Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:54

АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керринин 31-октябрда Кыргызстанга жасаган сапарынан кийин эки өлкөнүн мамилеси кайсы багытта өнүгүүгө түрткү алат? Ушул жана башка суроолорго коомдук ишмер, саясатчы Равшан Жээнбеков жооп берди.

"Азаттык": Жон Керринин сапарынан кийин кыргыз-америка мамилелеринин жаңы барагы ачылабы деген суроо пайда болду. “Манастагы” америкалык транзиттик борбордун чыгарылышы, андан кийин июнь окуясы үчүн айыпталып, өмүр бою соттолгон Азимжан Аскаровго АКШ Мамлекеттик департаментинин сыйлыгынын ыйгарылышы – эки өлкөнүн мамилесин төмөндөтүп жиберген эле. Кечээги жолугушууда Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев да эки мамлекеттин кызматташуусунун жаңы моделин ачабыз деп жатат. Бул жаңы модел, жаңы барак кандай болушу мүмкүн?

Президент Алмазбек Атамбаев менен АКШ мамкатчысы Жон Керри. Бишкек. 31-октябрь

Президент Алмазбек Атамбаев менен АКШ мамкатчысы Жон Керри. Бишкек. 31-октябрь

Жээнбеков: Биз акыркы убакта, өзгөчө АКШ башында турган Батыш мамлекеттери менен эки тараптуу, көп тараптуу мамилелерибизди бир топ суутуп алдык. АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керринин Кыргызстанга келиши – Кыргызстан “Манастагы” базаны жапса да, эки тараптуу кызматташтык боюнча өкмөттөр ортосундагы келишимди жокко чыгарса да, макул, биз биринчи кадам таштайлы деген ишаара, кадам болуп жатат. Биздин мамилебиз кандайча өзгөрөт? Бул нерсе эми АКШ кадам таштагандан кийин биздин өзүбүзгө байланыштуу болот. Биз мурдагы нерселерди унутуп, кадам таштай алабызбы? Эки жакка кылчактабастан, өз улуттук кызыкчылыгыбыздын негизинде, АКШ, Батыш мамлекеттери менен мамиле күтө алабызбы, жокпу, бул эми өзүбүздөн көз каранды.

"Азаттык": Жон Керри АКШны же Орусияны тандаш керек деген саясат болбош керек дегендей айтты сөзүндө. Эми Москва бизге стратегиялык өнөктөш болуп турган кезде жана ошол өнөктөшүбүз АКШ менен көп маселелер боюнча келише албай турган учурда өз алдынча саясат жүргүзүү канчалык мүмкүн?

Жээнбеков: Эгер биздин ушул таптагы реалдуу саясатыбызды эске алсак, бул бир топ оор. Анткени биз азыркы учурда Кремлге аябагандай көз каранды болгон саясат жүргүзүп жатабыз. Бул биздин улуттук кызыкчылыгыбызга туура келбеген саясат. Мен ойлойм, эртеби, кечпи, биз бул саясаттан кетебиз. Себеби тышкы саясатта эч убакта дос болбойт, тышкы саясатта улуттук, мамлекеттик кызыкчылыктар гана болот. Эгерде биздин улуттук кызыкчылык кайсы гана мамлекет менен болсун кызматташууга түртө турган болсо, анда биз ошол АКШ, Батыш, Жапония, Кытай болобу, баары менен жакшы, достук, кызматташтык мамиле түзүүгө милдеттүүбүз.

"Азаттык": 1-ноябрда Самарканда "АКШ+Борбор Азия" форматындагы биринчи диалог, жолугушуу болду. Жон Керри жана беш өлкөнүн тышкы иштер министрлери катышкан бул жыйында коопсуздук маселеси көңүл борборунда болгону айтылып жатат. Андан башка да бир топ орчундуу маселелер талкууланыптыр. Биздин региондо өзгөчө суу-энергетикалык жана чек ара боюнча көп оор маселелер бар. Жогорудагы формат ушул маселелерди чечүүгө канчалык жардам берет. Дегеле, АКШ буларды чечүүдө канчалык салымын кошо алат?

АКШ мамкатчысы Жон Керри жана Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери. 1-ноябрь, Самарканд, Өзбекстан

АКШ мамкатчысы Жон Керри жана Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери. 1-ноябрь, Самарканд, Өзбекстан

Жээнбеков: Борбор Азия дүйнөдөгү чоң мамлекеттерди кызыктырган региондордун бири болуп эсептелет. Борбор Азияда чыр-чатактар чыгып кетүү тобокелчилиги да аябагандай жогору. Муну атайын кызматтар, журналисттер, анализ жасаган уюмдар - баары акыркы кезде айта баштады. Өзгөчө Сирия, Ирак жана Ооганстандагы окуялардан кийин ал коркунучтардын Борбор Азияга өтүүсү аябагандай жогору. Ошондуктан бул коопсуздук маселесин чечүүдө АКШ, Батыш жана башка көрүнүктүү мамлекеттер менен кызматташуубуз өтө маанилүү болуп эсептелет. Бул маселелерди чечүүдө Американын ролу абдан жогору экенин биз танбашыбыз керек. Мен адис, саясатчы катары айтсам, эгер кандайдыр бир кыйын абал боло турган болсо, алар бизге жардам берерине толук көзүм жетет.

"Азаттык": Суу-энергетикалык маселесин чечүүгө канчалык жардам бере алат.

Жээнбеков: Тилекке каршы, акыркы жыйырма жылда суу-энергетикалык маселеси аябагандай оор болуп калды. Биздин жакынкы коңшуларыбыз бул маселени чечүүгө бизге жардам бербей жатат. Тескерисинче, алардын аралашуусу бул маселени барган сайын оорлотууда. Ошондуктан, суу-энергетика маселесин биз сөзсүз түрдө БУУнун, Батыш мамлекеттеринин, өзгөчө АКШнын ортомчулугу астында чечүүгө аргасыз болобуз.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG