Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:47

Көп аял алуу эркектин жүрөгүнө зыян


Сауд Арабиянын окумуштуулары көп аял алган эркектерде жүрөк оорусуна чалдыгуу коркунучу төрт эсеге жогору болорун аныкташты. Бир нече аялды багуу жана башкаруудагы эмоционалдык олку-солкулар жүрөк саламаттыгына таасир этеби?

Сауд Арабиясындагы Падыша Файсал атындагы атайын клиникалык ооруканасынын окумуштуулары көп аял алуу эркектердин жүрөк оорусуна чалдыгуу коркунучун төрт эсеге арттырат деген тыянак чыгарды.

Изилдөөнүн авторлорунун бири, кардиолог-доктур Амин Дола үйлөнгөн аялдарынын саны канчалык көбөйгөн сайын эркек кишинин кан тамырлары ошончолук тез бүтөлүп, коронардык жүрөк оорусуна чалдыгуу коркунучу тездик менен артат деген пикирде. Көп аял алуунун айынан эркектер эмоционалдык жактан да улам жабыркай берип, жүрөгү тез чарчарын Азия Тынч Океан кардиологдор бирикмеси да белгилейт.

Жогорудагы илимий тажрыйбага Сауд Арабиясы менен Бириккен Араб Эмирлигинен 687 эркек катышкан. Алардын 68 проценти бир аялдуу, 19 проценти эки, 10 проценти үч жана 3 проценти үчтөн көп аялдуулар болгон. Изилдөөгө тартылган эркектердин жашы 60ка чыга электер болгон. Беш ооруканада аларды доктурлар ар кандай медициналык кароодон өткөргөн. Бир нече зайыбы бар кишилердин жарымынан көбүнүн кан басымы жогору болуп, жүрөк оорусунун ар кандай белгилери байкалган.

Башкача айтканда, бир аялдуу эркектерге салыштырмалуу үч-төрттөн жубайы бар арабдардын арасында жүрөк оорусуна чалдыккандар 4,6 эсе жана артериялык кан басым дартынан жабыркагандар 2,6 эсеге жогору экени аныкталган.

Ислам дини боюнча эгерде бир киши бир нече аялга бирдей камкордук көрүп, алардан төрөлгөн балдарды да бирдей камсыздай алса гана көп никелүү турмуш курса болот деп айтылат.

Кыргызстанда көп аялдуулук мыйзам тарабынан тыюу салынганы менен, коомдо азыр көп кездешкен көрүнүшкө айланды. Кыргыз кардиологдорунун азырынча жогорудагы изилдөөдөн кабары бар-жогу белгисиз. Бирок алар көп аялдуулуктун жүрөккө таасири деле жок деп эсептешет. Маселен, Улуттук кардиология жана терапия борборунун директорунун илимий иштер боюнча орун басары, профессор Эрнест Жишамбаев тубаса кемтиги болбосо, эркектин жүрөгү полигамиядан оорубайт деген пикирде:

- Эми эгерде эркектин жүрөк же кан тамырында кандайдыр бир кемтик болсо, анда полигамия терс таасир этиши мүмкүн. Адам бат чарчап, жүрөк да ооруйт. Бирок кемтиги жок, жүрөгү таза кишилерде көп аялдуулук оору жаратат дегенге кошулбайм. Жеке менин көз карашым боюнча, полигамия эркектин жүрөгүнө оор таасир этпейт.

Эркекке эмес, аялга оорбу?

Үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгери Анара Темирова болсо полигамиялык үй-бүлөдөн эркек эмес, аял көбүрөөк саламаттыгынан ажырашы ыктымал экенин айтат:

- Эркектер жыргап эле жүрө беришсе керек. Мисалы, биринчи аялы менен стресс болуп, уруша кетсе, экинчи аялына барса, тамагы даяр, көңүлү ачылат. Ал эми аялдар болсо күтүп, сарсанаа болуп, кызганып жатып, эмоционалдык жактан да жабыркашат. Менимче, көп аял алуудан эркектер эмес, аялдар көбүрөөк жабыркаса керек. Аялдардын саламаттыгы бузулат.

Үй-бүлөдөгү чыр-чатактан улам кишиде пайда болгон стресс жана депрессиялык абал сөзсүз түрдө кан басым менен жүрөктүн саламаттыгын бузбай койбосун Европа кардиологдор коомунун президенти Мишел Комажа да белгилейт. Ал да кыргыз доктуру Анара Темировадай полигамиянын аял саламаттыгына терс таасир тийгизерине кошулат.

Адилеттүү боло албагандар ооруйт...

Куранда көп аял алууга уруксат берилгени менен, эгерде аларга адилет мамиле кылып, баарын камсыз кыла албаса киши стресске учурап, саламаттыгы жабыркашы мүмкүн. “Дин, укук жана саясат” аналитикалык борборунун өкүлү, дин таануучу Данияр Мурадилов ушундай пикирде:

- Куранда көп аял алууга уруксат. Уруксат деген бул милдеттүү түрдө деген эмес да. Ошол берилген уруксаттын эмне үчүн милдеттүү түрдө эмес экенин ошол эле Курандын аятынан түшүнсө болот да. Ар бир алган аялга эркек киши адилет мамиле жасашы керек. Материалдык жактан да, моралдык жактан да адилеттүү болушу керек. Эми адилет мамиле жасоо баарынын эле колунан келе бербейт да. Ушундан улам адилет боло албай калдым, күнөөгө баттым деп кыйналып, киши стресс болуп жүрөгү оорушу ыктымал. Бул 100 пайыз ушундан улам болду деп эч ким айта албайт да. Бирок болушу мүмкүн.

Жыл сайын дүйнөдө 38 миллион киши жүрөк, кан басымы оорулары жана инсульттан көз жумат. Алардын жарымынан көбү же 28 миллиону жакыр өлкөлөрдүн атуулдары. Ушулардын ичинен жүрөк кемтиги жана талмасынан жылына 17 жарым миллион киши өлөт.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жүрөк ооруларынын себептерине алкоголь, чылым тартуу, кыймылсыз жашоо, туура эмес азыктануу жана оор социалдык-экономикалык абалды кошуп келген. Эми окумуштуулар эркектердин арасындагы жүрөк ооруларына себеп болгон факторлордун бири катары көп аял алууну аташууда.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG