуз өтө керектүү, кыргыздын салтын, наркын канча кылымдардан бери сактап келаткан аспаптардын бири. Арстанбектен 500 күү деп айтылчу. Арстанбек Буйлаш уулу Калыгул менен бирге чыккан. Ойчул Калыгул 70теги кезинде Арстанбек 24тө болгон. Калыгул оозеки айткан, Арстанбек күүгө салган. “Акыр заман”, “Тар заман”, “Зар заманды” үчөө айткан. Калыгул, Арстанбек жана Молдо Кылыч. Мына ушул үчөөнө эч ким жетпейт. Алар көчмөн элдин алдын көрө билген, Байыркы Грециянын Аристотели, Платону, Сократы сыяктуу, немистин окумуштуулары Гегел, Канттай ойчулдар болгон.

500 күүнү кечээ эле Карамолдо Орозов чыгара койгон жок. Чыкса 10-20 жылда араң жакшы күү чыгат. Мына, Кыдырназаровдун “Кыргыз көчүнөн” бери жакшы күү чыга элек. "Кайра качпа", "Дуубасар", "Анжиян калкы", "Көкөй кести", "Насыйкат" сыяктуу атактуу күүлөрдү ошол Арстанбек черткен. Ал той үстүндө, той анын үстүндө болгон. Карамолдо Орозов эң акыркысы. Саякбай "Манасты" айтып калгандай, ал совет өкмөтүнө жеткирип, жакшы черткендердин бири болгон. 80 күү билчү, эл аныкы деп түшүнгөнү менен өзүмдүкү деп айтчу эмес. Азыр андай комузчулар азайды. Оңой жагын өздөштүрүп алып, кол ойнотуп концерт бере коюшат. Ал эми терең күүлөрдү черткендер азайып баратат. Намазбек Уралиев менен Анара Эсенгулова чертип калат. Бул аз. Комуз менен катар кыл кыякка көңүл буруу керек.

"Манаска", комузга, кыргыз тилине жараша орнаменттүү кийим, боз үйлөр болгон. Саймасы менен, кыргыздын татынакай элечеги менен...

"Азаттык": Ошонун баары азыр жанданып жатпайбы. Бул жандануу бизнеспи же улуттук баалуулуктарга кайтуубу?

Турсунов: Улуттун түпкү баалуулуктарына кайтуу. Себеби бизнеске мунун чыгашасы чоң. Кийиз басып, шырдак шырыганды азыркы жаштарга үйрөтүп калыш керек.

"Азаттык": Кыргыздын динге мамилеси боюнча пикириңиз кандай:

Турсунов: Мен эч кимди кемсинтпей, басынтпай, бардыгынын баркын өйдө кылып айтайын. Мечиттегилер өз кызмат орундары кантип аталарын билбейт экен. Эң жогорку баскычта муфтий. Андан кийинкилер: имам, дамбылда, казый, эшен, сопу, калпа. Өзүнүн тартиби, иерархиясы бар.

Кыргыздар көчмөн эл болгондуктан мусулманчылыкты бошураак кармайт. Кыргыздын малы тууйт, жазында аны менен алек болгондо орозону кармабай да коет. Намазды окубай деле коет.

"Азаттык": Бул шартына байланыштуу элеби же теңирчиликти тутунуп жүргөнү үчүн исламды жакшы тааныбаганбы?

Турсунов: Кыргыз марксизм, ленинизмге да бат керген, бат окуйт. Француз тилин билген кыздарды көрүп алып таң калдым. Кыргыз баласы динге, илимге бат кирет, бат үйрөнөт. Кыргыздын ниетинде теңирчилик бар, шаманизмдин элементтери сакталып калган азыркыга чейин. Мисалы, бир жактан кырсыктап келгенге аман эсен келдиң деп өпкө чабат. Башынан суу тегеретип, түкүр деген да кыргыздын салты.

Маркстын "Көчмөн эл Кудайга караганда малын көбүрөөк ойлойт” деп айтканы бар. Кыргыз "Мал-жан аманбы?" деп учурашып, биринчи малды айтат. Себеби мал жашоонун булагы сыяктуу. Сүтү, эти, териси, кымызы... Ошондуктан кыргыз эли бошураак келет динге. Бирок ошого карабастан азыр түшүнсө, түшүнбөсө да, күргүштөп, кааласа, каалабаса да, кылган иши жок болгондуктан баары ошого кетип жатат.

"Азаттык": Сиз өзүңүз беш убак намаз окуйсузбу?

Турсунов: Мен аны жакшы билем. Бирок колдонбойм. Фанатиктер ошондой эсептейт, убакыттын баарын өлтүрүп. Куранды 14 жылдан бери которуп, быйыл чыгарганы жатам. Бүт түрк тилдерине салыштырып чыктым. Куранды которуп чыккан үчүн эле кечирим алат экен.

"Азаттык": Куранды которбой, беш убак намаз окубай, эрежелерди сактабай эле мусулман болсо болобу?

Турсунов: Ал жагын билбейм. Мен өзүм тойлордо шампан ичкен кишимин. Алар жолотпойт экен. Биздей түшүнүгү бар киши ага фанатикалык түрдө бериле албайт.

"Азаттык": Бүгүнкү коомдогу өнөкөт ооруну айтыңызчы, өнүгүүгө кедерги тийгизип жаткан?

Турсунов: Азыр барган сайын адам адамды сүйбөй бараткан кез. Эң коркунучтуу жери ушул. Башка улутту мындай кой, ошол эле кыргыз кыргызды. Башка улуттар менен байланыш азайды, жоголду. Бир тууган бир тууганына карабай, карылар үйүнө алып барып таштагандар көбөйдү. Кайдыгерлик. Интеллигенция талкаланды. Мыкты адамдар өтүп кетти.

Адам өзү менен өзү болуп калган кез. Телевизорду маңдайына коюп койгон, телефону бар. Этика, бирин-бири сыйлоо, урматтоо жок.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
XS
SM
MD
LG