Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:55

Мас болуп атышкан МАИ кызматкерлери


Сүрөттөгү адамдардын окуяга тийешеси жок
Сүрөттөгү адамдардын окуяга тийешеси жок

Ички иштер министрлиги мас абалында бири-бирин кызматтык куралдан аткан Жол кайгуул кызматкерлеринин жаңжалы боюнча иликтөөнү баштады. Ал боюнча премьер-министр Темир Сариев да чукул жыйын өткөрдү.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, окуя 16-майдын түнү болгон. Чүй облустук Жол кайгуул кызматынын эки кызматкери жумуштан соң чырлаша кетип, бири экинчисин кызматтык тапанча менен атып жиберген. Октон жабыркаган кызматкер белинен жаракат алып, ооруканага түштү. Учурда анын абалы орто экени айтылууда. Чатак учурунда кызматкерлердин бири мас абалында болгонун, чырдын себеби учурда такталып жатканын Жол кайгуул кызматынын маалымат катчысы Тилек Оторов “Азаттыкка” билдирди:

- Учурда бул окуя боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Так маалымат иликтөө жыйынтыгы менен белгилүү болот. Ал эми азыр аталган чыр мыйзам бузган айдоочулар боюнча талаштан улам чыккан деген версия каралууда. Ал эми спирт ичимдиги боюнча айтсак, курал колдонгон эмес, ок жеген кызматкер мас абалында болгону аныкталды.

Оторов кошумчалагандай, жаңжалга катышкан МАИ кызматкерлери жумуштан убактылуу четтетилди. Иликтөө жыйынтыгы менен башка тийиштүү кызматкерлер да жоопкерчиликке тартылмакчы.

Окуя болгон күндүн эртеси өкмөт башчы Темир Сариев чукул жыйын куруп, күч органдарынын өздүк курамдарында тартип начарлап кеткендигин сынга алды. Премьер-министр окуя тыкыр иликтенип, мындайга жол берген үчүн бир катар жетекчилерди жоопкерчиликке тартууну тапшырганын өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Чолпон Сулайманова “Азаттыкка” билдирди:

- Премьер-министр жетекчилердин ээлеген кызматтары боюнча маселени кароону тапшырды. Буга алардын кол алдындагы кызматкерлеринин тийиштүү кызмат өтөшүн камсыздай албаганы себеп болду. Мындан тышкары, Чүй облусунун ИИББ, Жол кайгуул кызматынын жетекчилиги жана министрдин тармактык көзөмөлдөөчү орун басары тартиптик жазага тартылышы кажет экенин билдирди.

Бул окуя милиция кызматкерлеринин мас абалында мыйзам бузуп, курал колдонгон алгачкы фактысы эмес. Ички иштер органдарын реформалоо боюнча демилге көтөрүп келе жаткан “Реформа жана жыйынтык үчүн” жарандык альянсынын мүчөсү Урмат Казакбаевдин айтымында, мындай окуялар ансыз деле кадыры төмөн милицияга ишенимди азайтууда:

- Биз, жарандар милиция кызматкерлерине өз коопсуздугубузду коргойт деп курал берип, ишеним көрсөтөбүз. Алар биздин коопсуздукту сактамай тургай, бири-бирине мылтык кезеп, мас абалында атышып жатканын эч кандай түшүндүрмө менен актоого болбойт. Ансыз деле учурда милицияга ишеним өтө төмөн. Аны көтөрүүнүн ордуна кайра ушундай кадамга барышканын кантип түшүндүрүү керек, билбейм. Ошондуктан, бул окуядан жетекчилер тиешелүү жыйынтык чыгарбаса, аягы жаман болот.

Кыргызстанда ички иштер органдарын реформалоо урааны беш жылдан бери тынбай көтөрүлүп келет. Өкмөт бул жаатта бир катар иштер жүрүп жатканын байма-бай айтса, жарандык коом андан эч кандай жыйынтык чыкпаганын сындап келишет. ИИМдеги реформанын алкагында былтыр Жол кайгуул кызматкерлери жапырт аттестациядан өткөрүлгөн эле. Аттестациялык комиссиянын мүчөсү, “Биздин укук” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Калийча Умуралиева аталган сынак учурунда мыйзамсыз иштерге жол берилгенин айтууда:

- Бул окуя аттестация тиешелүү жыйынтыкты алып келбей, кызматкерлерди тандоодо кемчиликтердин кеткенинин белгиси. Анын жүрүшүндө бир катар мыйзам бузууларга жол берилген. Кызмат учурунда табелдик курал колдонгон учурлар абдан көп. Мунун баары бул тармактагы туура эмес кадрдык саясаттын жыйынтыгы.

Кыргызстанда Жол кайгуул кызматы паракорчулук эң терең тамыр жайган орган катары эсептелет. Буга чейин өлкөнүн Коргоо кеңеши Жол кайгуул кызматындагы коррупцияга каршы күрөштү абдан начар деп баалаган эле.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG