Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:34

Европанын саясый картасын өзгөрткөн шайлоо


Польшалык коммунисттердин лидери, Мамлекеттик Советтин төрагасы В. Ярузельский (солдо), "Тилектештик" кыймылынын башчысы Л.Валенса (ортодо) жана кыймылдын кеңешчиси Б.Геремек (оңдо) парламенттеги тарыхый кездешүүдө. 4-июнь, 1989-жыл.

Польшалык коммунисттердин лидери, Мамлекеттик Советтин төрагасы В. Ярузельский (солдо), "Тилектештик" кыймылынын башчысы Л.Валенса (ортодо) жана кыймылдын кеңешчиси Б.Геремек (оңдо) парламенттеги тарыхый кездешүүдө. 4-июнь, 1989-жыл.

Чейрек кылым мурда, 1989-жылы 4-июнда Польшанын жаңы тарыхында маанилүү окуя болду. Биринчи эркин шайлоодо “Тилектештик" кыймылы башындагы оппозиция ишенимдүү жеңишке жетип, коммунисттердин жеке бийлиги аягына чыкты.

Коммунисттерди ээрден кулаткан шайлоо

25 жыл мурда өткөн парламенттик шайлоо эркин, бирок толук демократиялуу болгон эмес. Анткени ошо таптагы шайлоо мыйзамы боюнча оппозиция Польша парламентинин төмөнкү палатасы - Сеймдеги орундардын 35 процентинен көбүн жеңе албайт эле. Калган орундар бийликтеги Польшанын бирдиктүү жумушчу партиясы менен ага үзөңгүлөш партияларга, ошондой эле коммунисттер тескеген үч диний жана коомдук уюмга энчиленип коюлган. Ал эми парламенттин жаңы түзүлгөн өйдөңкү палатасы - Сенаттагы 100 орун үчүн эч кандай чектөө коюлган эмес. Шайлоо алдында оппозицияда өз жеңишине ишенич бар беле? Бул суроо менен 1989-жылкы шайлоону “Эркин Европа/Азаттык” радиосу үчүн чагылдырган Андрей Мятковскийге кайрылдым. Азыр Варшава радиосунун интернет-порталынын башкы редактору болуп эмгектенген дасыккан журналист ошондогу элдин маанайын мындайча сүрөттөдү:

- Элдин баары шайлоо демократиялуу өтпөйт, добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир этүү аракети болот деп коркуп жатты. Шайлоонун 2-айлампасы жарыяланганда “Тилектештик" Сенаттагы 100 орундун 99ун, Сеймде “Тилектештик" жана демократиячыл оппозиция үчүн бөлүнгөн 33 процент мандаттын баарын алды. Бул өлкөнү башкарып турган генерал Ярузельскийдин шайлоого оппозицияны катыштырып, бийликти кармап калуу идеясы ишке ашпаганын ачык кылды. Бир нече күндөн кийин “Выборча” гезитинде “Тилектештик" кыймылынын көрүнүктүү идеологу Польшанын премьер-министри, генерал В. Ярузельский жана КПССтин Генеральный секретары Л. Брежнев. Москва, Внуково аэропорту. Март, 1982

Польшанын премьер-министри, генерал В. Ярузельский жана КПССтин Генеральный секретары Л. Брежнев. Москва, Внуково аэропорту. Март, 1982


Адам Михниктин өтө маанилүү макаласы чыкты. Ал “Президент силерден, премьер-министр бизден” деп жазды. Биринчи жолу “Тилектештик" жана оппозиция өлкөнү башкарууга катышуусу жөнүндө идея айтылды. Бул 25 жылдыгын биз бүгүн белгилеп жаткан мааракенин башаты болду.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы коммунисттер үчүн үч уктаса түшкө кирбеген окуя болду. “Тилектештик" башындагы демократтык оппозиция Сеймде аларга бөлүнгөн 161 орундун 160ын, Сенаттагы 100 орундун 92син утту. Ошондо “Бүгүн Польшада коммунизм бүттү,”- дейт атактуу польшалык актриса Иоанна Щепковская. Мезгил актриса жаңылбаганын көрсөттү.

Оппозиция шайлоонун 18-июндагы экинчи турунда Сеймге дагы 1 мандат, Сенатка кошумча 7 мандат алды. Натыйжада Лех Валенса башындагы оппозициячыл кыймыл Сенатты толук контролдоп калды.

“Тилектештиктин” ийгилигинин себеби

Польшадагы коммунисттик бийликтин кулашына алып барган 25 жыл мурдагы шайлоонун мааниси жөнүндө Лондондо чыкчу “The Economist” журналынын Орто жана Чыгыш Европа боюнча кабарчысы Эдвард Лукас мындай оюн айтты:

- Польшадагы парламенттик шайлоодо “Тилектештиктин" жеңишинин Чыгыш Европа өлкөлөрүнө тийгизген таасири эбегейсиз чоң. Мен ал кезде Прагада жашачумун. 1989-жылы Польшада иш таштоолор тынбай болуп, "тегерек стол" сүйлөшүүсү башталды. “Тилектештиктин" жеңиши Берлин дубалы кулагандан да маанилүү. Себеби Советтер Союзунун коммунисттик чынжырына байланган чехословактар, эстондор, латыштар, литвалыктар, украиндер, орустар жана башка улуттарды шыктандырды, дем берди. Коммунисттер эркин жоготту, алардын адам өлтүрүүнү мурдагыдай каалабаганы да маанилүү.

23-июнда “Тилектештиктин" депутаттары жана сенаторлору Жарандардын парламенттик группасын түзөт. Бул 1940-жылдардын аягынан бери коммунисттер жеке бийлеген парламенттеги биринчи жолу ырасмий түрдө уюшкан демократиялуу оппозиция болду. Шайлоо жыйынтыгы маалым болгондон кийин коммунисттердин өлкөнү башкаруусу мүмкүн болбой калды.

19-июлда башкаруучу Польшанын бирдиктүү жумушчу партиясынын мурдагы лидери, 1981-жылы өлкөдө аскерий кырдаал жарыялаган Войцех Ярузельскийди парламент президент кылып шайлайт. Эгер Ярузельский бир гана добуш кем алса, президент шайланбай калмак.

Учкундан жалын тутанганда

“Тилектештик" кыймылынын парламенттик шайлоодогу жеңиши коңшулаш коммунисттик өлкөлөргө кандай таасир этти? Чыгыш Европа изилдөөлөр борборунун директору (Минск), тарых илимдеринин доктору Кирилл Шевченко:
ГДРдин чек арачылары Бранденбург дарбазасынын алдындагы Берлин дубалынын үстүндө тизилип турушат. 11-ноябрь 1989

ГДРдин чек арачылары Бранденбург дарбазасынын алдындагы Берлин дубалынын үстүндө тизилип турушат. 11-ноябрь 1989

- “Тилектештик" кыймылынын жеңиши коңшу өлкөлөргө аябай катуу таасир этти. Анын маанилүү эки жыйынтыгын айтса болот. Биринчиси, “Тилектештиктин" жеңиши ал кездеги социалисттик шериктештиктин ГДР(Германия Демократиялык Республикасы), Чехословакия сыяктуу консервативдүү өлкөлөрүндөгү партиялык жетекчиликке моралдык жактан сокку уруп, шайын оодарды. Бул өлкөлөрдө бийликте Горбачевдун “кайра куруу” саясатын жактырбаган, реформаны каалабаган башы катуу коммунисттер отурган. Экинчиден, “Тилектештиктин" жеңиши аталган өлкөлөрдөгү реформачыл күчтөрдү активдештирди.

“Тилектештик" жеңгенден кийин коммунисттик лагердеги ортодоксалдуу коммунисттик идеологияны бекем туткан ГДР менен Чехословакияда режим алмашуу жараяны башталды. Венгрияда бийликти тынч жол менен реформалоо бир кыйла мурда башталган болчу. Бул процесстер демократиялык күчтөргө бийликти эч кандай социалдык катаклизмасыз алмаштыруусуна алып барды.

Польшадагы демократиячыл оппозициянын ийгилиги, Горбачев СССРде баштаган кайра куруу жараяны берген дем-шыктын таасири астында Кыргызстанда да алгачкы жарандык уюмдар пайда болот. Коммунисттик бийлик менен тең тайлашып, республикада саясый реформа жүргүзүү талабын коюп чыккан Кыргызстан демократиялык кыймылы - КДКны түптөөчүлөрдүн бири Жыпар Жекшеев ошол кубулуштар тууралуу:
Жыпар Жекшеев

Жыпар Жекшеев


- Лех Валенса жетектеген “Тилектештиктин" жеңиши күтүүсүз окуя болду. Себеби Польша социалисттик лагердин курамындагы мамлекет эле. Башкаруучу коммунисттик идеологиядагы партия бийликти колдон чыгарбай бекем кармап келген. 1985-жылы Горбачев СССРде кайра куруу процессин баштагандан кийин Чыгыш Европадагы социалисттик мамлекеттерде демократиялык нуктагы өзгөрүүлөр жүрө баштады. Мунун баары Кыргызстанга да таасир этпей койбоду. 1989-жылы биринчи жолу “Ашар” коому түзүлүп, кийинки жылы Борбор Азияда биринчилерден болуп демократиялык нуктагы оппозициячыл кыймыл түзгөнгө жетиштик. Эгерде Советтер Союзундагы 15 республикада козголуулар болбосо, КДКны түзө албайт элек.

Москванын алсыздыгынын сыры

Польшадагы, деги эле СССР башындагы Варшава аскердик блогуна кирген жети мамлекетте коммунисттик бийликтин тып-тыйпыл болушуна Горбачевдин “боордош өлкөлөрдүн” ички ишине кийлигишпөө саясаты чоң өбөлгө болгон. Бирок британиялык публицист Эдвард Лукас оболу Горбачев тактыга отурганда коммунисттик системаны, анын ичинде СССРди саясый-экономикалык жактан жакшыртууну көздөгөнүн эскертти:

- Албетте, Горбачевдун ролу абдан маанилүү. Бирок биз билгенден Горбачев коммунисттик түзүлүштү өзгөртүп, Советтер Союзун жакшы кылганды каалаган. Ал эми СССРдин камытындагы көпчүлүк элдер коммунисттик системаны кыйратууну, эркин жашоону, адилеттикти каалашкан. Михаил Горбачевдун куралдуу күчтөрдү элге каршы колдонууга даяр эмес экени өтө маанилүү. Ал аскерлерди Тбилисиде, Вильнюста элге каршы колдонгон болчу. Бирок советтик жетекчилик Польшада жана Чехословакияда күч колдонууга даяр эмес болуп чыкты. Бул абдан маанилүү жагдай.

Коммунисттер курган экономиканын жүзү

СССРде 1980-жылдардын аягында товардык, азык-түлүк тартыштыгы күчөп, эл ичинде экономикалык нааразылык өсүп жаткан. Польшанын экономикалык абалы ГДР, Венгрия, Чехословакияга караганда начар болчу. Ал учурдагы Польшадагы абалды Андрей Мятковский мындай сыпаттады:

- Экономикалык, саясый, адам укуктары - баары бир талапка бирикти. Өлкөдөгү экономикалык абал өтө жаман эле. Инфляция 100дөгөн процентке чыгып, акча күн сайын кунун жоготуп жатты. Адамдар “Эркин Европа/Азаттык” радиосунан абал кандай экенин угуп турду. Жанынан бийликке нааразылык айтылган барак же уруксатсыз басылган китеп табылган адамдар камакка алынып жатты.

Көй кашка Валенсанын күчү

Коомдук ишмер Жыпар Жекшеев профсоюздардын кыймылы эсептелген “Тилектештиктин" 1989-жылкы парламенттик шайлоодогу жеңишинде, уюмдун жалпы элдик козголушка айлануусунда анын жумушчулар арасынан чыккан көй кашка лидери Валенсанын ролу чоң деп эсептейт:

- Бул окуя Чыгыш Европа өлкөлөрүндө жаңы шарт, жаңы саясый агым пайда боло баштаганын көрсөттү. “Тилектештик" кыймылын түзгөн жөнөкөй кара жумушчу Лех Валенсанын мамлекетти жетектөөгө жетишкени өзүнчө феномен болуп көрүндү. Мурунку заманда, Союз күчтүү учуруда, Варшава келишими күчүндө турганда мындайды ойлоо да, айтуу да мүмкүн эмес эле. Биз ошол ой-мүдөөлөрдүн жүзөгө ашканын дүйнө жүзүндөгү абдан чоң жаңы өзгөрүштүн башаты катары кабыл алдык. Польшадагы эркиндиктин символу, Нобелдин тынчтык сыйлыгынын лауреаты, экс-президент Л. Валенса (оңдо) коммунисттик Польшанын лидери Я. Ярузельский менен кол алышып турат. Варшавагы оорукана. 24-сентябрь 2013

Польшадагы эркиндиктин символу, Нобелдин тынчтык сыйлыгынын лауреаты, экс-президент Л. Валенса (оңдо) коммунисттик Польшанын лидери Я. Ярузельский менен кол алышып турат. Варшавагы оорукана. 24-сентябрь 2013



Лех Валенса 1990-жылы жалпы элдик шайлоодо Польшанын президенти болуп шайланат. 1980-жылдардын аяк ченинде өлкөдө 38 миллион эл жашаса, “Тилектештик" кыймылынын 10 миллион мүчөсү болгон же ар бир төртүнчү адам коммунисттик режимге каршы тарапта эле. Ал эми коңшулаш Чехословакияда диссиденттик кыймыл бечел болчу, Венгрияда коммунисттик системаны либералдаштыруу үчүн чала-чарпыт саясый-экономикалык реформа жүргүзүп жаткан, дейт Эдвард Лукас.

Генерал Ярузельскийдин орду

Польшадагы коммунисттик бийликтин тынч жол менен алмашуусунда өлкөнү 1981-жылдан тарта жетектеп, 1989-жылы посткоммунисттик Польшанын биринчи президенти болуп шайланган генерал Ярузельский да зор роль ойногон деген пикирде тарыхчы Кирилл Шевченко:

- Менин оюмча, Войцех Ярузельскийдин ролу туура баалана элек. Ал жакында көз жумбадыбы. Анын зыйнатына кунт көз салган адамдар маркумду жайга берүү коомдо карама-каршы реакция жаратканын көрүштү. Мунун өзү Польшада, атүгүл жалпы Чыгыш Европада бул инсанга болгон карама-каршылыктуу мамилени билдирет. Генерал Ярузельский Польшадагы коммунисттик бийликтин тынч алмашуусунда, саясый системаны өзгөртүүдө чоң роль ойноду деп эсептейм. Анын эмгеги бүгүн бааланбай жатат. Бул келечекте сөзсүз болот...

Демократия Польшада эмнеге кечиккен?

Ошентип, 1989-жылдын 4-июнундагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгында Варшава блогунун калканы астындагы социалисттик лагердин СССРден кийинки чоң өлкөсү Польшада коммунисттик бийлик тынч жол менен алмашты. Ноябрда Берлин дубалы кулады да артынан эле бир жылга жетип жетпей Орто жана Чыгыш Европа өлкөлөрүндө коммунисттик бийлик алмашты. Бул жараян, поляк публицисти Мятковскийдин айтымында, 1981-жылы Польшада аскерий абал киргизилбесе алда канча эрте башталмак:
Андрей Мятковский

Андрей Мятковский


-1980-81-жылы “Тилектештик" эми түзүлгөндө өлкөдөгү 10 миллион адамдын “Коммунизм жок” деп айтканы айкын болгон. Андан эки жыл мурда 1978-жылы Рим католик чиркөөсүнүн башчылыгына Иоанн Павел II шайланган. Ал Краков шаарынын кардиналы Кароль Войтыла болчу. Рим Папасы 1979-жылы мекенине биринчи сапары маалда жыйылган эл менен жолукканда адамдар бири биринин жүзүнөн өлкөдөгү кырдаалды, жашоо шартын өзгөртүү тилектери бар экенин көрүштү. Анан “Тилектештик" жаралды. 1981-жылы 13-декабрда Польшада аскерий абалдын киргизилиши демократиялык өзгөрүүлөрдүн башталышын создуктурду. Ал кезде бийлик кризиси байкалып калган. Бирок бийлик кыйроо келчү убакытты кечеңдете алды.

Саясый эволюцияга жол

25 жыл мурдагы шайлоонун үзүрү менен Польша 1945-жылкы Ялта конференциясында Экинчи дүйнөлүк согуштун жеңүүчүлөрү АКШ, Британия, СССРдин лидерлери: Рузвельт, Черчилль, Сталин ортосундагы макулдашуунун натыйжасында өлкөгө Москва таңуулаган коммунисттик башкаруудан биротоло кутулду.

Бүгүн Польшанын саясый-экономикалык жана сот системасы Батыш Европанын мыкты үлгүсүндө түзүлгөн. 2013-жылы жан башына өндүрүлгөн ички дүң жыйым 13 394 долларга чыкса, чыгыш коңшусу Украинада 3 919 доллар болду. Өлкө күнкорсуздук алгандан кийинки 13 жыл бою мурдагы коммунисттер башкарган Украина эки революцияны баштан кечирди. Крымды Орусия аннексиялап алды. Москва колдогон козголоңчулар өлкө чыгышында тополоң салууда.
XS
SM
MD
LG